Электр энергиясын чектен ашык сарптоо токту өндүрүүчү жана ташып келүүчү жабдууларга күч келтирип, зыянга учуратат. Ошондой эле анын баасы Кыргызстандын азыркы экономикалык шартында карапайым элдин чөнтөгү үчүн кымбат экени талашсыз. Андыктан баарыбыз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн майда, бирок маанилүү иштерди эске тутуп алганыбыз оң.
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨНҮН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖОЛДОРУ
ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАЛАРЫ
Аудио-видеотехника
Керексиз учурда электр жарыгынан сырткары телевизор, компьютер, DVD-ойнотуучу, музыкалык борбор, радиолорду күтүү режиминде калтырбай сууруп салуу зарыл. Мисалы, орточо көлөмдөгү (диагоналы 50-53 сантиметр) телевизорду алалы. Ал күтүү режиминде турганда 24 саат ичинде 297 ватт-саат электр энергиясын керектейт. Ал эми бир айда 9 киловатт-саат же 6,3 сом болот.
Чайнек
Чайнекте пайда болгон кеберди тазалап туруу керек. Кебер калыңдап кетсе, ысыктын өтүшү азайып, суунун кайнашы көпкө созулат. Мындан сырткары сууну өзүңүзгө жетиштүү гана көлөмдө кайнатууну эске алыңыз. Мисалы, 10 мүнөт ичинде 1,5 литр сууну кайнатууга жараган электр чайнеги 0,25 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт. Күнүгө эртең менен 100 миң чайнек бир убакта кайнатылса, 25 миң киловатт-саат керектелет. Демек, чай үчүн айына 750 миң киловатт-саат электр энергиясы сарпталат. Бул көрсөткүчтү акчага айландырсак, 1 айда 525 миң сом чай кайнатууга эле кетет.
Кондиционер
Кондиционер иштеп жатканда эшик-терезелер жабык турушу шарт. Болбосо ал иштеп чыккан жылуулук же муздак аба сыртка кетип, ага кеткен энергия коромжу болот.
Үтүк
Кургак кирди үтүктөө үчүн жогорку температура керектелип, ошончолук көп энергия жумшалат. Андыктан кирди толук кургай элек кезинде үтүктөө – үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолу.
Кир жуугуч машина
Кир жуугуч машинада көрсөтүлгөн салмактан ашыкча же кем кир болсо, адаттагыдан 10-15 пайызга көп электр энергиясын сарптайт. Ошондой эле туура эмес программада коюлуп калган учурда ашыкча чыгым 30 пайызга чейин жетет.
Кубаттандыруучу түзүлүштөр
Уюлдук телефон, фотоаппарат, ноутбук сыяктуу буюмдарды кубаттандырып бүткөн соң заряддоочу каражаттарды токко сайылган боюнча калтырбаңыз. Себеби бул убакта деле ал электр энергиясын сарптай берет.
Чаң соргуч
Чаң соргучтун чаң чогултуучу бөлүгүнүн төрттөн үч бөлүгү толгон кезде анын иштөөсү 40 пайызга төмөндөп, тазалоо иши көпкө созулат. Натыйжада ашыкча электр энергиясы сарпталат. Андыктан анын чаң чогултуучу бөлүгүн жана чыпкалагычтарын тазалап туруу керек.
Муздаткыч
Электр плитасы
САТЫП АЛУУДАТиричилик техникалары энергияны үнөмдүү сарптоосу боюнча латын тамгалары менен белгиленет. Эң үнөмдүүлөр А++, А+, А деп белгиленсе, көп сарптагандар B, C, D, E, F, G деп жогорулап кетет.
Электр лампасынын эки түрү бар. Алардын бири – зымдын жардамы менен иштөөчү лампа. Ал эми экинчиси – зым менен иштөөчү, лампага караганда жарык берүүсү жогору жана энергияны 5 эсе аз коротуучу люминесценттик лампа (энергияны үнөмдөөчү лампа). Люминесценттик лампа орто эсеп менен 10 миң саат кызмат кылса, зым менен иштөөчү лампа, болгону, 1,5 миң саатка гана кызмат көрсөтүүгө жарайт.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨ ҮЧҮН КАНДАЙ АРАКЕТ КӨРӨСҮЗ?
Ырыскүл Сыдыкова, соодагер, Талас облусу:
– Кышкысын үйгө меш жагабыз. Чай, тамак-аштын баарын ошондо бышырам. Кирге да сууну мешке ысытам. Көпчүлүк үйүн жылытуу үчүн электр жылыткычтарын колдонушат. Электр энергиясына көп акча төлөгүчө, меш жаксаң, үйүң да жылыйт, тамагың да бышат.
Күмүшай Бекболот кызы, студент, Ош облусу:
– Электр энергиясын үнөмдөөнү ойлобоптурмун. Бирок үйдө ата-энем «ашыкча жагылган жарыктарды өчүргүлө» деп айтып турат. Бул электр энергиясын үнөмдөөнүн бир жолу болсо керек.
Мекен Танабаев, айдоочу, Ысык-Көл облусу:
– Көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук берүү начар болгондуктан, аргасыздан электр жылыткычтарын колдонобуз. Болбосо үнөмдөйбүз деп тоңуп калбайбызбы. Үнөмдөдүк дегенибизде айына 800-1000 сом сарптаганга туура келип жатат.
Алмаз Жанбоев, мугалим, Нарын облусу:
– Негизи, бизде көпчүлүк үйлөр кышкысын от менен жылыйт, үй тиричилигине эле электр плитасын колдонбосок. Себепсиз электр жарыктарын күйгүзбөйбүз. Электр энергиясынын төлөмүн көбөйтпөш үчүн болушунча үнөмдөп жатабыз.
Рустам Исмаилов, электрик, Чүй облусу:
– Өзүм электрик болгондуктан, бардык электр приборлорун керексиз маалда токтон ажыратып, жарыктарды өчүрүп турам. Бул үнөмдөөдөн сырткары өрт чыгып кетүү коркунучунун алдын алат. Муну эреже катары ар бир жаран билиши шарт.
Айна Эшматова, режиссёр, Жалал-Абад облусу:
– Электр энергиясын үнөмдөө – ар бир үй-бүлөнүн өзүнө тиешелүү маселе. Эки бөлмөлүү үйүм бар. Алардын жарыгына катуу көзөмөл кылам. Биринин жарыгын жандырганда экинчисин өчүрүп коём. Айтор, электр энергиясын үнөмдөөнү лампалардан баштайм.
Бусалма Исанова, соодагер, Баткен облусу:
– Жер тамда жашагандыктан, чай, тамакты очокко даярдайм. Электр энергиясын үналгы, сыналгы жана лампа үчүн гана колдоном. Жайкысын көп деле колдонбойбуз. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша үнөмдөсө керек.