Карегинен жалын бүркө тиктеген бир түрк мырзасы бар. Ал Сулейман султандын ролун жараткан актёр – Халит Эргенч. Анда сизди, бизди, жалпыбызды кызыктырган Халит мырза тууралуу кеп кылалы.
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Туулган жылы – 1970-жыл, 30-апрель
Бою – 188 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Жубайы, уулу бар
Кесиби – Актёр. Өзүн бийчи, ырчы, режиссёр катары сынагысы келет
Тартылган фильмдери – «1001 түн», «Зерда», «Биринчи махабат», «Конок», «Даңазалуу кылым»
«ДЕҢИЗДЕН КИЙИНКИ СҮЙҮҮМ ТЕАТР БОЛДУ»
«Менин биринчи сүйүүм деңизге арналган. Андыктан мен моряк болгум келчү»,- деп эскерет актёр. Кичинесинен жалгыздыкты сүйүп, шаан-шөкөттөн качкан Халит Эргенч эл адамы болот десе эч ким, анын ичинде өзү да ишенмек эмес.
Орто мектепти бүткөн соң Халит Стамбулдагы Технологиялык университетке тапшырат. Бирок күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн оператор, маркетолог болуп иштегенге мажбур эле. Иш деп жүрүп окуусунан бир жыл өткөн соң куру жалак калат.
1996-жылы Халит үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. «Менин актёрлукка болгон жолум узун. Алгач кайыктарды куруу жана суучулдук өнөрдү үйрөнүп баштагам. Кийин аны таштап, консерваториянын вокал жана бий бөлүмүндө окуп калдым. Ырчы, бийчи катары да таанылдым. Окуп жүрүп мюзикл жана театрга жол ачылды. Ошентип, деңизден кийинки экинчи сүйүүмдү таптым. Ал театр болду»,- деп эскерет өзү. Ошентип, Түркиянын кино айдыңында көздөрү көк асмандай тунук, кумарлуу Халит Эргенч аттуу актёр пайда болот. Анын бийиктиктерин майда-баратына чейин санап отурбай, түрк элинин тарыхында чоң тамгалар менен калган Сулеймандын ролун тасмада кантип жаратканынан кеп козгойлу. Анткени аны дүйнөлүк даңкка жеткирген дал ушул роль болду.
«МАГА АТАТҮРКТҮН РОЛУ СУЛТАНГА КАРАГАНДА ЖЕҢИЛ БОЛГОН ЭЛЕ»
Биздин Манас атабыз кандай ыйык болсо, түрктөр үчүн Сулейман султан ошондой эле даражада. «Бул атактуу адамдын ролун ким жарата алат?» деген суроо келип чыкканда кино жаратуучу топ бир ооздон «Халит Эргенч» дешкен. Анткени дал ушул актёр 2010-жылы «Биздин сабак – Ататүрк» аттуу фильмде атактуу тарыхый инсан Мустафа Кемалдын ролун аткарган эле.
Халит Эргенч Сулеймандын ролун аткаруу үчүн китепканалардан чыкпай, алтын кылымды жүрөгүнөн өткөрүп чыкканын айтат.
«Мустафа Кемалдын ролун аткаруу мага жеңил болгон. Анткени Ататүрктүн сүрөттөрү жана ал тууралуу тартылган фильмдер бар. А Сулеймандын мага окшош жери – көзүнүн түсү гана болгон экен. Бирок султандын кийимин кийгенде кебетем гана эмес, сүйлөгөнүм, турушум, өзүнөн-өзү мага баш ийбей калып жатты. Сулейман султан өкүмдарлык кылып, Халит Эргенчтин жашоосун ээлеп алды. Айтор, тасма тартылып жатканда Сулейман жашаган Топкапы сарайында өзүмдү унутуп, султандай сезем»,- дейт ал.
ЖАШООДО ДА ӨЗҮНЧӨ ЭЛЕ «МАЧО»
Халит Эргенч – өтө түнт адам. Бирок түнттүгү анын жеке жашоосунда айымдардан калканч боло албагандай. 38 жашына чейин сулуулар менен болгон романдарын өзү да эсепке киргизбейт экен. Ал 38 жашында Гизем Сойсал аттуу актрисага үйлөнгөн. Бирок бир жарым жыл гана жашап, экөө эки жолго түшөт. Анткени «1001 түн» тасмасына тартылып, андагы кара көз сулуу актриса Бергүзер Корелге башын жоготуп ашык болуп калат. Сүйүктүүсүнө жетүү үчүн ал мурунку аялынын боюндагы 5 айлык баланы да алдыртып салганын айтышат (бул катаалдыгын да айрымдар Сулейман султанга окшоштурушат). Ошентип, 2009-жылы үлпөт тоюн белгилеп, жыл айланбай Бергүзер экөө уулдуу болушат.
Баса, «Даңазалуу кылым» тасмасынын 3-сезонунда тартылып жаткан актриса Жансу Дереден (тасмада Фирузе) кызганып, аялы Бергүзер аталган тасмага өзү да тартыларын айткан. Жакында тасмада султандын гареми ушул кара көз менен толукталчудай болуп турат.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg