17-ноябрдан бери Жалал-Абад облусунун борбордук аянтында эл көп. Анткени студенттердин майрамына карата музыканын коштоосунда бийлөөчү түстүү фонтан ишке кирди.
Эсиңиздерде болсо, шаардын борбордук аянтында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Аянттын ачылуу аземи шайлоо иштери аяктагандан кийин салтанаттуу түрдө белгиленерин айткан мэр Бакыт Адыловду кепке тарттык.
– Бакыт мырза, фонтандын эрте ачылышына эмне түрткү болду?
– Фонтандын расмий түрдө ачылышы болбой жатып эле аны ишке киргизүүгө жаштардын суранычы себеп болду. Жалпысынан бюджеттен акча каралгандан берки убакытты эске алганда, фонтандын бүтүшүнө 6-7 ай кетти. Облуста музыканын коштоосундагы фонтан биринчи жолу курулуп жатат. "Эркиндик" аянтынын чок ортосундагы фонтандын бийиктиги 20 метрге чейин жетет. Ал эми Барпы Алыкулов атындагы театрды көздөй багытталган тегерек формадагы фонтандын бийиктиги 15 метрге чейин жетет. Борбордук фонтан жана жанындагы коштоочу фонтандар да музыканын коштоосунда түскө боёлуп турат. Жерге гранит жана мрамор таштары тизилген. Ал эми өзгөчөлүгү катары кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөндүгүн жана улуттук колоритке басым жасалгандыгын айтар элем.
– Курулуш иштеринин кечеңдөөсү тууралуу чыр да чыккандай болду эле...
– Курулуш иштери деген оңой эмес экен. Аны үй салып жүргөн адамдар жакшы түшүнсө керек. Биздин жалдаган компаниябыз дагы сурак берип жүрүп, убакытты кетирди. Андан тышкары бажы тармагында көп ыңгайсыздыктарга дуушар болдук. Курулуш каражаттарынын чет өлкөдөн ташылып келингени да убакыттын созулушуна түрткү болду. Акча каражаты да кечигүүгө себеп экендиги талашсыз. Канткен күндө да 1 жарым гектар аянтты ээлеген "Эркиндик" аянтын 6 айдын ичинде долбоордо көрсөтүлгөндөй жасаганга аракет кылдык.
– Кээ бир адамдар «ушул фонтанды, аянтты кургандын ордуна башка эле имарат куруп же башка тармакка акча жумшаса болмок» дешүүдө...
– Эл арасында ар түркүн кептер айтылат экен да. Эл оозунда элек жок, эл сынчы. Менимче, бир топтогу адамдардын пикири жалпы элдики болуп саналбайт. Балдар бакчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Көк-Арт кичи шаарчасында спорт зал курулду, студенттик бейтапкана ачылды, айтор, айта берсек көп. Бирок «бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, ар кандай кептер айтылып жатат. Шаардын коноктору эң алгач эс алуучу жайларга көңүл бурат эмеспи. Андыктан мен элге шарт түзүп берүү максатында аракет кылып келем. Демек, бул фонтандын ачылуусу, аянттын курулуусу шаардын көркү болот деп айта алам.
– Жумуш бүткөрүлөрүнө аз калды дедиңиз эле, бүттүбү?
– Ал нерсе фонтандын иштөөсүнө кедергисин тийгизбейт. Кашааларын тосуу, кошумча дизайн жасоо иштери гана жүргүзүлүүдө. Азыр фонтан кечки саат 18.00дөн баштап түнкү 22.30га чейин иштеп жатат. Суук түшүп, суу тоңгонго чейин иштей берет. Техникалык колдонуу боюнча эрежеге ылайык 40 мүнөт жандырылып, 15 мүнөт тыныгуу болушу керек. Элдердин талабына карап, азыр 45 мүнөттөн иштеп жатат.