Чүй облусунун Токмок шаарында «Алтын күз-2012» деп аталган картинг боюнча кезектеги мелдеш өттү. Бул туурасында «Мото Экстрим» федерациясынан билдиришти. Жарыш 4 класс боюнча жүрүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын автожарышты сүйүүчүлөрү катышышты. «Мини» классында Максим Горлов, «Интер А-ю» классында Илья Зыков, «Интер А» классында Станислав Карчин жана «KZ2» классында Евгений Зарецкий жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөрдүн баары Бишкек шаарынын тургундары.