Бишкек-Чалдыбар жолунун 52-чакырымында Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта баратып бир адамды сүзүп кеткен. Бул боюнча 22-октябрда Чүй ОИИБинен билдиришти. Кырсык 21-октябрда саат 19:30дарда орун алып, унаанын айдоочусу 48 жаштагы Токтогул районунун жашоочусу болуп чыкты. Кырсыкка кабылган адам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.