ОШ ОБЛУСУНДА «АЛТЫН КҮЗ» МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Ош облусунун 7 районунун ортосунда «Алтын күз» майрамы белгиленди. Бул майрам райондор ортосунда сынак катары азык-түлүк жарманкеси жана көк бөрү, эр эңиш, кунан чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары менен коштолду. Буга катар Ош облусунун эли «Мыкты багбан», «Мыкты жүгөрүчү», «Мыкты пахтачы», «Мыкты фермер», «Мыкты дыйкан», «Мыкты топозчу», «Мыкты ветеринар» сыяктуу 19 наамдын үстүндө ат салышып, жеңүүчүлөр облустук администрациянын ардак баракчалары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Жарманкеге коюлган азык-түлүктөр базар баасынан 30 пайызга арзандатылган баада сатылды.
«Бул майрам айыл чарбасын өнүк­түрүү максатында уюштурулуп жатат. Шаар элине дыйкандардан таза жана арзан азык-тү­лүк­тү сатып алуусуна шарт түзүп берели деген максатта шаар мэри Мелис Мырзакматов менен сүйлөшүп жатабыз. Алар шаардан жер берсе, дыйкандар ишемби, жекшемби күнү келип, ушул жарманке сыяктуу өз түшүмүн сатып кетүүсүнө шарт түзүлмөк»,- дейт Сооронбай Жээнбеков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nur_meerim
2012-11-26 13:39:15
Yy owo jer Owtun borborduk ayant4asynan berilip, 17 no9br kunu bolup ottu..
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан