МЕККЕДЕ ЗЫЯРАТЧЫ КАЗА ТАПТЫ...

  • Бишкекте 7 жашар кызды зордуктап кармалган 36 жаштагы Акбаржан Масимов 20 жылга эркинен ажыратылды.
  • 17-октябрда 21 миң сом пара алып жаткан жеринен Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу кармалды.
  • Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 40 адам Кыргызстандын жарандыгын алышты. Алардын көбү түрдүү өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар. 
  • Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 13-октябрда мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жана анын орун басары Алмасбек Иманалиев кармалып, Мүлк министри 2 айга камакка алынды.
  • Былтыркы жылга караганда 2012-жылы ЖОЖдорго абитуриенттер 30 пайызга аз тапшырышты. Бул жалпы республикалык тесттин сөзсүз түрдө киргизилгендигине байланыштуу. 
  • 18-октябрда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов кармалды. Ага 171-берене (мамлекеттин карамагындагы мүлктү өздөштүрүү жана жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
  • Ош шаарында 17-октябрь күнү Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленип, көргөзмөгө 44 сүрөт коюлду.
  • Курман айт быйыл 26-октябрда белгиленет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
  • Өзбекстандын күч органдары тарабынан издөөдө жүргөн «Түркистан Ислам кыймылынын» активдүү мүчөсү КРнын УКМКсы тарабынан колго түшүрүлдү.
  • Орусия Кыргызстанга кийинки жылы салыксыз 1 миллион 150 миң тонна күйүүчү май берет.
  • Меккеде зыяратта жүргөн Баткен облусунун тургуну каза болуп, туугандарынын уруксаты менен Мединада жерге берилди.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
balia
2012-10-22 17:56:16
Ай кандай бактылуу адам меккеде каза болду аллам зыяратыны кабыл кылган болсун бейишке кирсин ылайым!
0
Rostov-on-Don
2012-10-23 20:47:03
21 миң сом пара алып жаткан жеринен Кыргыз улуттук университетинин окутуучусунун аты жону жок бекен?
0
sultan.kg
2012-10-24 23:24:39
balia эмнеге ал бактылуу адам? Адам меккеде өлсө эле бактылуу болобу?
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан