12-октябрь күнү экс-президенттин уулу Максим Бакиев Лондондо кармалып, ошол эле күнү күрөө менен камактан чыкты. Ал АКШнын өтүнүчү менен ири финансылык көз боёмочулук боюнча айыпталып кармалган. Болгондо да 7-апрелге чейинки иштери боюнча эмес, андан кийинки эки жыл аралыгындагы махинациялары үчүн. Аны АКШга экстрадициялоо маселеси 7-декабрда каралат.
АКШнын ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Кыргызстандын АКШ менен да, Британия менен да экстрадициялоо боюнча эки тараптуу келишими жок. Андыктан кармалган күндөн тартып эле Максим Бакиевди
Америка Кошмо Штаттарына өткөрүп берүү маселеси каралып, ошол эле күнү Вашингтон өткөрүп берүү өтүнүчүн Британияга жолдогону белгилүү болду.
«Бизде түз экстрадициялоо боюнча аталган эки өлкө менен келишим жок. Бирок паракорчулукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенциялар бар. Ага АКШ да кирген. Эгерде Британиянын соту Бакиевди Америкага экстрадицияласа, ошол конвенциялардын негизинде же болбосо эки өлкөнүн принциптерине туура келген өз ара мамилелери аркылуу Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси каралса болот»,- дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сейитжан Апышев.
Бирок Британияда саясий куугунтук боюнча баш паанек алган башка өлкөнүн жарандарын кайтарып берүү дээрлик жокко эсе. Мисалы, Орусиянын миллиардер Борис Березовскийди канча жылдан бери Британиядан кайтарып алуу аракетинен майнап чыкпай келет.
Максим Бакиевдин Кыргызстанга алынып келүүсүнөн күмөн санагандар көп. Серепчилер АКШ аны Кыргызстандагы транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу үчүн соодалашарын божомолдошууда. Экс-президенттин уулу так ушул учурда кармалышы да бекеринен эмес. Анткени 2014-жылы АКШнын транзиттик борборунун Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү аяктайт. Президент Алмазбек Атамбаев базаны чыгарып же жарандык борборго айлантуу ниетин билдирген.
БЕРИЛЕ ТУРГАН ЖАЗА
Эгер Максим Бакиев АКШда соттоло турган болсо, кеминде 15 жылга эркинен ажыратылары айтылууда. Бул мамлекетте каржы көз боёмочулугуна катуу жаза берилет. Кыргызстандын койгон айыптары оор, бирок экс-президенттин уулу акталып кетиши мүмкүн. Себеби жергиликтүү кылмыш иликтөө, тергөө органдары алсыз, ишеним аз. Экинчиден, Кыргызстанда сот системине ишеним төмөн.
АЛДЫДАГЫ КАРМАШ
Лондондун полициясы Максим Бакиевди үй камагына бошотту. Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда, үй камагы үчүн мурдагы президенттин баласы
250 миң фунт стерлинг, биздин валюта менен 19 миллион сомдун тегерегиндеги суммада күрөө калтырган. 7-декабрда сот Максим Бакиевди Америкага өткөрүп берүү маселесин карайт. Аны Англиядагы ири юридикалык «PetersandPeters» компаниясы коргомокчу болуп ишке киришти. Учурда тиешелүү документтер даярдалып жаткандыгын компаниянын өкүлдөрү билдиришти.
ЭКСТРАДИЦИЯ КАНДАЙ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?
Экстрадиция – кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун формасы. Ага ылайык, айып тагылган адамдын күнөөсүн сотто териштирүү үчүн же күнөөсү далилденип, сот жообуна тартууга бир мамлекеттен экинчисине өткөрүлүп берилет.