Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 15-октябрь күнү окуучулар арасында Спартакиада болуп өттү. Окуучулар спорттун ордо, стол тенниси, баскетбол, волейбол, шахмат, тогуз коргоол сыяктуу түрлөрү боюнча күч сынашты. Ордо боюнча «Себат» лицейи биринчиликти алса, 2-орунду Кызыл-Кыя шаарынын №11-мектеби жеңип алды.
Уюштуруучулардын айтымында, Спартакиаданын негизги максаты – окуучулардын ден соолугун чыңдоо, аларды спортту сүйүүгө жана ынтымакка чакыруу.