23-октябрь күнү КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Канатбек Муратбеков Жумгал районуна атайын иш сапары менен барып, райондун кышка даярдыгы менен таанышты. Ал жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен жыйын куруп, өз сөзүндө райондун кышка даярдыгы начар экенин баса белгилеп, тиешелүү кызматтагыларга 1-ноябрга чейин бардык тармактарды көмүр менен камсыздоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары райондогу жакыр үй-бүлөлөргө да жардам катары акысыз берилчү көмүр толук берилбей жатканын кошумчалады. Байзак жана Түгөл-Сай айыл округдарындагы мектептердин жылытуу системдери да кышка даяр эместигин айтты.