АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ КИНОЛОРУНДАГЫ «ЛЯПТАР»

Эсил кайран СССРдин убагында “кыргыз керемети” деп кыргыз тасмаларына бүтүндөй дүйнө эли суктанган. Азырчы? “Азыр колунда кимдин видеокамерасы бар болсо эле кино тартып жүрүшөт” деп кино сынчылар айтып калышат. Чын эле бүгүнкү күндө колунда камерасы барлар той тартып, фотоаппараты барлар тасма тартуу – мода. Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанда канчалаган тасмалар элге тартууланды. Тилекке каршы, арасында көзгө илинчү, колго урунчусу аз. Одоно айтканда, саны бар, сапаты жок, оркойгон каталары көп. Бирок тасмалар көбөйсө, сандан сапатка өтөрүбүздү унутпашыбыз керек. Ошондуктан бүгүн биз бир-эки тасманын “ляптарын” байкап көрөлү дедик. Максатыбыз – сындоо эмес, жаш режиссёрлорго сабак болсун деген эле ой. Анан да кыргыз киночуларынын кулагына күмүш сырга кылсак, балким, “ляптар” азаяр... Эмесе, кеттик! Камера! Баштадык!

«ТАЛАС-БИШКЕК»
«Чү» дегенде эле, элдин айтымында, ашууда эле тарыла берген «Талас-Бишкек» тасмасынан баштайлы. Аталган тасмада каарман Ильяз Асел менен жаңыдан таанышып, жолдо бараткан. Жол жээгинде өскөн кызыл гүлдөрдүн жанына жеткенде кичинекей жүргүнчү бала «апа, жерге түшөм» деп машинаны токтотот эмеспи. Так ошондо бардык жүргүнчүлөр сыртка чыгып, таза абадан жутушуп, жаратылыштын кооздугуна суктанышат. Ушул жерде калпакчан алып баруучу жигитти жакшылап караңыз, галстугу жок. Аз өтпөй эле машинага кайтып келишет. Стоп! Ушул кадрда алып баруучу ак галстукчан отуруп калат.

«ГУ ЧЖУН ПЁГО КАНТИП ТУРМУШКА ЧЫГУУ КЕРЕК?»
Кыргыз кыздарынын түшүнө кирген корей актёру Ли Мин Хого күйөөгө тийүүнү үйрөткөн «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?» тасмасында да өтө байкалган «ляп» бар. Алия Дастанга жолугушууга барганда ак күрмө кийип жүрөт. Кайра үйүнө кара күрмөчөн келип калат. Дагы бир байкаганыбыз, Айжан Дастандын үйүнө келе жатканда чачы түз болсо, эмнегедир үйүнө жеткиче шамал уйпалап кеттиби же режиссёр анча маани бербей калганбы, айтор, чачы тармал болуп калат.

«КӨК САЛКЫН»
«Боз салкындын» «небереси» «Көк салкын» деген тасманы баарыңыздар эле көрсөңүздөр керек. Ошол тасманын аягында да «ляп» бар. «Кайсы жеринде?» деп кызыга түштүңүзбү? Анда жакшылап караңыз. Акырында Бакыттын «кылмышы» ачыкка чыгып, анын келин эмес экени билинип калат эмеспи. Ошол жерде ал бир колуна жасалма чачты кармап, экинчи колунда эч нерсе жок турат. Сүф! Эми карасаңыз, колуна көз ирмемде эле кызыл алма пайда боло түшөт. Анан ал Назгүлдүн артынан кууп жөнөйт. Ошондо да бир кадрда колунда алма бар, ал эми бир жеринде жок экенин көрүп, алманы сыйкырчы өстүргөнбү деп ойлоп кетесиң...

Эмне себептен мындай каталарга жол бериле тургандыгы көрөрмандарга кызыгуу туудурат болуш керек. Андыктан ага жооп алуу үчүн режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар Абдыжапаровду кепке тарттык.

Режиссёр жана оператор Санжар Абдыжапаров: «АТАМДЫН КИНОЛОРУНДА ДА «ЛЯПТАР» БАР»
– Бардык эле тасмаларда «ляп» болот. Бизде режиссёр актёрлордун ойногонун, оператор болсо жакшы кадр алууну ойлоп отуруп эле андайларга көп көңүл бурулбай калат. Өзүм тарткан тасмалардан деле көрүп алып бир чети уялам, кайра тартуу жөнүндө да ой келет, бирок кайра тартуу убакытты талап кылат. Ошентип кала берет. Негизи, чет өлкөлөрдө тасма тартарда атайын «ляптарды» карап режиссёрдун бир жардамчысы иштейт. Ошондой жол менен гана мындай каталарга жол берилбейт болуш керек. Мурда оператор боло электе каталарды издей берчүмүн. Мисалы, атамдын «Айыл өкмөтү» тасмасын 150 жолу кайталап көрүп, акыры эки «ляп» таап чыккам.

«АЙЫЛ ӨКМӨТҮ»
– «Айыл өкмөтү» тасмасында өкмөт башы «мен сага түшүнүксүз бирдеме эмесмин» деп сүйлөнүп, күзгүнү карап кийинип жаткан учурда жалпы планда анын көйнөгүнүн жакасы туруп турат. Ортоңку план менен тартылган жеринде жакасы өзүнөн-өзү эле жатып калган. Ал эми экинчиси – айыл өкмөтү участкалык бөлүмгө келип, инспектор менен сүйлөшкөндө башында шляпа кийип турат. Ошол замат сыртка чыгып элге жолукканда башында шляпа жок.

«ЫСЫК-КӨЛ БЕШБАРМАГЫ»
– Ал эми «Ысык-Көл бешбармагы» тасмасында МАИ кызматкерлеринин ролун аткарышкан Сергей Астахов (кинодо Лавров) менен Владимир Гусев (кинодо Зимин) экөө айдап жүргөн Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү машина бар. Белгилүү себептерден улам эки башка машинаны тартканбыз. Алардын өңү, номери ар башка болгондуктан, бул да көрүүчүлөр үчүн «ляп» катары кабыл алынды.

Керек болсо белгилүү «Титаник», «Троя» сыяктуу тасмаларда деле мындай каталар орун алган. Элдин көзү – көрөгөч. Режиссёрлор мындай майда каталарга маани бербегени менен, эл байкайт, сындайт. Бирок сындан өсүү келип чыгат эмеспи. Ошондуктан биздин киночулардын ишине ийгилик жана мындай майда «ляптарга» жол бербешин каалайбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз кинолорундагы "ляптар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Chiko.kg
2012-11-19 11:40:45
хе хе ушуларды байкабаптырмын
0
Aridan777
2012-11-19 17:37:17
Биздин кинолорду,тактап айтканда азыркы "режиссерлор"тарткан кинолордун айтып аткан"ляп"тарын бойкоо же көрүү үчүн анчалык профессионал болуунун кереги деле жок.Өзүлөрү уялбайбы дейм да,ушунчалык беттери жокпу.
0
eliza_eliza
2012-11-20 10:25:57
«Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?» тасмасында да өтө байкалган «ляп» бар. Алия Дастанга жолугушууга барганда ак күрмө кийип жүрөт. Кайра үйүнө кара күрмөчөн келип калат.
хе хе :) ушул жери магада абдан жакканда,режиссёр озу ушул жерин байкабаса керек же корбогон чыгар:).
0
el_ka86
2012-11-20 20:35:23
бул режиссёрдун префессионал же профессионал эместигин аныктабайт.. Фильмде ар кандай жанылыштыктар кетет,себеби сценарий менен аткарып жатат..
Например: "бригада" фильминде да 4,5 ляп бар, жарылган машина мостон тушпой калып,башка машинаны сваркалап жасап ортоп копуродон тушурушот..
0
el_ka86
2012-11-20 20:44:21
и еще бир согушка чейинки убакты чагылдырып тартылган советский фильмде,райком жолдун четинде "эски илгерки биринчи чыккан машине"де олтурса,жолдун ортосунан бир "ЗИЛ" дырылдап отуп кетет,аны режиссер байкабайт калат,себеби фильм 80 жылдары "ЗИЛ" заводтун жанында тартылган экен
0
TolonturCN
2012-11-21 15:27:08
Байкап олтурса мындай жаздымдыктар өтө көп кездешип турат, жада калса дүйнөлүк чоң тасмаларда да кездешет. Титанык тасмасынан 109 катачылык байкалган адистер тарабынан, башка тасмаларда да арбын кездешип турат. казактардын "ЖАУЖҮРЕК МЫҢ БАЛА", "Көшпендилер" тасмасында да катачылыктар арбын, миллиондогон акчага тартылган тасмаларында да. Жакында эле чырга айланган "Ээнсиреген үй" тасмасында да катачылыктар бар, башталып узун ө
0
TolonturCN
2012-11-21 15:30:26
өтпөй эле абийирсиз опизоддордо видеону кесип- жалгоодон кетирип койгон катачылык байгалат. анан дагы жакында эле кино театырдан көргөзгөнгө камылга көрүп жаткан "Атымды башка коемун" тасмасында да катачылык тасманын трейинен эле билинип турат, толугу менен көргөндө канча жеринде бар ким билет?
Атымды башка коемун http://www.super.kg/media/?type=video&id=75009 ушул шилтемеден көрүңүздөр.
0
Cyldyzka
2012-11-22 16:32:28
türktördün bizdin suyup korgon muhteşem yüzyılda da bar lyaptar
0
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА