Гербарий – өсүмдүктүн жана жалбырактын кургатылган абалы. Аны өсүмдүктү же жалбыракты кагаздын ортосуна салып, үстүнөн оор нерсе менен бастыруу аркылуу жасай алабыз. Ошондой эле буларды көлөкө, жел жүргөн жерде да кургатууга болот. Кургатууда атайын эрежелерди колдонуу керек. Мисалы, жуулган, суу болгон өсүмдүктү гербарий жасоодо пайдаланбагыла. Ал чирип же көгөрүп кетиши ыктымал. Маал-маалы менен кагазды ачып, кургаганын байкап турган оң. Гербарийди жаныбарлардын же буюмдардын сөлөкөтүн жасоодо колдонууга болот.