Ош шаарында атайын көзү азиздер жашоочу көп кабаттуу үй бар. Ал жерде Тургуналы Сулайманов жана Асия Тургуналиева деген жубайлар жашашат. Каармандарыбыздын экөөнүн тең көзү азиз. Ааламы кара дүйнөгө чулганганына мөгдүрөбөй, өз арабасын татыктуу кылдыратып келе жатканын көрүп кубанасың.
– Тургуналы мырза, Асия айым, кандайсыздар?
Тургуналы: – Рахмат, Кудайга шүгүр, жакшы баары.
– «Бул үй-бүлөнүн оту кантип тутанып калды экен?» деген суроо мага абдан кызык болуп жатат?
Т: – Мен 1953-жылы туулгамын, ал эми Асия 1958-жылы төрөлгөн. Биз бир мектепте окуганбыз. Ошол учурда мугалимдер тарабынан бири-бирибиз тууралуу жакшы кептерди укканбыз. Мектепти аяктагандан кийин экөөбүз тең «Атайын көзү азиздер цехинде» (УПП) килем токуп иштеп калдык. Сүйүүбүз ошол цехтен башталды окшойт. Мен Асияны ресторанга, эс алуу жайларына чакырчумун. Бир жылдан кийин жубайымдын макулдугу менен баш коштук. Учурда 2 кыз, 1 уулубуз бар.
– Сиздерге бул илдет кайдан жабышып калган?
Т: – Менин тукумумда көзү азиз болгон эмес. Мурда дарыгерлер аз жана тажрыйбасы да жогураак болгон экен. Бала кезимде кызамык деген оорудан көп балдар көз жумган. Мен да төрт жашымда ошол ооруга чалдыгып, кесепети көзүмө тийген экен. Ал эми Асиянын атасынын көзү азиз болчу.
– Балаңыз сиздер менен чогуу жашайт экен, кыздарыңыз кайда?
Т: – Чоң уулум 1974-жылы туулган. Андан кийинки кызым 1978-жылы, ал эми эң кичүүбүз 1987-жылы жарык дүйнөгө келген. Улууларыбыз үй-бүлөлүү, экиден балдары бар. «Төрт неберебиз бар» деп сүйүнүп калабыз. Кичүү кызыбыз Бишкекте Кыргыз-Славян университетинде билим алып жатат. Улуу кызымдын гана көзү азиз, Кудайга шүгүр, калган эки баламдын ден соолугу мыкты.
– Турмуш бирде ылдый, бирде өйдө болуп турат эмеспи, сиздерде кандай болду?
Асия: – Союз убагында жакшы эле күн көрчүбүз. Союз жоюлганда кыйынчылыктын баары башталды. Анткени ошол убакта биз иштеген килем токуучу ишкана жабылып калып, жумушу жок калдык. Жашоо алмашып, дүйнө кайрадан курулгандай эле болду. Биз эмес, алты саны аман адамдар бир топ кыйынчылыктарды көрдү. Айрыкча 1994-жылдары ачарчылык күчөп, атала чылап ичип күн көрүп калдык. Сүт, эт дегендин даамын унутуп калган учур болду. Ал күндөрдү эстегенде жүрөк зыркырайт.
– Учурда кантип жашап жатасыздар, алган пенсияңыздар экөөңүзгө жетеби?
Т: – Пенсияны ары тартып, бери тартып жатып жеткиребиз. Мен 4000 сомдон ашык алам, аялым 3500 сом алат. Улуу балабыз шаарда үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери менен алектенет. Ал болбосо биздин пенсия эч нерсеге жетмек эмес.
– «Башка түшсө байтал жорго болот» дейт, турмуш сиздерди эмнеге үйрөттү?
А: – Көп нерсеге. Көзүм көрбөйт деп отура берсең, бирөө табагыңа аш салып бермек беле? Эч кимге көз каранды болбой, баарын өзүбүз жасаганга аракет кылабыз. Мен тамактын көп түрүн жасайм. Көзүбүз азиз болгону менен көөдөнүбүз жарык. Майрам күндөрү балдарыма торт, таттуу токоч сыяктуу шириндиктерди бышырып берем. Улуттук тамактардан беш бармак жасап, уйгур лагманын чоём. Ал эми нанды колго жууруп, мешке бышырам. Апам көп нерсени үйрөткөн. Өзүм да аябай кызыгам. Таразам бар, шириндиктерди бышырарда кошулуучу нерселерди тараза менен өлчөп жасайм. Бир да жолу тузу кем же даамсыз тамак жасаган эмесмин. Менимче, бул көңүл коюп жасаганымдан болуш керек.
Т: – Үйдүн жумуштарын кылып, аялыма жардам берем. Кесибим – сантехник. Үйдө электр зымдары үзүлүп калса, электрик чакырып отурбай, өзүм эле оңдоп коём. Учурда туруктуу иш болбогондуктан, компьютерден ыр жүктөгөндү, дискке көчүргөндү үйрөнүп алдым. Кол телефонумдан өзүмө жаккан ырларды коюп, тааныштарыма чалып турам. Мунун баарын үндүн жардамы («прослушка») менен аткарам.
Тургуналы ага, Асия эже менен маектешүү жакшы маанайды жаратты. Бул жубайлардын «бирге түтүн булатып келатканыбызга 37 жылдан ашыптыр. Ошол учурда турмуштун ысык-суугуна туш келсек да, бир да жолу жаман, жакшы айтышкан жокпуз» деген сөзү бизге чоң таасир берди.