ШИРИН АЙТМАТОВАНЫ КИМ СОТКО БЕРЕТ?

Депутаттар Дамира Ниязалиева менен Ширин Айтматованын ортосундагы жаңжал кайрадан жанданды. Социал-демократ Ниязалиева 17-октябрда билдиргендей, «Фарм Трейд» ишканасы «ата мекенчи» Айтматованы сотко бермек болууда.
Буга чейин Ширин Айтматова «Ниязалиеваны ЖКнын Социалдык саясат комитетинин башчылыгынан түшүрүү керек» деген билдирүүсү менен чыккан. Ал Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаева жетектеген «Фарм Трейд» ишканасынан мамлекеттик медициналык мекемелер акыркы эки айда эле
9 миллион сомдон ашык дары-дармек сатып алганын маалымдаган.
Дамира Ниязалиева: «Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерип, тактады. Тендерлер калыс өткөрүлгөн. Аталган ишкана медициналык мекемелерге сатылган товардын 3,5 пайызын гана ээлейт. Комитеттин жетекчиси катары ишкананын кызыкчылыгын коргогонум боюнча маалымат калп»,- деди.
Бирок депутат айым ишкананын кызына тиешелүү экендиги боюнча маалыматты моюндаган да, төгүндөгөн да жок. Эми Ниязалиева комитет төрайымдыгын тапшырып береби же Айтматованын сөзүн калп деп далилдеп берер бекен?

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Talantchyngyz
2012-10-22 10:27:58
что то ширин Айтматова мага жакпай жатат
-1
amir9100
2012-10-26 16:24:17
Депутаттар бири биринин аркасын чукугандан тажабайт экенда. Кыргыздар бириб бирибизди коралбайбыз кандай окунучтуу
0
mormelad88
2012-10-22 14:16:29
коп нерсени билет окшойт эээ ширин десе
0
kuntai
2012-10-22 20:29:58
tyyra niazalievanun kyzy daary darmekteri satyy biuyn4a firmasyn jetekteit, a tigil Niazalieva ozy MInistrd zdravoohraneni9 bolup jurnody bele koro4e ozynyn tovaryn tolkaet da
+2
eka555
2012-10-23 11:23:48
уландысын кутобуз, чындык ким тарапта.........
0
mormelad88
2012-10-23 12:57:53
Дамира айым жаман жаман sexy ээээ
0
jaz
2012-10-23 14:23:25
Shirin ech kachan byroony karalap jamandagan jan emes,al chyndykty jana myndai korynywtordy azaityp jok kilyynyn areketin kilip jatat.Jakwy oilonyp soz arkilyy chechywsyn.
Damira ozynyn ywynen paidalanip jatkanin kim bilet.Balkim.AITYW KYIYN CHYNDYKTY JARIALAP KOIYNYZDAR SUPER INFO KYTOBYZ
+2
ainura220888
2012-10-23 15:35:36
Айдан ачык корунуп турбайбы озу минздравты ченгелдеп турса анан кимдин дарылары сатылыш керек. Ширин алга Кыргызстан сени менен!
+3
star_kg
2012-10-23 18:18:16
Ширин Айтаматова азамат бетке айтып чыкканы менен тан калдырды
+1
milli
2012-10-24 02:29:59
Schirin Chyngyzovna jon ele suyloy berbeyt, korgonun jashyrbay ele betke aytat. Jon chykkan soz emes, demek bir nerse bilet. Chyndyk gana jenet jana Shirindi koldoy turgan adamdar kooop chygat dep ishenem.
+3
sultan.kg
2012-10-24 23:22:05
Деги саятчылар, же болбосо эл башчылары эмне эле болуп баратат бирин бири жутуп жиберейин деп эле турат окшойт!!
0
25nurlan
2012-10-25 10:01:42
Oozu murdu kyiwyk bolso da baidyn kyzy suilosun bolgon turbaiby. Ata Meken alga korrupsiany uwintip joiso bolot
0
Zverchik
2012-10-25 15:06:59
Бирине коп бирине аз Бирин мас бирин таз бирине бирин кас!
0
Aikulina
2012-10-26 16:32:13
Уффф, качанкыга чейин коррупцияга батыыыыып коюп жүрө беребиз. Мейли, Динара дарысын сатса сатсын, бирок башка жерге өтпөй калыптырбы?! Ширин Чынгызовна, эч кимден коркпой ушундай иштерди ачыкка чыгарганды уланта бериңиз!
+1
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан