Урмат Бекболиев, Анжеликанын жолдошу:«КЭЭДЕ АНЖЕЛИКАГА ТАТЫКТУУМУНБУ ДЕП КЕТЕМ»

«Өлүмдөн башкасынын баары эрте эле болгону жакшы, мени менен тең кыздар али турмушка чыга элек. А мен эне болуу менен катар көптөгөн ийгиликтерге жетишкениме кубанам»деген ырчы Анжелика жана анын жолдошу Урмат бүгүн биздин коноктор.

– Кандайсыңар, Урмат, Анжелика? Бүгүн сиздер менен үй-бүлө жаатында сүйлөшүүнү туура көрдүк. Дегеле үй-бүлө деген силер үчүн эмне?
Урмат: – Жакшы болот. Үй-бүлө – адамдын жашоосундагы эң ыйык, кол тийгис, айтып бүткүс бакыт. Бир бүтүндүккө айланган жубайлардын ынтымагы деп билем. Бирок ошол ынтымакты багынтуу өйдө-төмөн, ысык-суук деген нерселерди баштан кечирмейин болбойт. Бул өзү турмуш да.
Анжелика: – Үй-бүлө дегенде жубайлардын бири-бирине жылмая карап, ойноп жаткан балдарына кубана, суктана көз чаптырып турган элеси көз алдыма келет. Үй-бүлө куруу бул – жашоодогу эң чоң жоопкерчилигиң. Өзүнчө чоң мамлекет куруп, анын президенти – жолдошуң, а сен экономиканы өнүктүрүү министри болушуң керек. Бул сөздүн артында турмуштагы канчалаган сыноолор жатат. Ошол сыноолордун ар бирин жеңип чыккан сайын үй-бүлөдө ынтымак, биримдик ошончолук арта берет.

– А силердин үй-бүлөдө өзүңөр айтып жаткан ынтымак ысык-суукка бышып, бекемделүүгө жетиштиби?
У.: – Биздин баш кошуп, бирге түтүн булатканыбызга быйыл 6 жылдын жүзү болду. Ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз деп ишенимдүү айта алам. Башында, албетте, түшүнбөстүктөр бизде деле болгон. Анжела экөөбүздүн ортобузда жаш айырмачылыгыбыз 12 жыл. Ал түшүнгөн нерселерди мен түшүнө албай же мен түшүнгөндү ал кабыл ала албаган учурлар кезикчү. Убакыттын өтүшү менен баары жайына келди.

– Мисал келтире кетсек...
– Биз жаңы баш кошкон кезде анча-мынча пикир келишпестиктер көп эле болгон. Мисалы, ырчы болгон соң кээде шартка жараша түнкүсүн ыр жаздырууга туура келет экен. Ыры жазылып бүтсө, эртеси бир тойго чакырылып калат же концерт чыгат. Чындыгында, мен башында мындай нерселерден чочулап жүрдүм. Кийинчерээк өзүм кошо бара баштадым. Ыр жаздырууга болобу, туулган күндөргөбү же алыскы гастролгобу, концерткеби, айтор, кошо барам. Ошондо мен келинчегимдин сахна артындагы иштерин көрүп, чындыгында абдан оор жумуш экендигине ынандым, баа бердим. Ал тургай кээде мен Анжелага татыктуумунбу деген суроо жаралып кетет.
А.: Албетте, бирөө менен сүрөткө түшсөң же кечинде кечирээк келсең, бул жолдошуңа жагымсыз нерсе. Эгер жаныңда жүрсө, тескерисинче, ага сыймык болот экен. «Аа, эл баалап, кол тамга сурап жатат» же «сүрөткө түшүүнү өтүнүп жатышат» деп сыймыктануу менен карайт. Эгер Урмат жанымда болсо, мен, тескерисинче, ээн-эркин жүрөм, бийлесем да, сүйлөсөм да, сүрөткө түшсөм да анын көз алдында. Өзүм жалгыз бир жакка барып калсам, кысылып бийлебейм, тынч эле отура берем. Жадакалса кечкисин курбуларым менен киного баргандан да тартынам, карап турган көздөр көп дегендей, «түндөп күйөөсү жок бул эмне кылып жүрөт?»дейт да. Муну мага Урмат да айтып калат, «ооба, мен го түшүнөм, бирок эл түшүнбөйт. Ошол себептен мен жок кезде курбуларың менен киного барсаң, эртерээк эле барганың жакшы»деп.

– Бул сөздөрдөн кийин кызгануу темасында кеп козгой кетпесек болбос...
У.: Кызганычсыз үй-бүлө болобу? Кызганасың да. Сүйүү бар жерде кызганыч сөзсүз болууга тийиш.
А.: – Мен деле кызганам. А жолдошума кызганууга «повод» деле бербейм го.

– Кандай учурда кызганасың?
– Эгер Урмат бир кызды карап калса, ал кыз менден сулуу болсо дебейимби, ха-ха... Эгер анча деле сулуу эмес болсо, кызганбайм деле.

– Кандай учурларда ортоңордо пикир келишпестиктер чыгат?
У.: – Андай деле пикир келишпестиктер жок. Бир жакка баратканда дайыма кечиге бергенибизден улам Анжелага эрте даярданып, эрте үйдөн чыкканды үйрөтө албай келем. Айтылган убакта баруу – биз үчүн жомок. Кээде «кайнененин камырынан»демекчи, өзүмдүн апамды тартып калган го деп ичимден жылмайып алам. Апам дагы үйдөн чыгар алдында 2 саат камданат. Айылдагылар чогуу бир жакка барарда 2 саат алдын ала «даярданыңыз, чыктык» деп айтып коюшат.
А.: Анткен менен той биз барганда башталат го.

– Бул жаатта Анжелика эмне дейт?
– Урмат 7-классынан баштап өз алдынча шаарда окуп, иштеп, эч кимге көз каранды болбой көнүп калыптыр. Кайда барса, эмне кылса өз эрки дегендей. Кийин биз үйлөндүк, жубайы болгондон кийин «кайда, качан, ким менен, кайра качан?» деген суроолорду бересиң да. Урмат ушул суроолорго жооп бергенден кыйналып жүрдү. Отчёт беремби дегенсип. Анткени өөн учурап жатты да. Анан күн сайын бул темада сүйлөшүп, «сенин үй-бүлөң бар, мен сенин аялыңмын, мага кайда, эмне себеп менен баратканыңды айтышың керек»деп кайталап жүрүп акыры бир аз көндүрдүм окшойт, анча-мынча унутуп калганын эске албаганда. Бир жакка баратканда «мен кетип баратам» деп айтып койсо, ичиңден «ии, мага чалып айтты, демек, мен ал үчүн маанилүү экенмин»деп жыргап каласың да. Кыскасы, пикир келишпестик чыгып калса, жакшы ыкма таап алганбыз, кыздарды уктатып коюп, столго шоколад менен чайды коюп алып бетме-бет сүйлөшөбүз.

– Урмат, Анжелика кандай келин?
– Бүгүн жаңы эле апам айылдан келди. Кышкысын дайыма биздин колубузда, шаарда болот. Апамдан барып сурасаңар болот. Эринбей отуруп ар бир кылыгына чейин мактана айтып берет. Анжела апам үчүн келини, кызы эмес, небереси дейт элем. Анткени небересиндей жакшы көрөт.
А.: – Апамды ушунчалык жакшы көрөм, үйгө келсе бетинен өпкүлөй берем, эркелеп. 80дин кырын ашкандыктан, жуунтуп, тырмагын алып бергениме кубанам. Көбүрөөк батасын алууга аракет кылам. Акинтай деп мени да аябай жакшы көрүп, эркелетип турат. Сөз кезегинде айта кетейин, Урмат да менин апама күйөө бала эмес, өз уулу десем болот. Апам Урматты кичинекей кезинен эле билет, жакшы көрөт.

– Ата-эне демекчи, силер да ата-эне болдуңар. Балдарга тарбия берүү тууралуу кеп улайлы.
У.: – «Ээ, балам, балалуу болгондо билесиң»деген ата-бабаларыбыздын сөзү бекеринен айтылбаптыр. Муну эми түшүнүп жатам. Менимче, бала тарбиялоо милдети энеде. Эне кандай болсо, кантип иш кылса, эмне деп сүйлөсө, ошол нерселерден балдар тарбия алат. Бир ирет урушуп тарбиялап көрөлү деп кыздарымды урушуп көрдүм. Болбойт экен, кыз бала назик да. Уулдуу болсок, аны урушуп коюшум мүмкүн.
А.: – Баланы кыз же уул деп бөлүүгө болбойт го дейм, менимче. Ал кичинекей, азыртадан коркуу сезимин түшүнбөй эле койгону оң. Туура эмес иш кылса же сийип койсо, колго чаап тарбиялагандарга кошулбайм. Коркок болуп калат. Көбүнчө түшүндүрүүгө аракет кылам. «Ашканага келбе, ысыкка барба, муздак сууга жолобо» деп тилим тешилет. Кыскасы, Айыма менен Элима үчүн Урмат ак көңүл, боорукер ата, а мен урушчаак апамын (күлүп).

– Анжелика, сени акыркы кезде ишмер айым катары да көрө баштадык. Бул жаатта жолдошуңдун да салымы болсо керек?
– Албетте. Экинчи кызым боюмда болуп үйдө отуруп калганда себиме келген кийим тигүүчү машина менен өзүмө ар кандай кийимдерди тиге баштадым. Ошентип, бул ишке берилип, күндүзү оюмдан, түнкүсү түшүмдөн кетпей, кыргыз оюмдары бар үлпөт көйнөктөрүн тигүүгө өттүм. Акыры Урматтын жардамы, өзүмдүн эмгегим менен үлпөт салонун ачтым. Жыйынтыгында эл оозуна алынып, былтыр «Мода жумалыгына»коллекциямды алып чыктым. Быйыл болсо бул иш-чарага бир жыл бою камданып, акыры «Жылдыздар жерде жашашат»жана «Жар-жар»деген аталыштагы эки коллекциямды тартуулап, кубанып жүргөн убагым.

– Убактыңарды бөлүп кызыктуу маек куруп бергениңерге рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика: "Жолдошумду мырза катары эмес бир тууган катары кызганам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (86)
aika2009
2012-11-21 16:24:56
куйоосу тыйып турат окшойт высокомерная болуп кетип атканда озу менен тенге куоого чыкканда кантээр эле дейм да
+1
kbs-love
2012-11-21 18:26:26
vaaaa Anjelika jana Urmat batyluu ui-bulolordun biri. Akintai aiyabai jakatta maga. Ishine igilik, bakyt kaalaim!!!!
0
mela
2012-11-21 23:21:42
Анжелика,салонундагы кызматкерлерди айдачы!!!Койнокту кулжундап жулкуп кийгизишет сурансан,а так киши мн иштери жок,кирип алып тура бересин. Кагып силкип суйлошот,50с.толотушот ар бир примеркага.Кыскасы,экинчи басып баргыс болгом.
+4
dina
2012-11-22 13:50:44
Суктанарлык уй було. Ар бир кыргыз кызына ушундай бакыт берсин жараткан!
0
magic1721
2012-11-22 15:09:59
Бизде жумушта бир байке бар эле Б... деген, коп мактанчу Анжелика менин кызым деп. Ошо чынбы?
0
miraimjan
2012-11-22 15:21:26
Baktylyy bolgula ,Biz negizi kyrgyzdar biri biribizdi koro albastyk degen ajbai kop oshonduktan ar kim ar kandai oido oshonduktan maani berbegile ,birok konyp dele kalsagar kerek .Andai mende da kop kezdeshet tak shto kaalagandai syiloi berishsin.Ishigerge yigilik ,yi bylolyk bakyt.Yi bylo byl bashky roldo bailyk emes byl birin biri tyshynyy jana baaryn kotoro bulyy.A bailyk bir kelet bir ketet .Kolugar ajyrashpasyn .Allahym silerdi koldosyn,MachaAllah
+1
spagaliev_medet
2012-11-23 00:13:46
скоро бир биринерди тытып жейсинер отвечаю.
0
maha11
2012-11-23 15:57:03
мактанса мактангандыр бирок Урмат эгер жонокой жерде иштеп Анжеликаны колдой албаса балким кандай болмок, азыр Анжеликага чон колдоо корсоткон Урмат ошон учун жаанкам деп суйсо керек
+1
kuzina
2012-11-23 19:17:34
Anjelika en suluusun jana talanttuusun.Ui bullon menen baktyllu bol.
0
beksezim
2012-11-24 07:28:48
Бактулуу болгула.Анжелика онорун оркундой берсин.
0
kanatkayrat
2012-11-24 16:20:02
бактылуу уйбулоо экенсинер ушунунардан жазбагыла. ийгилик силерге
0
aidemi
2012-11-25 21:34:16
Эмне учун улуу кишиге турмушка чыкса соссуз эле акчасы учун тийди деп айтышат мен да жолдошум озумдон 12 жаш улуу озум анжелика менен тенмин менин да эки кызым бар суйуп журуп эле турмуш курганбыз.Анжеликаны мен аябай жакшы тушуном.Ар ким ойуна келгенин суйлой берсин бирок биз ото бактылуу адамдарбыз куйоолорубуз колдорунда которуп журушот.
0
Edu_y
2012-11-25 22:25:47
куйоосу чал екен го кантип чыдап журот болду екен
0
Aliyar85
2012-11-25 23:57:06
ооо
0
gitaristka_2013
2013-05-11 14:11:38
Байкасанар Анжеликанын бетине эми эле бырыш тушуп калыптыр да:)))))
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан