Камактагы депутат Камчыбек Ташиев 17-октябрда, Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин ачкачылык акциясын баштады. Анткени Бишкек шаардык соту камактагы депутаттардын баш коргоо чарасы боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов депутаттын суу ичүүдөн да баш тартып жатканын айтты:
– Ташиевдин ачкачылыгы жөн эле көргөзмө үчүн утурумдук жасалган, бүгүн баштап, эртең токтото койчу иш эмес. Ал муну баса белгилеп айтып, «аягына чейин турам, өлсөм да токтотпойм» деп жатат.
Ушул эле күнү Ташиев президентке кайрылуу жазып, ал 3-октябрдагы окуяга өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, өлкө башчыга бул боюнча туура эмес маалымат жетип жатат деп айтканын депутаттын жактоочусу кошумчалады.
«Ата Журт» фракциясынын камактагы үч депутатын бошотуу талабы менен митингдер уланууда. 16-октябрда Жалал-Абад шаарында митинг өтүп, бул жолку өзгөчөлүгү ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибеков баштап, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров, эки революциянын «бульдозери» атыккан Азимбек Бекназаров жана облустун экс-губернатору Бекболот Талгарбековдун катышкандыгы болду.
«Үч депутатты тезинен бошотуу, «Кумтөр» маселесин элге пайда алып келе тургандай чечүү жана 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу. Эгер бийлик талаптарыбызды аткарбаса, анда нааразычылык өнөктүктөрүн токтотпойбуз»,- дейт үч депутатты коргоо комитетинин төрагасы Рашид Сулайманов. Ачкачылык жарыялагандар менен вице-премьер Камила Талиева да жолугушту.
Митингдер 17-октябрда да уланып, Жалал-Абадда 200дөн ашуун адам борборду карай жөө жүрүш жасаарын билдиришти.
Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, митингде эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.