Баткен облустардын кенжетайы аталып жүргөнүнүн да себеби бар. 1999-жылы Баткен району Ош облусунан бөлүнүп, облус статусун алган эле. Ушул 13 жылдын ичинде кенжетай Баткен чоңойду. Жакында эле Баткен облусунун расмий белгилери: желек, герб, гимни кабыл алынды.
Облустун расмий белгилерине татыктууларды тандап алуу үчүн эл арасында сынак жарыяланган. Бизди эң эле кубандырган нерсе, өрүкзардан чыккан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаковдун «Кыргыз жери» аттуу ыры Баткен облусунун гимни болуп кабыл алынганы. Ырчы үчүн да күтүлбөгөн сюрприз болду окшойт, кубанычын биз менен тең бөлүштү. «Мен азыр кубанычымды кантип билдиреримди билбей турам. Себеби бул ырды учурда Баткен облусу өз гимни катары кабыл алды. Качан бүтүндөй Баткен эли «ушул ыр – биздин гимн» деп айтканда гана толук кубанса болот»,- дейт Апаз Жайнаков.
Ал эми көптөгөн сүрөтчүлөрдүн ичинен Сайдимар Султанмуратовдун тарткан символу жактырылып, Баткен облусунун герби болуп кабыл алынды. Ал өзү тарткан гербди төмөнкүчө түшүндүрүп берди:
– Баткен облусунун символикалык көркөм идеяларын камтыган дизайндын негизги элементтери болуп айгүл гүлү, тоо, өрүкзар, жана боз үйдүн формасы, кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн тик бурчтук эсептелет.
Айгүлдүн элесин берген алты кырлуу форма: үчөө облустун 3 шаары, үчөө 3 району бар экендигин айгинелейт. Башындагы тоголокчолор айгүл гүлү – гүлдөрдүн ханышасы болуп саналган жана да дүйнөдө сейрек кездешүүчү жаратылыштын бир ажайып кооздугу экенин айтып турат. Анан да күн нурларынын элесин туюнтат.
Жергебиздин Алтын-Бешик тоолорунун ак кар баскан элеси түшүрүлгөн. Анда туруктуулуктун, түбөлүктүүлүктүн, бекемдиктин жана кебелбестиктин символун чагылдырган тоонун 2 чокусу бар. Мындан облусубуздун кен байлыктарга мол экенин, мөңгүлөрдүн, тунук мөлтүр сууларыбыздын түгөнбөс катылып жаткандыгын билдирип турат. Элибизди, жерибизди, Баткен облусун таанытып турган балдан ширин өрүгүбүз эсептелет.
Айгүл гүлдүн астында апапак энелердин элечегиндей, аталардын ак калпагындай жадырап ачылып турган бир түп өрүк гүлү түшүрүлгөн. Боз үйдүн элеси, улутумдун, жергемдин килемине түшүрүлүүчү оймо-чийме камтылган. Эзелтеден ата-бабаларыбыз бир төөлүк жүк болгон боз үйү менен ээн-эркин көчүп-конуп, Ала-Тообузду мекендеп, эчен кылымды карытып ушул күнгө чейин жашап келген. Боз үй өрүк менен айкалышып, өрүктүн жарымын өзүнө камтып турат. Өрүктүн, боз үйдүн ылдый жагында «Баткен» деген сөз бажырайып символиканын дарегин даана айгинелейт. Жалпы дизайндын формасы китептин бир барагындай ачылып тургансыйт. Мында Баткен жергесинин бүтүндөй тарыхы жазылып тургандай элестейт. Ал эми түсү болсо 2 түстө берилген. Көк асман менен жашыл жердин ортосунан келип чыккан өң менен ак түстөн жаралган.
Сүрөтчүнүн мындай чечмелөөсүнөн кийин желектин ээсин издеп жөнөдүк. Облустун желегине Абдижапар Маткайымовдун тарткан сүрөтү кабыл алынган экен. Ал да өзүнүн эмгеги боюнча айтып берди:
– Баткен облусунун расмий символу болгон желектин эскизине түшүндүрмө берип кетейин. Желек, негизинен, кызыл түстө. Бул Кыргыз Республикасынын символу болгон желегинин түсүнө негизделген. Андагы алты жылдыз облустун административдик курамын айтып турат. Тегерек күн ичинде чоктой күйүп турган айгүл гүлдүн үч коңгуроосун үч район, үч жалбырак, үч шаар деп сезсе болот. Четиндеги орнамент бул Баткен, Лейлек районунун калкынын жогорку экономикалык баалуулугу болгон килемдин көчөттөрүнөн фрагмент. Бул элемент да Баткендин күзгүсү.
Облустун символикаларынын авторлоруна мамлекет тарабынан 10 000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Ошондой эле гербдин түсү жашыл, желектин өңү кызыл экенин айта кетели. Бул белгилердин мыйзамдуу түрдө кабыл алынышы Баткендин өнүгүп келе жаткандыгына далил боло алат.