«МАНАСЧЫЛАРДЫН АЙКЕЛДЕРИН ЖАСОО – ЫРАХАТ»

Быйыл Нарын облусунун таланттуу окуучулары көптөгөн тармактардагы сынактарда байгелүү орундарды алышты. Республикалык «Жаш талант-2012» кароо-сынагынын дагы бир жеңүүчүсү Курманбек уулу Көчөрбай менен маек курдук.

– Быйыл «Жаш талант-2012» кароо-сы­нагында жеңишке жети­шип­сиң, куттуктайм!
– Рахмат. Жеңиш күтүүсүз болду. Кол өнөрчүлүктүн ичинен айкелчилик жанры менен катышкам. Абдан кубанычта болдум. Тынбай эмгектенгенимдин акыбети кайтты десем болот. Сыйлыкка DVD-ойноткуч алдым жана Ысык-Көлгө барып, жеңүүчү окуучулар менен эс алып келдим.

– Канчанчы класстан бери айкел жасайсың?
– Айкелдерди чоподон жасайм. 5-классымдан бери сүрөт искусствосуна кызыгып келем. Сынактарга 7-класстан бери катышып жүрөм. Учурда 9-класста окуйм. Нарын районунун Ак-Талаа айылында жашайм. Айылдын чекесинде чопо дөңсөө бар, ошол жерден топурак алып келип, алгач электен өткөрөм. Анан суу менен жууруп, бир жарым-эки саат ийлейм. Кадимки камыр ийлегендей эле ийлеш керек. Анан целлофан баштыкка ороп, жылуу жерге коюп коём. Алынган аралашма 2 сааттын ичинде ачып чыгат. Андан кийин мурда чийилген сүрөттөр менен ар кандай кишилердин келбеттерин окшоштуруп, эскиз кылып жасап алам. Биринчи эмне жасаарым тууралуу эргүү келет. Андан соң аралашма даярдап, ишке кирише баштайм.

– Бул өнөрдү кимден үйрөндүң?
– Атамдан үйрөнгөм. Атам мектепте сүрөт, чийүү, кол эмгек сабактарынан мугалим болуп иштейт. Бардык ишим атамдын көзөмөлүнөн өтөт. Туура эмес жерлерин тууралайт, кеңешин айтат. Аспаптарды жасап берет.

– Кандай аспаптарды кол­доносуң? – Эскиз даяр болгондон кийин стек деген бычак сыяктуу нерсе менен жылмалап, керектүү формага келтирем. Ал эми атам ошол бычактарды жыгачтан жонуп, ар түрдүү формада, чоң-кичине кылып жасап берет. Бул ала келген айкелдер бүтө элек. Буларды жөн гана эскиз катары жасагам. Стек менен жылмалап, кийип турган кийимдеринин формаларын чыгарыш керек. Булар атактуу Саякбай жана Сагымбай манасчы аталар. Буларга дагы эпостогу персонаждарды кошуп, өзүнчө композиция түзөм.

Чопону бышырыш керекпи?
Даяр болгон эмгекти мешке бышырыш керек. Аны бышыра турган атайын меш учурда жок болуп жатат. Ал кымбат турат экен.

– Дагы кандай сынактарга катышасың?
– Алдыда келе жаткан жылдын февраль айына чейин «Манас балдардын кыялында» деген кароо-сынак өтөт. Ошого катуу даярданып жатам. Көбүнчө «Манас» эпосундагы каармандарды, жаныбарларды жасагандан ырахат алам. Атактуу айкелчи болсом, Кыргызстандын чоң-чоң шаарларында менин колумдан жасалган эмгектер бийик-бийик имараттардын алдында турса деп кыялданам. Кыргызстан жакшы жагы менен өнүгүп, дүйнөгө таанылса дейм. Келечекте Сүймөнкул Чокморов атындагы кесиптик лицейге тапшырам деген үмүтүм бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Emil.
2012-11-29 14:59:50
Тилегине жетишти Аллах Тьала насип кылсын.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан