«Бир гана окуу тоскоол болбосо, студент болуу – эң жакшы» деген тамашалуу сөз бар эмеспи. Ооба, жаштыктын эң таттуу күндөрү, албетте студенттик мезгил. Студент болуу ары сыймыктуу, ары түйшүктүү. Бул жылдары жалындаган жаштыктын жыргалы да, кууралы да башыңан өтөт. Жашоонун чоң агымына аралашасың. Акча менен достуктун, уйкунун баркын билесиң. Студенттер арасында «уктап жаткан студентти ойготкондук – чоң кылмыш кылганга барабар» деген да тамашалуу сөз бар. Анын сыңарындай 17-ноябрда «Супер-Инфо» гезити жана super.kg порталы борбор калаабыздагы ЖОЖдордун журналистика бөлүмүндө окуган жүздөн ашуун студенттерин «таңкы саат» 10:30да ойготуп, «оор кылмыш» кылдык. Тагыраак айтканда, студенттерди майрамы менен куттуктап, так ошол күнү «Кыргыз киносу» кинотеатрына чакырып, майрамдык чакан концерт менен кино көрсөтүп, майрамдык маанай тартууладык.
Биз менен чогуу студенттерди куттуктап келишкен «тамашоучулар» Самат менен Эмил өздөрүнүн тамашалары менен күлкүгө бөлөшсө, ырчылардан Ильяз Абдыразаков жана Каныкей коноктордун маанайын 100 пайызга көтөрүштү. Андан соң «Салам, Бишкек!» тасмасы көрсөтүлүп, зал толгон студенттердин күлкүсү жаңырып жатты. Биздин бул белегибиз болочоктогу кесиптештерибиздин купулуна толду көрүнөт. Майрамдык күндү жакшы маанай менен башташкан студенттер иш-чаранын соңунда бизге ыраазычылыктарын билдиришти. Студенттердин алкышына арзуу – айыл аксакалдарынын батасын алууга тете эмеспи. Ошентип, сессиядан сессияга чейин шаңдуу, капчыгы бир аз да болсо бөксөрбөй жашашкан студенттердин көңүлүн алууга кылган аракетибиздин акыбети кайтты окшойт...
Майрамыңыздар менен, студенттер! Студенттик жылдардын ар бир күнү, ар бир сааты майрам менен өтсүн.
Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
koom@super.kg