ДАРЫГЕРДИН КҮНӨӨСҮБҮ ЖЕ ЭНЕНИН ТҮШҮНБӨСТҮГҮБҮ?
Биз менен байланышкан Миргүл Жумадылова аттуу айым Каракол шаардык ооруканасынын дарыгерине нааразычылыгын билдирип, ичине толгон арманын бөлүшкүсү келгенин жашырган жок.
«КАНДЫ ТОКТОТОБУЗ ДЕП БАЛАМДЫ АЛЫП САЛЫШТЫ»
– Жолдошум экөөбүздүн бир кызыбыз бар. Андан кийин 8 жыл өтсө да, төрөй албай жүрдүм. Наристелүү болууну каалап, көрүнбөгөн дарыгерибиз, барбаган жерибиз калган жок. Ошентип жүрүп былтыр, 2011-жылы боюма бүттү. Арадан 7 жума өттү. Катуу талгак болуп, оор көтөрдүм. Бирок ар дайым врачтын көзөмөлүндө болдум. Анализдеримдин жыйынтыгы да жакшы чыккан. Бир күнү бир чака суу көтөрө койсом ичим ооруп, дароо «Тез жардам» чакырттык. Текшерүү учурунда «баары жакшы, балаңар аман-эсен экен» деген дарыгердин сөзүн угуп деле санаам тынбай, боюмдан түшүп калбасын үчүн ооруканага жатып, дарыланайын деп чечтим.
Ооруканага 16-июлда кечинде барып жайгаштым. Эртең менен дарыгер келип, «кан кетип жатыптыр, УЗИден өтүңүз» дегенинен текшерүүдөн өттүм. УЗИден «медицинада эки бөлүктүү жатын (двурогая матка) деген нерсе бар. Сеники ушундай экен. Анын бирөөндө бала, бирөөндө кан бар» деп жаткырып коюшкан. Көрсө, менде бир эле жатын экен. Ушуну билбегенден кийин эмнеси врач?! Эки күн өткөн соң врач көрүп, «бул бала болбойт» деп дароо эле тазалап баштады. Чыдамым кетип сурамжыласам, «быжылдабай жөн жатчы» деп кагып койду. Көпчүлүк жардам сурап кайрылган өмүр сакчыларынын ушундай кайдигер мамилесине ичиң муздайт экен. Кыскасы, 1,5 саат тазалады, абдан кыйналдым. Ошентип, баламды жоготуп алдым...
Көп кан жоготконум үчүнбү, айтор, бүгүнкү күндө унаага түшкөн сайын башым айланат. Мага окшоп бала жытына зар болгон ата-энелер дарыгердин шалаакылыгынан баласын жоготуп албаса, ар бир кош бойлуу аялзатына туура мамиле жасалса деген тилек менен гезит бетине чыгарууну туура көрдүм.
Ар ким өз пикирин туура дейт эмеспи. Бул айымдын сөзүн угуп, экинчи тарапка кайрылдык. Врач ВЕНЕРА КЫЛЧЫКБАЕВА төмөндөгүдөй жооп узатты:
«ӨЗҮМДҮ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ»
– Менин ооруканада иштегениме он жылдан ашты. Буга чейин мага мындай нааразычылык бир да жолу болгон эмес. Окуя болгон күнү адаттагыдай жумушта элем. Кош бойлуу бейтаптан кан кетип жатыптыр. Ал оор нерсе көтөргөндүктөн ушундай болуп жатканын айтты. Дарыгерлик милдетимди аткарып, агып жаткан канды токтотууга аракет кылдым. Ал үчүн жатынды түйүлдүктөн тазалоого туура келди. Эгерде кош бойлуу адам көп кан жоготкон болсо, кан басымы түшүп, эс-учун жоготмок. Негизи, ден соолугу чың энеден эч качан кан кетпеши керек. Ал айым өзү дарыгер болбогондон кийин жакшы түшүнө албай жатат. Балким, ортодон бирөөлөр туура эмес түшүнүк берип койгон чыгар. Эмне себептен мага күнөө коюп жатканын алигиче түшүнбөйм. Өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм.
Мага болгон нааразычылыгын угуп, болгон ишти туура түшүндүрөйүн деп үйүнө барсам, кошуналары «алар бул жерде жашабайт, айылга кетишкен» дегенинен мен да издебей калгам. Мындан ары ден соолугуна кам көрүп, дарыланса, балалуу болушу толук ыктымал.
Эки айымдын талаш-тартышынан соң маселени карап жаткан КРнын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы адиси БОЛОТ АБДИЕВдин да пикирин угууну туура көрдүм.
– Жумадылова Миргүлдүн арызы колума келип түштү. Материалда баары көрсөтүлүп тургандай, бул боюнча дарыгерден күнөө кетип жатат деп айта алам. Себеби алар өз кесибин мыкты алып баруусу зарыл. Жумадылова Миргүл бүгүнкү күндө моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берсин деген талап коюп жатат. Маселе аягына чейин чечиле элек.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
Кудайым бизди жараткан сон ооруну да берет,олумду да берет,бул дуйно сыноо дуйно.Адам баласы не умуттор менен балалуу болмун деп ниет кылса минтип туура эмес диагноз коюп бир уй булоону болочок ымыркайдан ажыратса бул инсаптан эмес.Туура медиктердин иши оной эмес,ошол дуйного келтире албаган эненин да арманы чон болуп бир омур медиктерди жек коруп калат.Кудайым оору жалдыктырбасын эч бир пендесин
Kuday saktasyn,balasynan ajyragan kanday jaman,bolgondo da 8jyl kutup.Kuday bala berse da omuru,den-soolugu m.n bersin
Мен дагы Караколдонмун.Бут эле гинекологдорго корундум.90 пайызы абдан орой."Мен баарын кыйын билем,бирок айтпайм"дегендей мамиле кылышыт.3-4 компетентный жооп беруунун ордуна,далай кордоо создору айтылат:какшык,сестентуу ж.б.Беш айдан бери,тошоктон турчу кун да келип,Бишкеке барып корундум.Врачтардан иш билги так жоопторду алып,дарыланып,1айда бутума туруп кеттим.
Бизге Караколго мындай врачтардын кереги жок.Врачтык билимине текеберденип,маданияттуу жооп бербесе,эл м/н чын конулд/п иштебе
Эгерде врачтар иштегиси келбесе башкаларга ордун бошотуп беришпейби.Оорулуулар м/н суйлошуудон баштап дарылоого чейин алардын милдети.Алардын айлык акысы эл тологон салыктын эсебинен журуп жатат.Эмне аларга саламаттыкты сактоо министри оз чонтогунон толоп берип жатыптырбы.Врачтар жалдыратат,Эл жалдырашат.Кызык ай.Кадимки корунуш.Жел болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Бекеринен эл нааразы эмес.Ал эми эч ким врачтарды кудай м/н салыштырбай эле,алар оздорун озу кудай м/н салыштырып жатышат.
tagdyr da bul da bolso.Okunuchtuu boluptur,albette.kudai buyursa dagy da toroor.
but ele darygerlerdi andai dep aituuga bolboit arasynda chyn dili menen ishtegenderi da bar
ии больница м милицияга кунун тушпосун 2004жылы тородум ошондо бир врач аябай кагып силкип сасыксынар деп айткан ойлосом акча берсен карайт экен да 1жыл жолдошумду 3жолу операция кылышты аракет кылып сактай алган жок мен аларга нааразычылыгым жок бирок акчалууларды гана карашат ал кантип аш болот чиркин
Ушу биздин врачтарга кунубуз тушкондон кудай озу сактасын. Врач эмес жонокой санитаркалар кыйынсыйт го алдынан чыгып,кагып силкип....
jeniw,
Сизге эскертүү!
Сайтта адепсиз,бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө тыюу салынат!
Жакшы врачтар жок эмес, бирок, аз, же чынында акчага гана карап калган. Мен баламды врачтардын куноосу учун родовая травма алганбыз, доказат эте алган жокпуз, бири-бирине шылтоолоп. Убакыт да жок болду бала алсыз, кундон кунго начарлап врачтар менен соттошконго убакеыт болбоду, Ошол 2007 жылдан бери только больницалап жашайбыз-бала азыркыгы чейин слабый. Кыргызстандагы врачтардан баштап даргер ббака дегенден калбайбыз ар кандай мамилелерин кордук. 99% врачтардын мамилеси терс. 5 жылда адамча каб
кабыл алган 4 гана врачты кордум. Калганы санитаркадан баштап медайымдарга чейин- врачтарды айтпай эле коюнуз мамилелери только через карман же ойдо жактагы тааныштар аркылуу. Просто барсан просто кетесин. дайыма корунгон врачтарга майрам сайын жолун жасап турабыз же барганда. Праванды айтсан эле черный списокко тушосун. Жакында кочуп башка семейный врачка тушконбуз, 1 еле жолу айттык эле милдеттерин бугунку кунго чей
ин жок деп айта албай, улам врчатары алмашып жатат. Контроль жок, анан эле энелери куноолу болуп калат. Энелер врачтар эмне десе ошону аткарып жатабыз, даже ишенбесек да сеттердеги()ипар, тянши итд дарыларынан бери алып беребиз алгыла десе.
Баланын тируу калганына суйунуп торот уйунун врачтарынын иштерине коз жумсак, эми ал баланын чоноюшунда дагы эле болсо врачтарга барууга туура келип, ар кабыл алган сайын конул журок ооручу болду, бир жазгандагы дарылары эле 800- 1500 чейин барат. Бул 4 жаштагы бир эле баланын тагдыры.
Врачтар унутушпаса, эртен балким ошол балдар чоноюп алар да алардын керегине жарарын. Жакшы врачтарга алкыш, ооруп барганда ошол жерден мамилеси менен айыктырышат. Азыр жашоо татаал кимге акча кереги жок, бирок озгоо балдардын омурун акчага алмаштырышпаса. Кобунчо врачтар чатсн поликлиникаларда иштешет, гос поликлиниклардагы пациеннтерди как клиент катары кабыл алышат. же Частн. акчасы мн эсептешет. Гослуж. иштегендер бир эле учурда частн. иштегенге жол жок экенин медицина тарапка мааниси жок го
Бизде медицина эмес эч жерде контроль жок. жадакалса нандарды ким кандай щартта жасап магазиндерге откозуп жатат?. Казахстанда учетун жок болсо да приемго барсан озгочо балдарга алда башка мамиле.