«Президент жана бомж» тасмасынын жаратуучуларынын ортосундагы ич ара келишпестиктер тууралуу өткөн санда жазганбыз. Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков «Президент жана бомж» фильми чырга айланды» деген – жөн гана чуу» деп чыркырайт. Ал эми режиссёру Ырыс Окенова таарынычтарын айтып бүтө албайт. Сөз арасында «мен продюсердин тасма аркылуу кыргыз элин селсаякка теңеп, митингдерди дүйнөгө даңазалаганына караманча каршымын» деген кебин айтты. Биздин билишибизче, тасманын биринчи вариантында эле селсаяктын тагдыры кеңири сүрөттөлүп, анын артынан башкалары да пикет-митингге чыкканы көрсөтүлөт эмес беле? Же алгачкы вариантта жалаң кыргыздын кыраандары сүрөттөлүп, элди ынтымакка чакырган кадрлар бар беле? Айтор, бул жааттан алганда, Ырыс айым «кинону «пираттар» аркылуу таратып жиберем» деп продюсерди коркутуп кирген өңдүү.
ӨМҮРЗАК ТӨЛӨБЕКОВ, продюсер:«ЫРЫС ОКЕНОВА ИЧ КҮЙДҮЛҮК КЫЛУУДА»– Бул киного тиешеси барлардын ар кимиси өз иштерин улантып жүрүшөт. Жалгыз гана Ырыс Окенова пенделик ич күйдүлүк көрсөтүүдө. Кино адистери тасманын ийгилиги сценарийинин күчтүүлүгү менен артисттердин мыкты ойногондугунда экенин белгилешти. «Мындай олуттуу сценарийге белгисиз режиссёрду тандаганың эмне?» деп баары сурашкан. Мен ошондон улам кино корифейи Нуртай Борбиевди көркөм жетекчиликке чакыргам. Натыйжада «Президент жана бомж» жакшы киного айланып, Кыргызстандын чегинен тышкары, эл аралык аренага чыкты.
Чыгарманы жазган, кинону тарттырган анын ээси катары менин үгүт иштерин жүргүзүүмө Ырыс Окенова «эмнеге менин атым чыкпайт?» деп таарыныч кылды. Мен ага айткам, «Кудай, мезгил, эл ар кимибиздин эмгегибизге карата баа берет» деп. Эми анын айласы кеткенде ойлоп тапкан жөө жомокторуна жооп берип отурууга убакыт жок. Ырыс андай таланттуу режиссёр болсо, мындан мыкты тасма тартып көрсүн. Мен ага чын жүрөгүмдөн ийгилик каалайм!
Биз «Президент жана бомж-2» көркөм фильмине кызуу кириштик. Сценарийи жазылып бүттү. Кудай кааласа, ноябрда тасманы тартып баштайбыз. Фильм Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында тартылмакчы. Ошого жараша ага чет өлкөлүк кино адистери катышат.
«Президент жана бомж-2ни» чет өлкөлүк да, биздин да кино сүйүүчүлөр сүрөөнгө алууга даярдыктарын билдиришүүдө. Биз менен кызматташууну каалагандарды чогуу иштешүүгө чакырабыз. Тасмага тартылгысы келгендер кастингге катышса болот.
ЫРЫС ОКЕНОВА, режиссёр:«ТАСМАНЫН АЛГАЧКЫ ВАРИАНТЫН ЭЛГЕ БЕЛЕК КЫЛАМ»– Өмүрзак Төлөбеков мени кыргыз элине уят кылды. Жаңыланган вариантына каршы чыктым, анткени режиссёр катары укугум бар. Алгач мен ага жолукканда «Талаш тагдыр» тасмасына акча сурамак турсун, тасма кинотеатрларга коюлуп бүтүп калган эле. Ал эми «6-7 миң долларга эле тасма тартам» деп айтты» дегени – акылга сыйбаган көрүнүш. Ал мага «башка режиссёрлор 100 миң доллар кетерин айтышты. Менде анча акча жок, сен мага 30 миң доллардын тегерегинде тартып бер» дегенин унутуп калыптыр. Бул чыгармага көп оңдоо-түзөөлөрдү киргизгем, мен да сценарист деп жазылсам болмок. Тасма көрүүчүлөргө чыккандан кийин эмгекти баалабай, минтип сүйлөгөнүнө жол болсун! Эгер чын эле жазуучу болсо, аты элге таанымал болмок. Ал жадакалса актёрлорду тааныбайт эле.
Мен кинону тартканым үчүн аз да болсо режиссёрлук гонорарымды алгам. Колумду окшоштуруп коюп, бирөөгө тил кат жаздырган кагаздардагы сумманы алган эмесмин. Мисалы, мен алган күндө деле ал менин тиешелүү эмгегим болмок да. Ошону билбегени, бирөөнүн акысынан коркпогону, иш аткарылып бүткөндөн кийин минтип сүйлөгөнү – анын эки жүздүүлүгү. Бул иштин баарын далилдөөчү сот алдыда. Мен кыргыз элинин уңгусуна доо кетирбейм. Эгер мени каралаганын токтотпосо, мен Төлөбековду коркутпай эле, тасманын алгачкы вариантын элге белек катары таркатам.
Продюсер Өмүрбек Төлөбеков бизге берген маегинде «мен башында эле президенттин ролун Марат Алышбаев, селсаякты Марат Жанталиев, бизнесменди Аскат Сулайманов ойнош керек деп ойлогом. Жадакалса кыздарды да өзүм таап келгем» деп айткан. «Айта берсең, арман көп» демекчи, эки тарап тең, өздөрү айткандай, чындыкка жетип, көрөрмандарга жаңы эмгектерин тартуулай берсин деп жыйынтыктайлы.