(Башы өткөн сандарда)
Мурунку сандарыбызда Аман менен Касымдын "айыбы" ачылып, Аманды эжеси үйүнөн кууп чыккан. Аман ичиндеги арманын, өмүр таржымалын төкпөй-чачпай дос кызы Кыялга баяндап берген...
P.S. Эскертүү! Фотороман редакцияга келген каттын негизинде тартылды. Актёрлордун окуяга тиешеси жок!
РОЛДОРДО:
Аман – Асылбек Тилебалдиев
Касым – Кутман Шаршентегин
Кыял – Сезим Акылбек кызы
Психологдун кеңеши
ГОМОСЕКСУАЛДАРГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?Жогорудагы маселе боюнча психолог, журналист Нурзада Маямеровага кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Гомосексуализм бул – адамдын организминдеги биологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы же жаратылыштын жаңылыштыгы. Кызга окшош уландарды, эркек мүнөздүү айымдарды жаратылыштын катасы катары кабыл алууга болот. Түйүлдүк жаңы пайда болгондо 8-12 жумага чейин эки жыныста өрчүйт. Андан кийин эркек же аялдык жыныска бөлүнүп өсө баштайт. Ушул учурда кээде гормоналдык бөлүнүштөр төп келбей, жынысы аял болгону менен, мээси эркекче же жынысы эркек болгону менен, мээси аялдыкына окшоп калат. Гейлердин тагдыры бир топ эле аянычтуу. Анткени алар өз жынысындагыларды сүйүшөт. Сүйүүсү терең, аялуу болот. Аларды келекеге алып, кемсинтпөө керек.
Айта кетчү нерсе, адам кандай жаралса да, жаратылыштын, Кудайдын жаратканы менен: ата-энесинин туура эмес тарбиясыбы (эркекти кыздай, кызды эркектей тарбиялоо), же социалдык көрүнүштөрдүн натыйжасыбы, эгер ал өзгөргүсү келсе, өзүн кандай болсо да кабыл алышы керек. «Мен нормалдуумун, мен эркекмин, менде эркектик касиеттер бар» деген ишеним болушу керек. Анткени сөздүн күчү өтө чоң. Андан кийин өзүн өзгөртүүгө күч жумшайт.
Адамда, каалоо, эрк болсо, ал баарын жеңет. Эгерде "кантип туура жолго түшөм?" деген суроо пайда болсо, уялбастан психологго кайрылуусу керек.
Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
star@super.kg