Тамара Кожомуратова, Нурлан Насиптин апасы: «НУРЛАН КИЧИНЕСИНДЕ АКАЕВ БОЛОМ ДЕЧҮ»

Эне менен баланын ортосундагы ыйык сезимдер, тарбия, тартип, мамиле жөнүндө кеп козгоону максат кылып, ырчы Нурлан Насиптин апасын кеп төрүбүзгө чакырдык.

– Тамара эже, бүгүн сиз менен ырчы уулуңуз Нурлан жөнүндө сүйлөшкүбүз келип турат...
– Жакшы болот. Нурлан 5 баламдын төртүнчүсү. Ал төрөлгөндө эле 3 килограмм 900 грамм болуп чоңураак төрөлүп, бала кезинде оору-сыркоодон алыс, чымыр, чыйрак болуп торолду. Абдан эрке болгонун да айта кетпесе болбос, анткени андан кийинки кызым 8 жылдан кийин төрөлдү. Мен кайда барбайын, «мен дагы» деп ээрчип чыга келчү. Көбүнчө жаныма алып жүрчүмүн. Кээде чыбык менен чыпылдата артымдан ээрчип келаткан жеринен кайра үйгө кууган күндөрүм болгон. Ага деле болбой жерге жатып алып оонап ыйлап калчу. Кайда баратканымды угуп калган болсо, менин алдыма түшүп өзү эле жөнөп кетет же отурган жериме артымдан кирип барчу.

– Эркеликтин айынан тентектикти көп эле көрсөтсө керек?
– Эрке болгону менен, кичине кезинен эле күйүмдүү, камкор экени билинип турчу. Анан да өжөрлүгү бала кезинен бар. Эгер көчөдө балдар менен урушуп калса, өзү ыйлап-буркурап жүрүп ал баланын артынан үйүнө барып, ата-энесинин көзүнчө кубалап уруп, өчүн алып, анан келчү.
Кичинесинде «мен Акаев болом» деп сыналгыдан ал кишини көрсө эле экранды кучактап башын тийгизе берчү. Конок келип кеткенден кийин урушсам болбой кыдырып чынылардын түбүндө калган чайларын ичип чыгар эле. Балам президент болбосо да, ырыс-кешиктүү болор деп акырында тим койчумун. Эми элдин уулу болуп отурганына кубанычтамын.

– Нурланга тийиштүү сиздин эсиңизде бекем сакталган окуялар барбы?
– Бир күнү атасы экөөбүз конокко кеткенбиз. Кой кезүүнүн кезеги бизге жетип калган экен, улуу балам да бошобой калып, Нурланга айдатып жибердик. Жаңылбасам 4-5-классында болсо керек. Кечке маал үйгө келатсак эле айылдагылардын баары «койлорубуз жок, балаң 5-6 койду айдап өзү эле келди» деп чуулдап жатышыптыр. Нурландан сурасак, «уктап калган экенмин, ойгонсом мобу койлор эле калыптыр» деп айдап келген 5-6 коюн көргөзөт. Түндөп жабыла тоо, сайдан издеп жүрүп, акыры таап келгенбиз.

– Мектеп курагындагы Нурланды сүрөттөп берсеңиз?
– Мектепте жакшы окуду, тартиптүү болду, классынын старостасы болчу. Анан эсимде калганы, сабагынан чыгары менен заңкылдап ырдап, үйгө жетер жеткенче токточу эмес. Биз «аа, Нурлан чыкты, жакындады, келди» деп алыстан үнү аркылуу билип турчубуз.

– Ошол кездеги Нурлан менен популярдуу ырчы Нурландын айырмасы барбы?
– Адамдык сапат жактан өзгөргөн жок. Бала кезинде кандай кичи пейил, күйүмдүү болсо, азыр деле ошондой. Болгону, ырчыларыңдын үй-бүлөгө убактысы артпай калат экен. Айылга жылына бир-эки жолу келет. Келсе мен жыргап калам. Улуу балам Токтогулда жашайт. Андыктан Нурлан келгенде мал жайгарып, суумду ташып, колум узара түшөт.

– Жакында эле Нурлан биздин «Тамаша торубузга» түшүп калды. Ошол окуяга сиз да күбө болдуңуз эле...
– Жылдыздар түшкөн «Тамаша торду» гезиттен окуп күлүп калчубуз. Ошол себептен Нурландын туулган күнүндө болгон окуяны тамаша болуш керек деп эле ойлогом. Анан чындап эле корко баштаганымда, балдар «бул тамаша» деп кулагыма шыбырап калышты. Анан да баламдын продюсеринин кабары бар экен. Акырында баарыбыз күлдүк.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Бар болуңуз.

Тамара эже менен баарлашкан соң кеп учугун Нурлан өзү улады.

– Нурлан, кандайсың? Бул ирет эне менен баланын ортосундагы ысык мамиле, тартип, таалим жөнүндө сүйлөшөлү. Апаңды кандай сүрөттөп бересиң?
– Апам – мен төрөлүп-өскөн Токтогул районунун Терек-Суу айылынын ардактуу мугалими. Тартипке бекем, мээримдүү эне. Мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштегендиктен, апамдын жинине тийбей, сабакты жакшы окуп, так, туура иш аткарганга дайыма аракет кылчумун.

– Мугалим болсо, тарбияны катуу эле берсе керек...
– Ооба да. Апам, негизи, суудан коркот. Ошол себептен мени таптакыр көчөдөгү балдар менен сууга жиберчү эмес. Бир күнү болбой эле балдарга кошулуп каналга качып кеттим. Жакшы эле сууга түшүп ойноп жатканбыз. Бир карасам, апам келатат. Ошол жерден балдардын көзүнчө суу чыбык менен бутка чаап алып кеткен. Зып этип чыбык келип бутума оролуп калат, кыпкызыл болуп изи калып, тызылдап апамдын алдына түшүп алып чуркап келатам. Ошондон кийин сууга баргыс болгом. Ал канал чындыгында жаш баланы агызып кетчүдөй чоң болчу да.

– Ата-энеңдин кимисине жакынырааксың?
– Бала кезимден эле ырчылыгымды колдоп, керектүү музыкалык аспаптарды сатып берип тургандыктанбы, атама жакынмын. Апама улуу агам жакын. Экөө жакшы сырдашышат. Мен деле апама көз карашымды, оюмду, пландарымды айтып турам. Ырчы болом деп көп аракет кылып, алгач эч майнап чыкпай жүргөндө түйшүгүмдү апама айта берчүмүн. Кийин жаңы жылдык көгүлтүр оттон, маданий кечелерден мени көрүп, гезит беттеринен мен тууралуу окуп, көзүнө жаш ала маңдайы жарыла кубанганы дайыма көз алдымда. Колумдан келишинче апамды алаканыма салып, бул жашоодо сыйлап өткүм келет.

– Жакшы. Апаң үчүн кандай уулсуң?
– Жаман эмес. Уурулук кылып, калп айтып апамды уят кылган жокмун. Көчөдөгү балдар менен уруша кеткенде катуу жиниме тийсе, артынан барып терезелерин талкалап салганымды кошпогондо :)

– Ырчылыктын артынан апаңа кээде ыңгайсыздык жаратуу деген да болбой койбосо керек...
– Жакында сиздердин гезитке «Тамаша торго» түшүп калып, ошол учурда апам жанымда эле. Чочулап тургам, ал кишиге да ыңгайсыздык жараттым го деп. Көрсө, апама тамаша экенин айтышыптыр, өзү деле бул тамаша болсо керек деп ойлоп турган экен. Акырында гезитке чыгат деп кээ бир жерлерин кайра өзүм ойноп бергенимди көрүп, апам күлдү.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тамара Кожомуратова, Нурлан Насиптин апасы: "Нурлан кичинесинде жерге жатып алып ыйлачу"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
bilgimkelet
2012-11-12 14:39:56
Маанайды которот экен. Ушул ырчыны менин курбум кызым аябай жакшы корот да! Бирок, Нурландан тузук эле боюу узун даа!
0
aydi
2012-11-12 23:42:52
Нурлан байке мен сиздин ырларынызды аябай жакшы кором даже сиздин ырларынызды укканда илхом келет , ошол убактан пайдаланып 20га жакын ыр да жазып койгом ! ишинизге ийгилик аллах озу колдосун сизди !
0
xsyfhf
2012-11-13 09:27:11
Нурланды биз аябай талантуу жаш ырчы катары билебиз.Чыгармачылык иигиликтерди каалайбыз.Алыскы Якутиянын Мирный шаарынан салам.
0
admin_MiranA
2012-11-13 09:41:48
litpa, гезитти жакшылап окуңуз! Маалыматты тактабай туруп, гезиттин жалпы ишмердүүлугүнө кескин сын айтканыңыз үчүн 100 күнгө сайт менен колдонуу укуктарыңыз чектелди!
0
Ханбийке
2012-11-13 16:18:56
Азаматсын Нурлан Насип иштерине ийгилик! Дагы коп коп ийгиликтерди кутобуз сенден.
0
aia.jan
2012-11-13 16:22:55
Мен сизди бадан жакшы кором, ырларынызды суйуп угам. Ийгилик
0
mahabat.
2012-11-13 17:40:27
алтындай апана кудайым ден-соолук берсин.нурландай уулду тарбиялап остургонунузго сизге алкыш.уй-булонорго жакшылык жана бакыт каалайм.нурлан ар дайым бар бол.экрандан жузун кетпесин,радиодон унун очпосун.
0
kosi
2012-11-14 01:45:10
мага ушул бала жагат жылдыздуу ырдаган ырлары да озуна жарашыктуу Алга!
0
Nazgul.
2012-11-14 18:16:35
молодец жакшы ырдайсын ишине ийгилик
0
Айчурок
2012-11-15 14:50:00
Нурлан байке сиздин ата-эне деген ырынызды апам оло жакшы корот. ОШол ыр чыкканда эле звукту которгуло деп калат. Сиздин чыгармачылыгынызга чооон-чооооооон ийгиликтерди каалайм.Ушундай ырлардан кооп-кооп чыгара бериниз
0
Tolckunbek
2013-01-11 02:55:27
от души! ийгилик сага!
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан