Жакында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Данислам Загидулин аттуу футболчу Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде «Эң мыкты коргоочу» деген наамга татыды.
Эскерте кетсек, бул футболдук турнир 1997-1998-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өткөн. Кыргызстандын курама командасындагы Д.Загидулиндин мындай ийгилиги, албетте, сыймык жана жаштарыбызга дем болду десек жаңылышпайбыз.