Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАЛАНЫ УРУП ТАРБИЯЛОО ТУУРАБЫ?

№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж


Редакциябызга Алтынай аттуу окурманыбыздан «уулум Азамат 8 жашта. Такыр тил албайт. Айткан нерсеңди сөзсүз тескери жасайт. Кээде тентектигинин айынан атасы экөөбүздөн таяк жейт. Өткөндө ачуум келип үбөлүк менен сабап салыптырмын. Эми уулумдун көк ала денесин көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Сурайын дегеним, баланы уруп тарбиялоо туурабы? Тилазар балага кантип туура тарбия берүү керек?»деген маанидеги кат келген.
Окурманыбыздын суроосуна «ParadiseSun»психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп бермекчи.

БАЛА ЭМНЕГЕ ТИЛАЗАР БОЛОТ?
1. Эгерде балага жетиштүү көңүл бурулбаса, анда ал өзүнүн ыкмасын колдонуп, сөздү укпай, тил албайт.
2. Эскертүүлөр жана кеңештер улам-улам айтылса, буйрук жана сындоо катуу болсо, көп калп айтып алдасаңыз, бала кежирлене баштайт.
3. Көп учурларда балдар ата-энелерине таарынып калышат. Ар кандай себептер менен: катуу эскертип коюу, аткарылбаган убада, адилетсиз жазалоо. Бала өзүнүн ички дүйнөсүндө азап чегип, сыртына нааразычылыгын, тил албастыгын, агрессиясын көрсөтөт. Ушундай жол менен ал өч алат.
4. Бул өзүнүн күчүнө ишенбей калгандыктан болот. Өзүнө ишенбегендиктен эч нерсе жасагысы келбей, «жасасам да менин колуман эч нерсе келбейт» деп калат. Жүрүш-турушу менен бардык нерсеге кош көңүлдүгүн көрсөтүп, жаман болсом боло берем дейт.

УРУП-САБАП ТАРБИЯЛООНУН КЕСЕПЕТТЕРИ
Баланы коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып тарбиялоо эң туура эмес ыкма. Макул, кичинекейинде сабап, урушуп тарбияла, а чоңойгондочу? Ага алыңыз жетпейт. Кийин ал сизге кол көтөрүүдөн да тартпайт. Баланы урбагыла! Катаалдык кайра катаалдыкты жаратарын эске алгыла. Баланы уруп-сабап, коркутуп тарбиялоо зыяндан башка пайда алып келбейт.

  • Уруп-сабап, опузалап тарбиялоо баланын денесинен жаракат алышына, айрым учурларда майыптыкка жеткирет.
  • Балаңызды 1,5-3 жашында урушуп, коркутсаңыз, өзүнөн чоңдордон жалтак болуп өсөт.Башка бала ыйлап жатса, ага кошулуп ыйлоону адат кылат.
  • 3-6 жаштагыларды уруп тарбиялоодо баланын уйкусу бузулат. Калп айтканды үйрөнүп, уурулук жасоого чейин барат. Жаныбарларга аёосуз мамиле жасайт.
  • Катаал мамиледе өскөн мектеп жашындагы балдар жараат алганын да айтуудан айбыгып, баарын ичине сактай берет. Мектептен чыккандан кийин үйгө келүүдөн заарканат.
  • Өспүрүм курактагы балдарды уруп-согуп тарбиялоо алардын суицидге барышына, спирт ичимдиктерин, баңгизаттарын колдонууга, окуусун таштоого алып келет.
  • Баланы зекип, коркутпаңыз жана аны корккон, чыңалган абалда көпкө чейин кармабаңыз: «карап тур, кечинде атаң келгенде сага көрсөтөт!» деп баланы атасынын каары менен же доктурдун ийне саюусу, милиция кызматкери менен коркутуунун кереги жок. Бул кызматтагылар балада коркуу жана аларга ишенбөө сезимин жаратат.
  • Кыйкырык, өкүрүк баланын жашоосунун нормалдуу көрүнүшү болуп калбашы үчүн ага сүйлөгөндө үнүңүздү көтөрбөй, бир калыпта, токтоо сүйлөңүз.
  • Ата-эне баласын уруп-согуп жазаласа, ал ишенимин жоготуп, коркок жана чечкинсиз болуп өсүп-чоңоёт.
  • Эгерде баланы көп шылдыңдаса, кемсинтсе, ал тартынчаак болуп калат.

БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЫКМАЛАР

  • Баланын тентектигине, терс жоруктарына көз жумбаңыз. Ал жөн койгонуңузду көрүп, «мен туура жасап жатам» деп кабыл алат. Бирок тартипке чакырууга өтө аяр мамиле кылуу керек. Жазалоодон улам бала «менин керегим жок» деп ойлоп калбоосу керек.
  • Тентектик кылып жаткан кичинекей баланы кээде алаксытып, көңүлүн башка нерсеге буруу жетиштүү.
  • Бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, ар биринин кулк- мүнөзү, кыял-жоругу ар башка. Алардын мүнөзүнө жараша мамиле кылууну, тарбия берүүнү ар бир ата-эне билиши шарт. Мисалы, кээ бир бала тез түшүнөт. Кээ бирлеринин кабыл алуусу жай. Ошону бала түшүнгөнгө чейин күтө албай, биз аны «келесоосуң!» деп урушуп киребиз. Бул нерсе туура эмес!
  • Эгерде бала тынчтык, достук мамиле өкүм сүргөн үйдө жашаса жана өзүн керектүү адам катары сезсе, ал жакшы көрүү, бардык нерсени сүйө билүү сапатына ээ болот.
  • Балдарды канчалык акылдуусуң деп көп мактап, мээрим төгүп тарбия берсек, көңүлү көтөрүлүп, кызыгуусу артып, мээримдүү болуп чоңоёт. Эң жөнөкөй эле нерсени алалы, баланы уктатып жатканда да бетинен өөп, «жакшы уктай гой» дегенди унутпаш керек.
  • Балага мээримдүү болуңуз. Бирок чалчаңдатып эркелетип, баланын ою менен болбоңуз. Кийин ал сизди башкарып алышы мүмкүн.
  • Балага катуураак мамиле кылыңыз. Бирок урушуп, жаман сөз айтып, кемсинтпеңиз. Сиз карыганда дал ошондой мамиле жасашы мүмкүн.
  • Үнүңүздү бийигирээк чыгарып, өктөм сүйлөсөңүз эле жетиштүү. Үй-бүлөдө көп ызы-чуу болуп, көп тил уккан бала сабап жатсаң да, ага баары бир болуп калат. Анткени бала мындай шартка көнүп бүтөт.
  • Баланын ар бир кылган нерсесин баалай билип, ошого көңүл буруп, ыраазычылыгыбызды билдирип, рахмат айтып, бетинен өөп, көп мактайлы.
  • Бала менен туура, калыс мамиледе болсоңуз, ал адилеттүүлүккө үйрөнөт.

Балалык кез бул – эң таттуу жана кызыктуу мезгил. Урматтуу ата-энелер, балдарыбызга көбүрөөк кубаныч тартуулайлы. Ар бир баланын өз ою бар, ошону уга билели. Бала өз оюн айтканга укугу бар. Кээде балдардын пикири туура чыгып калат. Балдарыбыз менен ой бөлүшүп, кеңешип, алар менен тыгыз байланышта бололу.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Баланы уруп тарбиялоо туурабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
Super TV
17.11.2012. 19:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-09-2012
Соӊку аракети:
23-05-2013 23:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер
Модератор admin_MiranA түзөттү 19.11.2012 09:59
Super TV
18.11.2012. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
12-04-2012
Соӊку аракети:
04-10-2017 01:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
abdan jakshy kenesh.munu aiyl jergesinde da bat battan korsotushso ata enelerge jakshy kenesh bolmok. psiholog eje sonun tushunduruptur. siesdbektin kyzy osuncho ele perishte kyz eken:)
Super TV
18.11.2012. 16:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
13-07-2011
Соӊку аракети:
07-10-2016 02:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы,керектуу маалымат жана Сиездбек байкенин кызы татынакай кыз экен!
19.11.2012. 11:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
16-11-2012
Соӊку аракети:
19-09-2016 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эх-х,бала деген жыргал да.''Балалуу уй базар''деген чыпачын соз,ким айтса да акылдуу адам экен.Мен азырынча уйлоно элекмин,бирок байкелеримдин,эжелеримдин балдарын абдан жакшы кором,алар менен кошулуп кичинекей бала болуп кетем.Кээде урушуп алып кайра озумду жаман сезем.Келгиле,наристелерге жакшы тарбия берели,алар биздин келечегибиз!
19.11.2012. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
семья
+3
Туура айтат балага кандай жакшы тарбия берсе кийин ошонун таттуу узурун алат.
19.11.2012. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
13-10-2012
Соӊку аракети:
28-03-2017 22:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin balam zeerikkende ele meni cholpuldatyp oop kalat:)
19.11.2012. 16:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
05-06-2012
Соӊку аракети:
07-11-2013 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы обу жок эркелетүү эч жакшылыка алып келбейт.Анан эле антиш керек,минтиш керек деп болбогон нерселерди жаза бергендин эмне кереги бар.Анда-санда какыс-кукус кылып койсо эң жакшы тарбия болот.Эгер үйдө бала эч кимден коркпосо анык балеени ошондо күтө бер.
19.11.2012. 16:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
05-06-2012
Соӊку аракети:
07-11-2013 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазылган нерселер европалыктардын көзү менен.Ал эми биздин менталитетбиз,көз карашыбыз,өсүү деңгеелибиз таптакыр бөлөк.Азыр муну дагы бир акылдуусу чыгып талашып,европалыктардан эмнебиз кем деп чыгат.Анткени кыргыз кемчилигин өлсө дагы моюнуна албайт эмеспи.Бизге катуу кол керек баардык тараптан.Ошондуктан баланы дагы башынан катуу кармаш керек.
20.11.2012. 22:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-02-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
0
Aridan777, кечиресиз, бирок бул жерде биздин менталитетке туура келбегендей эч нерсе деле жазылганын эмес экен го... Баары эле туура, а баланы башынан катуу кормоо кимисине жагат, кимисине жакпайт...
19.11.2012. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
24-08-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskva
0
оо ото керектуу маалымат. Издеп жургом super info рахат силерге! менин кызым 2 жашка чыкты уже онор корсото баштады апасын урушам сага окшош ожор деп ал мага кайра сага окшош кок бет дейт бирок ошонтсе да бактылуу уй булолордун катарын толуктайбыз кызыбыз уйубуздун шамы
19.11.2012. 17:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
11-05-2010
Соӊку аракети:
10-10-2016 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
***Бала жаман сөз сүйлөгөндө жылмайгыла,ошондо ал өзүнүн акылдуу экенин түшүнүп жетет.
***Баланын чачкан буюмдарын бүт силер жыйнагыла,ошондо ал жоопкерчиликти башкаларга жүктөгөндү үйрөнөт.
***Балага каалаганынча акча бергиле,ошентип ал мээнет менен тапкан акча кандай болорун билбей чоңойот.
***Балага өз алдынча чечим кабыл алышты үйрөтп
19.11.2012. 17:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
11-05-2010
Соӊку аракети:
10-10-2016 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
**Балага өз алдынча чечим кабыл алышты үйрөтпөсөңөр,21 жашка толгондо да силердин оюңар боюнча иш кылат.
**Баланын алдында күнүгө урушкула,ошондо ал бир күнү ажырашып кеткениңерде көп кайгырбайт.
***Баланын люкс жашоосуна керектүү бүт шарттарды камсыздап бергиле,ошондо максаттарына жетүү үчүн аракет кылыш керек экендигин билбей чоңойот.

19.11.2012. 17:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
11-05-2010
Соӊку аракети:
10-10-2016 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Ушул же ушуга окшогон ыкма менен тарбиялаган балаңыз бир күнү жаман бала болуп чыкса,баладан кечирип сурап,мындай жаман жашоого кириптер кылган өзүңөргө рахмат айткыла ата-энелер!
19.11.2012. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
11-06-2018 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
Ата-эне баласын эч качан жаман болсун дебейт.Туура кичинесинде жакшы көрүп,эркелетип коюушу мүмкүн.Баланы уруп-согуп тарбиялоо туура эмес.Кудай өзүнө акыл менен ыйман бербесе,ата-эненин тарбиясы бир тыйын.Андыктан жакшы тарбия менен Кудайдан ыйманын тилеш керек!
20.11.2012. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
12-10-2012
Соӊку аракети:
18-05-2014 14:47
Жынысы:
Белгисиз
0
болор бала богунан,канча ур,канча эркелет ары жагында болбосо,адам болбойт,
20.11.2012. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-02-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
0
ledy.1993, кечиресиз, сиздики да туура, бирок ошонун алдын алыш керек да...
Super TV
20.11.2012. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
13-05-2011
Соӊку аракети:
21-11-2017 14:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Съездбек байке соооонун ата болуптур))))))))))))))
20.11.2012. 22:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
20-11-2012
Соӊку аракети:
20-04-2015 08:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага тарбия бериштем мурда тарбия озу эмне озубуздо барбы?
20.11.2012. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-02-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
-2
Эн башкысы баланы эс тарткандан баштап Ислам динин уйрото башташ керек... Намаз окууну, Куранды уйротуу ата-эненин милдети го... Окунучтуусу коптогон ата-энелер милдеттерин билишпейт, анан бирдеме болсо эле психологко, психотерапевтге жоноп калышат...
21.11.2012. 01:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
14-10-2012
Соӊку аракети:
03-04-2018 21:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkeksiti
0
Негизи эле баланы уруп согуп тарбиялоо туура эмес. Жаш баланы алдап бир нерсени туура эмес кылыпатса аны сабап урушпай, акырын эле андай кылбайт мындай кылсан туура болот деп кайра тушундуруп айтыш керек, а бизде андай жок сразу уруп согуп киребиз да. А бирок ар бир адамдын дээринде болсо канча тарбияласан да болбойт да
21.11.2012. 08:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
30-08-2012
Соӊку аракети:
23-04-2015 03:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
-1
Баланы ''Ислам'' айткандай тарбиялоо керек. Кайдагы психолоктон кенеш сурабай. Мечитен тарбияны уйронолу.
21.11.2012. 14:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
16-11-2012
Соӊку аракети:
19-09-2016 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Менимче баланы уруп-согуп тарбиялоо такыр туура эмес.Мисалы,мен 8бир тууганмын,ата-энебиз эч кимибизге кол которгон жок,жон гана тушундуруп тарбиялашкан.Биз ата-энебизге ыраазыбыз мин мертебе,ушундай тарбия коргонубузго.Башка ата-энелерге айтат элем,сылык-сыпаа тарбия берсенер,баланар келечекте чыгаан инсан болот деп ишенем.
23.11.2012. 02:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
08-05-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 04:32
Жынысы:
Белгисиз
0
neo03, ушу сен чыгаансынго я.
23.11.2012. 16:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
16-11-2012
Соӊку аракети:
19-09-2016 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
medetbek, maktanbaiyn,birok,jakshy ele tarbiya korgom.
24.11.2012. 14:35 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
676
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
0
балага сылык сыпаа жакшы болбо канчалык жакшы тушунтпо дээринде болбосо кыйынго анан кээде уруп койгон деле кем болбойт канчалык сылык сыпаалык болсо ошончолук оз билги эрке болот сынап коргуло 3кундон кийин атынарды таппай каласынар баланын капризнен
16.01.2013. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
09-08-2018 10:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Баланы тарбиялоодо урбаш керек минтпеш керек деп айтып атышат.Эгер дайым эле соз менен айта берсен ушунтип кутулам деп бала деле кылган тектектигин кайра жасай бериши мумкун.Анда-санда чаап тарбиялап коюш керек.Озгочо бул эркек балдарга керек деп ойлойм.
02.02.2013. 05:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-05-2011
Соӊку аракети:
20-08-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эмне деримди деле билбей калдым кеси ур дейт кеси урбаш керек дейт.менин 1 куулум 1 кызым бар.бирок уулум коп еле таяк жейт нормальный еле.айрыкча домашный сабак жазып жаткан кезде таяк жейт.9 жашта.кызым 4то бирок кызымы таяктай елекмин колум тийе елек.еми коробузда школго барганда.....
31.08.2014. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
28-07-2010
Соӊку аракети:
07-04-2017 21:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
издегенимдин жообун бул жактан таптым, рахмат сиздерге супер инфо. Менин кызым экиде бааржокту тогуп чачып салат. урушкандан корком кызымды жалтакай кылып аламбы деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: