КҮЛКҮГӨ КАРК КЫЛГАН «ТАМАШОУЧУЛАР»

«Тамашоу» Лигасына Жа­лал-Абад облусунун намысын коргоп, «Жалал-Абад» курама командасы барып катышып келгенинен кабарыңар бар чыгар... 11-октябрь күнү «Жалал-Абад» командасы «Тамашоунун» 2-сезонунун ачылышын белгиледи. Бул Лиганы Абдыманап Дыйканов уюштуруп, ага жалпысынан 19 команда катышты. Облустун бардык бурчунан келген командалар ат салышуу менен бирге элге жагымдуу маанай тартуулашты.
7 адамдан турган калыстар тобу кеңешип, 19 команданын ичинен Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунун атынан чыккан «Экөөбүз» командасын жеңүүчү деп тапты. Ал эми «Мыкты тамаша» наамына Токтогул районунан келген «No problem», Кочкор-Ата шаарынан келген «7 KG» командалары ээ болушту. «Мыкты оюнчу» наамына Жалал-Абад облустук медициналык колледжинин намысын коргогон «ЖАК» командасынын оюнчусу Жыпар Садыкова жана «SBK» командасынан Эрмек Абдыкерим уулу ээ болду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланып, калыстык милдетти аркалоого чакырылган «Супер-Инфонун» Жалал-Абаддагы бөлүмү да өз тандоосун жасап, жеңүүчүлөргө белектерин берип кайтты.
Эскерте кетсек, «Жалал-Абад» курама командасы «Тамашоунун» 5-сезонунун ачылышына чакырылган эле. «Каражаттын тартыштыгынан улам команда ал оюнга катыша албай калды»,- деп кейийт команданын капитаны Абдыманап Дыйканов.

Гулжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Oimo
2012-10-22 11:51:42
САхнасы жакшыго +10
0
Mondur
2012-10-22 14:59:41
Oimo, Барпы драма театры да ал жер.. Шаардагы дээрлик бардык чоң масштабдагы маданий иш-чаралар ушул жерде өткөрүлөт.
0
nikulya
2012-10-22 14:38:29
азаматсын Абдыманап,чон-чон ийгиликтерди каалайм
0
ainura220888
2012-10-23 04:43:41
Алгаааа менин суйуктуу Жалалабадым!
0
skatoruk
2012-10-23 09:58:59
Чон чон ийгилик силерге!
0
Alisher_1984
2012-10-23 15:28:34
Жалал-Абад жаштардын шаары !!!
0
Attokurov
2012-10-24 20:11:42
УЭПтен комонда барбыкен
0
sultan.kg
2012-10-25 15:16:11
Ушул "Тамашоуну" Эрмек Нурбаев агабыз жакшы алып чыкты Азамат! Болбосо мынчалык кулку жаралбайт эле! Алга "Тамашоууу"
0
KG_BOI_KG
2012-10-28 16:39:07
Мен көруп келдим KG 77 командасы жакшы ойун корсотуп берди
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан