СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ

2012-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин СПИДдин алдын алуу боюнча Нарын шаарында бир айлык жарыяланган. Иш-чараларды өткөрүүнүн максаты – Кыргыз Республикасында СПИДдин алдын алуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кеңири маалымат таркатуу.
Бир айлыктын алкагында Нарын шаарында жайгашкан ме­кеме-ишканаларда, орто мектептерде СПИД жөнүндө семинар, лекция, аңгемелешүүлөр өткөрүлүп, видеотасмалар көрсө­түлүп, плакаттар, брошюралар, буклеттер таратылууда. Саламат­тыкты сактоо мекемелеринде СПИД боюнча бурчтарды уюштуруу, санитардык баракчалардын сынагын өткөрүү каралган.
Учурда бул тармактагы иштер так көзөмөлгө алынууда. Өз кезегинде биздин жамаат да бул демилгени колдоорун айтып кетмекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aisel
2012-11-26 16:58:02
Жаштарга кенеш беруу,тушундуруу максаттарын кениреек берсе жакшы болот.Демилге которуучулор азаматсынар!
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан