Орусия, Казакстан жана Беларустун милиция ардагерлеринин уюму 2002-жылы түзүлүп, алар кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерип келишет. Бул жолу уюштуруучулар иш-чараны 20-октябрда Кочкор районунан башташты, себеби 2010-жылдагы Ош окуясында курман болгон А.Султанов так ушул райондун ИИБин эки жыл жетектеген эле.