ӨРТ КЫРСЫКТАРЫ КӨП КАТТАЛУУДА

Нарында аба ырайынын төмөн­дөшү менен көпчүлүк жарандар турак үйлөрдө электр жылыткычтарын колдоно башташты. Кээде өрт коопсуздугу сакталбай, өрттүн келип чыгышына себеп болууда. Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүнүн Самансур көчөсүндөгү №42-үйдүн тургуну нан бышыргычты үй жылытуу максатында электр булагына туташтырып коюп кароосуз калтыргандыктан, өрт келип чыккан. Натыйжада үйдүн ээси материалдык чыгымга учураган.
Ушундай кырсык Нарын шаарындагы Мырзабеков көчөсүнүн №12-үйүндө да катталган. Электр зымынын кыска чыңалуусунан өрт чыгып, 47 100 сомдук материалдык чыгымга алып келген. 16-октябрь күнү Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылынын С.Өмүралиев көчөсүндөгү №12-үйдүн короосунда жыйылып турган 7 машина чөп өрттөнүп кеткен.
Нарын облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү жашоочуларга кыш ичи мына ушундай өрт кырсыктарынан сак болууну жана коопсуздук эрежелерин сактай жүрүүнү эскертет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан