Өткөн саныбызда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Сейдахмат Исмаиловдун сабалганын жазганбыз. Чиновниктин ур-токмокко алынышынын себеби тууралуу ар кандай версиялар айтылып, бирок өзү менен байланышууга мүмкүн болгон эмес. Учурда Сейдахмат мырза президенттин алдындагы атайын бейтапканада жатат. Абалы бир аз жакшырып, маек куруп берди.
– Сейдахмат мырза, ошол күнү сиз үйүңүзгө түнкү саат 12лер чамасында келиптирсиз, дайыма кеч кайтасызбы?
– Мен үйүмдө жалгыз жашайм. Көп учурда кеч келем. Ошол күнү дагы жумуштарым боюнча бир иш-чарага катышып, үйгө түндө кайткам. Унаамдан түшүп, саатымды караганда түнкү 00:20 эле. Үйдү карай басканымда эки чымыр денелүү бала ур-тепкиге алып жатып калышты. Тепкиден сол колумдун эки манжасы сыныптыр, бул жерден дарыгерлер башымдан жаракат алганымды да аныкташты.
– Эмне үчүн сабап кетишти деп ойлоп жатасыз?
– Бишкек шаардык Кеңеште депутат болгом. Ал жерде эч кандай деле душмандарым жок болчу. Депутат болгонго чейин бизнес менен алектендим, ишкерлер ар дайым өзүнүн каражатына, күчүнө жараша иш кылышат. Мен деле ошолордун катарында, эч кимден карыз, банктардан насыя алган эмесмин. Андыктан бизнесиме эч кандай байланышы жок деп ишенимдүү айта алам. Албетте, сабалгандыгымды жумушума байланыштырдым, анткени Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борборун ачууга каршы чыккандар көп болчу. Мен башынан эле айтып келем, Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин паспорт даярдоодо кайсы бир жеке компаниянын көзүн карап отурбашы керек. Ушул позициям көптөрүнө жакпаган окшойт. Колунан кармап албаган соң ууру деп болбойт. Аларды көрүп же таанып калсам дароо айтып, укук коргоо органдарына кабарлайт элем.
– Укук коргоо органдары кандайдыр илинчек табыштыбы?
– Жок, азыркыга чейин укук коргоо органдары тарабынан да, өзүм тараптан да эч кандай илинчек табыла элек. Бирок милиция иштеп жатат. Тергөөчүлөр, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери келишти. Милиция кандай иштейт, эми көрө жатарбыз.
– Бул кызматыңызга кайрадан барасызбы?
– Мен өзүмдүн пикиримден кайтпайм. Мындан ары да уруп-сабап мени эч ким коркута албайт. Мына бүгүн Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борбору ачылып, паспорттордун алгачкы бөлүктөрү чыга баштады. Аларды болсо Кудайга койдум.