Октябрь айынын башында Сузак районунда митингчилердин жол тосуп алышканын баарыбыз эле билсек керек. Жүргүнчүлөр жолдон өтө албай кыйналышып, натыйжада 20дан ашуун арыз-даттануулар келип түшкөн. Ал арыздардын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов билдирди. Эскерте кетсек, жол тоскондор ЖКнын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдун бошотулушун талап кылышкан.
1-2-октябрда Ош-Бишкек жолунун Барпы участкасында эки күн катары менен жол тосулуп, анда чогулган адамдардын саны 500дөй болгон.