Байыркы Римдеги сойкулар
Байыркы Римде сойкулар римдик жрецтер үчүн, анан жоокерлер үчүн кызмат кылышкан. Алар беттерин боёп, көздөрүн чийип алгандыгы менен айырмаланган. Кол алдында сойкуларды иштеткен далдалчылар кыздардын өңүнө, дене-келбетине карап сатып алып, аларды каалаганындай кызмат кылдырчу.
Сойкуларды сатуу ошол кезде эң көп киреше алып келүүчү кесип болгон. Согуш талаасынан кайткан эркектер үчүн атайын сойкуканадагы кыздар кызмат кылышчу. Римдиктер сойкуларды өтө пас адам катары тутушкандыктан, андай аялдар менен өбүшүү мындай турсун, алар менен бир жерде отуруп тамак ичүү күнөө деп эсептелген.Грециядагы сойкулук
Ал эми Грецияда сойкулук диний багытта болгондуктан, храмга келген ар бир аял храмга келген эркекке денесин саткан. Андан түшкөн акчаны аял храмдын пайдасына беришчү. Элде сойкулук менен жан баккан аялдардын күнөөсү ошону менен кечирилет деген ишенимде болушкан.
Солон аттуу акын адам Грецияда биринчи жолу сойкукана ачкан. Ошону менен ал сойкукана эң көп киреше алып келе тургандыгын далилдеген.
Италиядагы куртизанкалар
Италияда кайра жаралуу доорунда «сойку» деген сөз «куртизанкалар» деген сөз менен алмашкан. Куртизанка деген сөз биздин тилге которгондо «жеңил ойлуу аял» деген маанини билдирет. Алар падыша сарайларында жашашкан. Алардын сырткы сулуулугу эле эмес, өзүн коомдо алып жүрүүсү да мааниге ээ эле. Куртизанкалар эки түргө бөлүнгөн.
«Чынчыл» куртизанкаларга ак сөөктөрдүн талабына жооп бере турган сойкулар кирген. Алар бардык жактан сабаттуу болууга тийиш болчу. Бийлегенге, ырдаганга, философиялык ой жүгүртүүгө, башкача айтканда, кардарлар менен бардык темаларда сүйлөшө билгенге үйрөтүшкөн. Анан албетте, төшөктө эркектерге ырахат тартуулоонун бардык ыкмаларын билүүгө тийиш болчу. Айрым учурда кардарлар куртизанкаларды өмүр бою багып келген учурлар да кездешкен. Ошондон улам айрым куртизанкалар болуп көрбөгөндөй байлыкка жетишишкен. Бул кесип пайдалуу экенине көзү жеткен кээ бир энелер кыздарын жаш кезинен куртизанка болууга даярдашкан.
Чынчыл куртизанкалардын да далдалчылары болууга тийиш болгон. Кээде өзүнүн апасы, кээде алысыраак туугандары кызды саткан далдалчынын ролун аткарышкан.
Сойкулар жашы өтүп бара жатканда бала багып алганга акылуу болушкан. Ал эми багып алган кыздарды өз кесибине үйрөтүп, карылыгына кам көрүшкөн.
«Жөнөкөй куртизанкалар» сойкуканаларда жашап, төмөнкү катмардагы адамдарга кызмат көрсөтүшкөн. Кардарлардан тапкан акчасынын жарымын «Капитанга», башкача айтканда, сойкукананы кармаган адамга берүүгө аргасыз болушкан.
Италиялык эркектерге сары чачтуу аялдар жаккандыктан, сойкулардын көпчүлүгү чачтарын сары түскө боёп, бетине эндик шыбап алып жүрүшкөн.
Ал эми бийлик башындагылар куртизанкаларды колдоого алган. Анткени, эркектер аялдарга караганда сан жагынан көп болгондуктан, куртизанкалардын кызматына муктаж эле. Ошондуктан, сойкулук болуп көрбөгөндөй өскөн.
Куртизанкалар болушунча венерикалык ооруларды жуктурбоого аракеттенишкен. Себеби, ооруп калган куртизанкалар тез эле жумуштан чыгарылып салынган. Алтургай, жыйнаган байлыгынан куру калган учурлары да болгон.
Куртизанкаларга башкалар менен бирге чиркөөгө киргенге тыюу салынган. Ушундан улам алар үчүн өзүнчө монастырь тургузулган.
Гейшалар
Гейша япон тилинен бизге которгондо «искусствонун адамы» же «чеберчиликке ээ адам» деп которулат. Японияда сойкулар деген ат акырындап «гейша» деген атка өткөн эле. Бул кесипке кыздарды 7-8 жашынан баштап үйрөтүп башташат. 15-16 жашка чыккандан кийин гана гейшалар кызмат көрсөтүүгө өтөт. Ошол аралыктын ичинде алар жарашыктуу кийингенди, ырдаганды, бийлегенди, чай берүү жөрөлгөсүн, музыкалык аспапта ойноону, айтор, бардыгын үйрөнүп чыккандан кийин гана «гейша» боло алат. Японияда гейшалар өзгөчө бааланат. Анткени, алар эркектердин дене кумарын гана кандырбастан, катуу стресстен да арылта алышат. Анткени, жан-дүйнөсү жабыркаган эркектердин сырларын угуп, аларга кеңеш берүүнү гейшалар кичине кезинен эле үйрөнгөн болот. Эркектердин жанында алар кабагын бүркөгөнгө же таарынууга акысы жок.
Гейшалардын кызматы ар ким үчүн эле боло бербейт. Ошондой эле гейшаларды бир күнгө же бир түнгө сатып алууга мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурда гейшалар бир эле кардар менен бир нече жылдар бою жашайт. Ушундан улам эркек аялы катары эмес болсо да гейшаны бардык жагынан камсыздандырууну мойнуна алууга мажбур. Негизи, гейшалар үчүн кардарларды тез тез алмаштыруу өтө уят нерсе.
Азыркы учурда аз санда болсо да гейшалыкты кесип кылгандар бар.
Орусиядагы сойкулар
Орусияда сойкулук өзгөчө Екатерина IIнин тушунда күч алган. Алар эртең менен кадимки эле жумушуна кеткендей кетип, сойкулукту кадимки кесипке айландырышкан. 17-кылымда Россияда биринчи сойкукана ачылган. Петр Iнин тушунда Россияда жоокерлердин көбөйүшү менен сойкулардын кызматына муктаж болгондор кескин өскөн. Өз денесин саткан аялдар көбөйгөнүнөн 1844-жылы 29-майда Россия империясында сойкулар үчүн бир катар эрежелер пайда болгон. Ал эрежеде ар бир сойку бир күнгө 5-6 гана кардарды тейлөөгө акылуу экендиги жазылган. Бирок, бул эреже киргизилгени сойкулардын баасы жогорулай баштаган.
Революциянын келиши менен Россияда сойкулук тыптыйпыл жоголуп, андан кийин кайра куруу доорунан баштап кайрадан жандана баштады.
Чоёке катын
Мусулман өлкөлөрүндө мурунтан эле өз денесин саткан аялдар болгон. Көпчүлүк учурда алар кербендерге, соодагерлерге кызмат кылышчу. Алар «чоёке катын» деп аталган. Мусулман өлкөлөрүндө сойкуну убактылуу сатып алган эркек ал менен никеге туруусу зарыл эле. Үч күн болсо үч күн, бир күнгө болсо бир күнгө нике кыйдырып, ал эми кетээринде талак катын колуна берип кетүү шарт болгон. Бул шартты аткарбоо мусулманчылыкта чоң күнөө катары эсептелген. Мусулман өлкөлөрүндө өз денесин саткан аялдарды биротоло аялдыкка эч бир эркек алган эмес.
Даярдаган Асия Алиева