Кыргызым кайсы жерде жүрбөсүн, каныбызда кайнап турган бабалардан калган өнөрдү унутпай өргө чаап келет. Ошондой таланттардын бири кытайлык кыргыз ырчысы Алмаш Беки кызы менен баарлаштык.
– Алмаш айым, кандайча Кытайдын жараны болуп калдыңыз?
– Чоң атам ата-энеси менен 1935-жылдары Кыргызстандан Кытайга көчүп кетип, ошондон бери андагы Кызыл-Суу облусун мекендеп калыптырбыз. Арадан 76 жыл өткөндө гана чоң атам 2011-жылы Кыргызстанды көргөнү келди. Ал эми мен ата-энеме караганда мекеним менен эрте тааныштым десем болот. 2003-жылы Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун филология факультетине тапшыргам. Бала чагымда эле Кыргызстанда билим алсам деген кыялым бар болчу. 2007-жылы Муратбек Бегалиев менен таанышкам. Муратбек агай «талантыңды ташка чаппай, элге тартуулашың керек, музыкалык билим ал» деп калды. Бул сөздүн таасири алдында Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Кыргызстанга келгенге чейин эле Кытайда Политехникалык университеттин өнөр жайды автоматташтыруу факультетин артыкчылык диплом менен аяктагам. 30га чыкканча окуу, чыгармачылык деп жүрүп турмуш курууну четке чыгарып коюптурмун. Эми ал жагын ойлонуп, жигитим экөөбүз баш кошолу деп жатабыз.
– Кандайча чыгармачыл чөйрөгө жакын болуп калдыңыз эле?
– Атам Беки – кытайлык кыргыздардан чыккан сөзү куйкум, өзү куудул, сатирик акын. Атамды көбүрөөк тарткан окшоймун. «Казандын кайнаганынан, баланын ойногонунан» дегендей, кичинемде эле башка кыздардай болуп куурчак ойнобой, атама «ыр үйрөт» деп эле жабыша берчү экенмин. Түгөлбай Казаковдун «Насыйкат» деген ырын радиодон угуп калып, атама «үйрөтчү» дей бериптирмин. Ал тамашага салып, ырдын «Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап...» деген жерин «Курсагым курулдайт, мурдум бырылдайт...» деп, айтор, тамашалуу сөздөр менен үйрөтүп койгон эле. Эс тартканга чейин эле ушунтип ырдачумун.
– Сахнага алгач чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Алгач Кытайда Нооруз, Орозо айт майрамдарында ырдачумун. Чоң сахнага 2011-жылы 30-сентябрда өз мекенимде – Кыргызстанда, филармонияда тушоо кесүү концертим менен чыктым.
– Кытайда чоңойсоңуз, тил бурулуп кетпейт бекен?
– Кытайда кыргыз мектепте окуганыбыз менен, 3-класстан баштап жумасына 3-4 жолу кытай тилинен сабак өтүлөт. Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз, бирок көчөгө чыкканда сөзсүз кытай тилинде баарлашууга туура келет. Университетти да 4 жыл кытай тилинде окуп бүтүрдүм. Ошентсе да нукура кыргыз тилинде так сүйлөйм.
Биз бала кезде айылга кыргызча китеп келди дегенди уксак, бүтүндөй айыл кыдырып окучубуз. Бала чагымдан эле ыр жазып, анча-мынча акындык да жайым бар. 2011-жылы «Мен кыргыздын кызымын» деген аталыштагы ыр жыйнагымды чыгаргам.
– Кытайлык кыргыз таланттары тууралуу айтып берсеңиз...
– Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусундагы Көркөм өнөр үйүрмөсүндө (филармония) 60ка чукул талант адамдары иштешет. Аты чыгып калгандардан Арзыгүл Турган, Сали Борбаш, Тукаш Жума, ал эми бий жаатында Бактияр, Гүлшайыр аттуу бийчилер «Кош ак куу» деген бийи менен популярдуу.
– Маегиңизге рахмат, чыгармачылыгыңызда ийгиликтер көп болсун!
Бахияна Сатылганова
star@super.kg