Жалал-Абад шаарында «Билим-тарбия» борбору ачылды. Анын алдында «Симба» балдар бакчасы иштей баштады. Бакчанын өзгөчөлүгү видеобайкоосу менен камсыздалган. Анын жардамы менен ата-энелер балдарынын бакчада эмне менен алектенип жатканын көрө алышат. Балдар бакчасы жумасына 6 күн, зарыл учурларда жуманын бардык күнү таңкы 7:30дан кечки 19:30га чейин иштейт.
«Симба» балдар бакчасынын ээси Нургүл Чүрөкова: «Көптөн бери бала бакча ачуу максатым бар эле. Бул ишти баштоого 3 ай убакыт кетти. Учурда бакчаны 45 орунга ылайыкташтырып иш баштадык, бирок келечекте эң аз дегенде 75 бала тарбиялоого мүмкүнчүлүктөр бар. Азырынча 15 тарбиячы-педагогдор эмгектенишет»,- деди.