Ысык-Көл облусунун аймагында 2012-жылдын 10 ай аралыгында 334 жол кырсыгы катталса, бул көрсөткүчтүн 65и жол жээгиндеги бак-дарактарды сүзүп кырсыкка учурагандар. Жол жээктеги бак-дарактар айдоочулардын көрүүсүнө тоскоол кылып, кышкысын жолдордо муз тоңууга алып келип, жол коопсуздугуна коркунуч туудурат. Эми жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 105-чакырымынан 190-чакырымына чейин, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун 184-чакырымынан 218-чакырымына чейин жана Каракол-Эңилчек автожолунун 1-чакырымынан 7-чакырымына чейин жүргүзүлөрү күтүлүүдө.