ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Азирет Муратка баарын айтып берүүнү чечти.
– Ооба, жашоомдон артык сүйөм. Бирок биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Мен аны коё бердим. Бегимай мени менен жолугушууну каалаган эмес. Аны мажбурладым. Бирок сүйүүм жоопсуз экенин билгенден кийин жайына койдум. Бул чындык...
Эми эле бирин-бири өлтүрүп койгонго даяр экөө аргасыз сыр чечишип отурушту.
– Бегимайдын эч кандай күнөөсү жок. Эх, бул мурунтан тамыр алган окуя. Аскат – менин эгизим, Бегимайдын жигити эле. Ал каза болуп калды. Кийин ал кызды мен жакшы көрүп калдым. Ким билет, мендей аны эч бир адам жанын берип сүйбөстүр. Унута албай койдум. Менден качып башка өлкөгө кеткенин билип туруп эле унута албадым. Кандай гана аракет кылбайын, баары бир мээмден, жүрөгүмдөн орун алган экен. Кечээ жакында эле анын жүрөгүндө жалгыз гана сен жашаарыңа көзүм жеткенде коё бердим. Ал сени сүйөт! Суранам, аны бактылуу кыл! Мага андан башка эч нерсенин кереги жок.
– Жалганчы!
– Сенин ордуңда болуу үчүн менде эмне ыйык болсо ошонун баарын берет элем. Эми эмнеге алдайын?! Мурат, уулуңар бар, сен бар, Бегимай сени менен гана бактылуу боло алат. Мурат эч нерсе деп айтпай, ордунан турду да, машинасына жөнөдү. Үйүнө келип терезени тиктеди. Бегимай дайым өзү келе турган жолун карап терезени тиктеп турар эле. Бул жолу да ошентип туруптур. Тамагына оор нерсе тыгылып, көзүнөн жашы каканактай түштү. Эмне дейт? Эмне деп айтыш керек? Азирет канчалык Бегимайдын күнөөсү жок деген сайын Мурат ошончолук шектене берди. Азыр ушул абалында кирсе, бир нерсе кылып жибериши мүмкүн. Уулунун да жүрөгүн түшүрүп... Уулунун! Колдорун сереңдетип өзүн эшиктин алдында күтүп алчу балакайды эстегенде онтоп жиберди. Эми гана ал кимдин баласы экени дайын болду. Жүрөгү менен берилип кичинекейге ата болуп алган экен. «Баары эми өз жайына келе баштады» деди ал күбүрөп. Ушул ортодо телефону чырылдап калды. Караса аялы... Көпкө тиктеп турду да, акыры колуна алды.
– Алло!
– Мурат, эмнеге кирбей турасың? Биз сени тамак ичпей күтүп жатабыз.
– Иче бергиле, азыр кирем.
– Келгениңе жарым саат болду, бир нерсе болдубу? Же мен түшөйүнбү?
– Жок, кереги жок, азыр барам!
Буулуккан Мурат ушинтти да, короодон чыгып кетти. Атырыла короодон чыгып кеткен Мураттын машинасын көргөндө Бегимайдын жүрөгү болк дей түштү. Бир нерсе болбосо ал минтмек эмес. Ошол замат сыры ачылганын түшүндү. Колдору титирей Азиреттин телефонун тере баштады. «Абоненттин аппараты өчүрүлгөн...» дегенди угуп, шалдайып отуруп калды.
Мурат ошол түнү уктабады. Кайрадан лентаны түрүп, өткөнүн, келечегин миң толгоно ойлонду. Мына, чындыкты билди. Ошондо эле кол шилтеп «сен акмак экенсиң» деп Бегимайдан баш тартып кете алабы? Кулагына Азиреттин сөздөрү жаңырып жатты. «Ал сени сүйөт! Суранам, аны бактылуу кыл! Сенин ордуңда болгонго мендеги ыйык деген нерселердин баарын бермекмин».
Көпкө ойлонуп отурду да, ордунан чечкиндүү турду. Бир жерден уккан беле же окуган беле, бир нерсе эсине түштү. «Сүйүү коргоп, сактап калганга кудурети жеткен адамды гана байырлайт. Сүйүү үчүн күрөш, жаныңды аябай корго. Ошондо гана сен чыныгы сүйүүгө эгедер адам болосуң» деген. Мурат сүйүүсүн кандай баада болсо да сактап калууга белсенди. Атүгүл намысынан, өзүнүн жеке эрежелеринен да баш тартууга даяр.
Үйүнө келсе Бегимай уктап жаткан экен. Өзүн күтүп жатып түнү менен уктабаганын билди. Ичи жылып кетти. Үстүн жылуулап жаап, аны тиктеп отура берди.
– Качан келдиң?- деди бир убакта уйкулуу көзүн ачкан Бегимай.
– Бир аз эле болду. Сен да уктабаган окшойсуң...
– Мурат, бир нерсе болдубу?
– Болду! Бирок силерге залакасын тийгизбей бүтүргөнгө аракет кылам.
Бегимай андан ары такып сураганга эрки жетпеди. Жазасын күткөн айыпкердей шылкыя түштү.
– Макул, мен жумушка кеттим. А сен жакшылап эс ал, баары жакшы болот,- деп Мурат ордунан турду. Бегимай ордунан ыргып туруп, аркасынан чуркады.
– Мурат?!
– Эмне болду?- деди кылчайбай туруп.
– Сен... сен Азирет менен сүйлөштүңбү? Ал сага эмне деди?
– Сүйлөштүм.
– Мурат, мен сага баарын өзүм түшүндүрүп берем. Мен... мен баарын башынан айтып берем. Экөөбүздүн ортобузда сен ойлогондой эч нерсе жок. Мен... мен корктум, сага билгизбей баарын бүтүрөм дегем. Өтмүшүмдүн келечегибизге таасир тийгизбей ошол боюнча калышын кааладым.
– Анан баары бүттүбү?
– Бүттү! Мен сени менен гана бактылуу боло алам.
Дирилдеп жылаңаяк, ич көйнөкчөн турган Бегимай күйөөсүнө жалооруй тигилди. Бул көз карашка ал чыдабайт болчу, аттап жетип бооруна кысты.
– Баары бүттү, баары жайында. Керек болсо мен сени, Аскатты көз көрбөгөн жерге алып кетем. Эч кимге сенин тынчыңды алышына жол бербейм. Болгону, меники болсоң болду. Айтчы, сенин жашооңдо менминби?
– Жалгыз гана сен!
Энтиге ыйлаган Бегимай ушинтип айтты. Мурат ошол күнү жумушка барган жок. Бегимай экөө сейилдеп жүрүштү. Келинчеги тээ мурунтан келе жаткан тагдырдын чырмалышкан түйүнүн айтып бергенге аргасыз болду.
– Мен Азиреттен боюмда бар экенин билген күнү ага жөнөдүм. Бирок ал курбум Алинанын колун сурап, ал макулдугун берген экен. Алардын ортосунда тура албадым. Анткени Алина менин курбум гана эмес, бир тууганымдай болгон жакын адамым болчу. Анын үстүнө мен Азиретти терең ойлонбогондугу, кыздарды мээлейдей алмаштырганы үчүн жазалагым келген. Бирок ошондо жеңил ойлуулук кылыпмын, ачууга алдырыпмын. Ошентип, мен Түркияга кеттим. Аскат төрөлдү. Бала төрөлгөндөн кийин гана ушунчалык оор акыбалда калганымды түшүндүм. Ата-энем мени туура түшүнө алышкан жок. Жанымда кеңеш берген бир гана таежем болду. Ошол күндөрү сени жолуктурдум. Сен мени жашоого кайра алып келдиң. Сендей адамды жолуктурганы үчүн тагдырыма ыраазымын. Жардын кырында турганымда колуңду создуң. Сен өзүң да байкабадың... Аскатка өз атасынан жакшы ата болдуң. Кандай гана жакшы адамсың! Кээде сендей адамга өзүмдү татыксыздай сезем. Бул жакка келгенден кийин Азирет аркамдан түштү. Тагдырдын тамашасы менен сен да анын фирмасында иштеп калдың. Оор акыбалда жүргөнүмдү байкаган жоксуң. Азирет...
Мурат ийиндерин дирт эттире ичиркенип кетти. Шарт бурула аялын ийинден алды да, катуу айтты.
– Экинчи анын атын атаба. Ал биздин жашообузда жок адам. Кичинекей Аскатыбыздын жашоосунда да жок. Экинчи ушул ысымды атаба. Эч качан!
Бегимай Мураттын мындай абалын биринчи жолу көрдү. Көзүнөн заары чачырап, азыр колуна тийсе өлтүрүп салуудан да кайра тартпачудай.
– Макул!- деди айласы кете.
Кийинки күнү Мурат жумушка жөнөдү. Арызын жазып, Азиреттин иш бөлмөсүнө кирди.
– Мен эми бул жумушта иштей албайм.
– Билгем. Арызыңды коюп, кете бер. Анан кол коём.
Мурат чыгып баратып кайра кайрылды да, Азиреттин жүзүнө тике карады.
– Эч качан, эч убакта менин жолумдан чыкпа. Эми жолуксак, бирибиздин өлүмүбүз менен бүтөт бул иш. Бегимайга дагы бир ирет чалсаң же жолуксаң, ажалың менден деп биле бер.
Эшик тарс жабылды. Башын кучактай отурган боюнча Азирет кала берди.
Азирет оор абалда. Күндөн күнгө кубарып, арыктап да кетти. Кээ бир түндөрү таптакыр уйкусу жок. Бакчаны айланып баса берген адат таап алды. Уулунун мындай абалы Мариямдын көз жаздымында калган жок. Атасынын казасынан кийин деп ойлогону менен, андан бери бир топ өттү. Акыры ачык сүйлөшкөнгө бел байлады.
– Ази, мен сени көптөн бери байкап жүрөм. Бир нерсе болдубу, балам?
– Кабатыр болбо, апа, баары жакшы.
Адатынча «баары жакшы» дей салып кутулуп кете турган болду эле, Мариям аркасынан ээрчип алды.
– Ази, менден жашырба. Атаң үчүн болсо, анчалык өзүңдү жоготпо. Баары бир барар жерибиз ошол. Атаң уулунун жанына кеткиси келген. Кетти. Ал эми сенин жашооң жаңыдан башталып келе жатат. Биздин тагдырыбыз сага сабак болчудай эле болгон.
– Апа, эң кымбат адамдарымды бир учурда жоготтум. Атам, Бема... Апа, ал кыз менин мобул жеримде турат. Мен андан баш тартканга аргасызмын, анын бактысы үчүн баш тартканга аргасызмын, бирок мобул жерим өрттөнүп баратат, апа!

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
fanatka19
2012-11-05 10:34:00
уф дагы бир жума
0
Meliana
2012-11-05 13:51:39
Ой дагы бир жума кутомбу,неге аз жазып койдунааар
0
Gulichka.milichka
2012-11-05 14:45:12
Чын жарыманан баштап коюптур.Кообурок жазыштын ордуна.
0
ayzatushka
2012-11-05 15:01:13
Super info bashin murdagi saninda okuduk ele go.
0
kambardinova
2012-11-05 18:30:51
Жашоодо Мураттай адамды коро да уга да элекмин.Азыр биздин заманда мындай чыныгы ак конул эркектер аттин жок?!
0
Evelet
2012-11-05 20:22:42
Бир жеринде ката бар экен. Же мен адаштымбы? Бема Туркияга эмес Америкага кетеди беле. Мурат менен Америкада жолуккан го.
0
tori
2012-11-05 21:28:16
Evelet, мен дагы байкадым. Бема америкага кеткен болчу...
0
Ulanbek1992
2012-11-06 01:04:09
туркияга эле кеткен болчу, силер уже унутуп койупсунар))) кайсы Американы айтып жатасынар...
0
Ulanbek1992
2012-11-06 01:06:33
кызыгы кетип калды мен учун.. Бир нерсе кылып Азирет менен Бегимайды бирге кылып койгулачыыыыы...
0
Begimai1
2012-11-06 15:55:41
Ulanbek1992, туура айтасын менда ошону ойлонуп кыйналып кеттим Азирет менен Бегимай бирге болсунчу
0
bolsun85
2012-11-06 02:22:59
Ушул тагдыр ойунун жазган кишини таап бергилечи аягы емне болот сурап алайын,
0
nazgul8076
2012-11-06 03:48:08
Күтүүдөн башка арга жок...
0
Cyldyzka
2012-11-06 17:09:40
Bema Turkiyaga emes Amerikaga ketken bolçu
Muratka ele kıyın bolot okşoyt
0
Mukay-kg
2012-11-06 19:13:10
Эмнеге? Жарымынан баштадынар экен кызык? Америкада журуп, туркияга кандай келип калат? Кыргызстандан Америкага кетпеди беле. Мурат м.н туркиуда эле жолуккан.
0
potriot
2012-11-07 03:41:10
киносун ким тартат болду экен? киносун коргум келип жатат)))
0
Meder-88
2012-11-09 02:40:41
ох тагдыр.
0
benka80
2012-11-11 16:56:06
жакшы жерине келгенде бутот да
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан