16-октябрда сотторду тандоо Кеңешинин мүчөлөрү Конституциялык палатага 3-турда талапкерлерге добуш беришти. 25инин ичинен 5өө гана электен өтүп, жыйырмасы кулады. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кулагандардын катарында. Ага добуш берүүдө кеңештин 10 мүчөсү колдоп, 9у каршы чыккан. Ал эми Конституциялык палатага өтүү үчүн кеминде 13 добуш алуу керек эле.
Азимбек мырзанын сот системине аралаша албай калганын жарандык коомдун өкүлдөрү кубануу менен кабыл алышты. Саясатчы Конституциялык палатага арыз бергенде бир катар укук коргоочулар каршы пикир айтып чыгышкан эле, «Бекназаров сот болгон эмес, ал – саясатчы» деген кинени карманып.
«Бекназаров үчүнчү турдан өтүп калса, анын аты эле бардык сот системинин атмосферасына терс таасирин тийгизмек»,- деп жактоочу Нурбек Токтакунов мүнөздөмө берди.
Жогорку кызматка өтпөй каларын күн мурун сездиби, айтор, Азимбек мырза добуш берилген күнү Жалал-Абаддагы митингге кетип калган. Андан бери судьялыкка өтпөй калганы туурасында билдирүү жасай элек.