«ОшМУнун мугалимдери студенттерди сабакка классикалык стилде кийинип келүүсүн талап кылып, киргизбей жатышат» деген кептерди угуп, чын-төгүнүн билүү үчүн ОшМУнун Тарбия департаментинин директору Замир Божоновго кайрылдык.
– Замир мырза, сиздердин окуу жайда айрым мугалимдер хиджап кийип келген студенттерди сабагынан чыгарып салып жаткан экен. Бул университеттин шартыбы?
– Студенттер интеллигенция өкүлдөрүнө кирет. Алар көбүнчө классикалык стилде кийиниши абзел. Кыздардын билим берүү мекемесине хиджап кийип келүүсү туура эмес. Эгерде алар диндин шариаттарын аткарышса, эмне үчүн университетте окуп жатып окуу жайдын талабын аткарбашы керек? Диний ишеним бул – ар бир адамдын жеке иши. Аны элге жарыя кылбай эле койгону туура. Ал эми университет шариат менен эмес, коомдук-моралдык норма менен жашайт. Дегеле студенттер билим алып жаткандан кийин диний көз караш менен эле жашабай, этика, эстетика, деген түшүнүктөрдөн да кабардар болушса деп ойлойм. Мен окутуучулардын хиджап кийген студенттерди сабакка киргизбөө усулун колдобосом да, кийинүү маданиятын үйрөтөйүн деген мугалимдердин тарбиясын туура деп эсептейм.
– «Тигини кий, муну кий» деген студенттердин укугун чектегендик эмеспи?
– Биз студенттерге жакшылык гана каалап, аларды жарашыктуу кийинип, сымбаттуу болуп жүрсүн деп жатабыз. Студенттердин укугун тебелейин деген эч ким жок. Ректорат тарабынан да эч кандай мажбурлоочу буйрук чыгарган жокпуз. Жөн гана «окуу жайда классикалык стилде кийинип жүрүү туура» деген таалим-тарбиялык сунуштарды айтып жатабыз. Акыркы жылдары биздин студенттер сабакка спорттук кийимчен, чолок шымчан келе башташты. Муну университеттин жамааты нормалдуу көрүнүш катары кабыл ала баштагандыгы ушундай чечимге келүүгө себепчи болду. Биз студенттерге маданиятты авторитардык жол менен эмес, түшүндүрүү, ынандыруу жолу менен үйрөткүбүз келет. Анан укугум бар деп эле бутуна өтүк, үстүнө чапан, башына козунун терисинен тигилген тебетей кийип келсе деле унчукпай жүрө беришибиз керекпи? Университеттин имиджи, административдик укук бар экенин унутпашыбыз абзел. Жогорку окуу жайы – өзгөчө мекеме. Мында мамлекетке керектүү адистер гана даярдалбастан, жогорку маданияттуу интеллигенттер калыптандырылууга тийиш.
– Университеттин талабына ылайык кийинүү көйгөйүн былтыр баштаганыңыздарды укканым бар. Мунун ишке ашпай жатканына эмне себеп?
– Мен жогоруда айтып өткөндөй, ректорат тарабынан мажбурлоочу буйрук чыгарганыбыз жок. Мындай кийинүүгө мурда эле профессордук-окутуучулук курам жол койбошу керек эле. Ушундай кайдигер мамиленин натыйжасында студенттерде «каалагандай кийинсе болот турбайбы» деген түшүнүк калыптанып жатат.
Белгилүү философ П.Д.Лорошфуко «учурунда оңдолбогон майда кемчилик бара-бара чоң кемчиликке айланат» деген экен. Эгер ушинтип унчукпай бара берсек, университетти базарга айлантып алабыз. Бул бир жылда калыптанып кала турган иш эмес. Былтыр баштаганыбыз чын, түшүндүрүү жолу менен акырындан ишке ашырабыз. Беш жылдан кийин кайсы жерде кандай кийинүүнү билбей, «окууга кийгенге болгон кийим кыштакка неге болбосун?» деп мектепке же официалдуу жайларга спорттук кийим кийип барса туура эмес болот. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү жөнөкөй элге жогорку маданиятты жайылтуучулар болуп эсептелинет.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg