Чаткал районунда чек ара маселеси ойлондурчу деңгээлде. Райондун акими Акматбек Таласбай уулунун маалыматы боюнча, Өзбекстандын чек арасы Кыргызстан тарапка карай 300 метрче жылып, ал жакта белгилер орнотулган. Алар өтүп кеткен аймакта корук жана кызыл китепке киргизилген жаныбарлар бар.
«Өзбек туугандар бизди чек арасына жакын жолотпойт. Август айында корукта жүргөн бал челекчи С.Ашировду кармап кетип, 4 жылга эркинен ажыратышты»,- дейт Акматбек Таласбай уулу. Анын айтымында, 2005-жылы ушундай өңүт менен кирип келген өзбек тарапты атайын комиссиянын кийлигишүүсүндө кайра артка жылдырышкан экен.