Бар экен, жок экен, алыскы айылдардын биринде Алабаш деген музоо жашаптыр. Ал жай мезгилинде туулгандыктан, күздү көрө элек болчу. Апасы менен жайытта оттоп жүрүп бир нерсени көрүп, так секирип мөңкүп кетет.
– Ой! Апакебай, бул эмне?
– Бул – күзгү жалбырак.
– Жалбырак?! Жалбырак деген жашыл болот да?
– Ооба, жашыл болот. Бирок күз келгенде ал өңүн өзгөртүп, сары түскө боёлот.
Ошентип, Алабаш күздүн алгачкы белгиси менен таанышат. Күн өткөн сайын аба ырайы сууктай баштайт. Ошондой күздүн бир түнүндө сарайда уктап жаткан музоо чочуп ойгонуп кетет. Көрсө, сырттагы дабыш уйкусун бузган экен.
– Апаке, апаке, бул эмне? Эмнеге тарсылдап жатат?- деп сурайт энесинен.
– Коркпо, балам, бул – күз. Күзүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
– Жамгыр?! Ал эмне?
– Ал – асмандан түшкөн суунун тамчылары. Кээде майда болуп себелесе, кээде бүгүнкүдөй чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Анткени асманда көп кара булут чогулганда, бири-бири менен кагылышат. Сен муну билип алышың керек, кийинки жылы кайра күз мезгили келет. Ага чейин кыш, жаз, жай бар.
Алабаш чоң көздөрүн бакырайтып:
– Кыш? Жаз? Алар качан келишет?
– Күздөн кийин кыш келет. Кышында асмандан пахтага окшош аппак кар түшөт.
– Кыштан кийин кайсы мезгил келет?
– Анын артынан жаз келет. Жазында күн нурун чачып, карды эритет. Жерден чөп чыгып, айлана жашыл көйнөк кийип жайкалат.
Алабаш апасынын айткандарын угуп жатып уктап калат. Эртеси сарайдан чыкса, жердин бетти аппак болуп калыптыр. Ал сүйүнүп кетип:
– Апа, кыш келиптир! Мен эми мезгилдер кантип алмашарын үйрөнүп алдым,- деп карга секирип ойноп кеткен экен.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg