БАКТЫГҮЛ ТУРМУШКА ЧЫККАНБЫ?

Суйкайган сулуу ырчы Бактыгүл Бадыева акыркы кезде чыгармачылыгына көбүрөөк көңүл бура баштаганы байкалууда. Ал тургай жер-жерлерди кыдырып, жеке концерти менен күйөрмандарын кубантып жүрөт. Жакында эле Жалал-Абадда берген концерти аншлаг менен өтүп, көпчүлүктүн алкоосуна арзыганын айтышууда.
Ырчынын чыгармачылыгынан тышкары жеке жашоосу да эл арасында кызыгуу жаратууда. Бактыгүлдүн турмушка чыккандыгы тууралуу кептер айтылып келатканына көп эле болду. Бирок жакында бул кептерди далилдеген бир сүрөт колубузга тийип, анын жообун сурагандар тынчыр эмес. Cүрөттө Бактыгүл нике шакегин тагып жүргөнүн көрүүгө болот. Чын-төгүнүн билүү үчүн ырчы менен байланышсак, «муну да көрүп койдуңарбы? Негизи кыйынсыңар, ээ? Бирок мен буга жооп бере албайм» деп жылмайды. Бактыгүл турмушка чыкса неге болбосун? Кыздын барар жери күйөө дейт. Эгер ырчы кыздын турмушка чыкканы чын болсо, Бактыгүлгө бакыт каалайбыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
admin_AGAT
2012-11-29 10:56:54
prezent, сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
SatiNur
2012-11-29 12:22:18
эми ал озунун иши да айтса айтпаса демек сыры бар....
0
FERA
2012-11-29 18:57:13
эмнеси болсо да бактылуу болсун элге жарыя кылабы кылбайбы ал озунун иши
0
koky85
2012-11-30 05:46:13
ошо эмнеле Бактыгул семирип жатат десе кыргыз кызыда е.Кыргыз кыздары эрге тийселе семирип кетишетго негедир.
0
koky85
2012-11-30 05:47:58
менин оюмча мындайда кыздар эптеп эрге тийгиче аз аз тамак жейт дагы эрге тийгенден кийин болду эми деп тамакты коп апкирип коетда ошого семирип кетишет.Маакул не болсода Бактыгулго уй булоолук бакыт каалайм.
-3
nurjana90
2012-11-30 14:16:41
айланайын кыргызым ушинти сын койгонубуз качан калат.
+1
nurjana90
2012-11-30 14:19:24
бактыгул мна силерге деп жарк етип куйоондун журотун корсотуп кой , коро албастар ан сайын ичи куйуп олсун тырманып. давай алга баку
+1
MuSlimA-S
2012-11-30 16:10:45
аябаай мактанчаак эле эмнеге мындай чон жанылыкты бекитти экен??? башкаларды да абдан сындайт болчу так что айтылып аткан сындарга татыктуу деп ойлойм!!! анан Таттыгульге тенеп болбойт!!!
0
jazim
2012-12-01 08:26:31
Эмии куйоого тийдим десе артынан чуркаган куйорман жигиттерин азайып калышынан коркуп атса керек да...)))
0
Uulkan.
2012-12-02 00:32:13
эмне болсо да бактылуу болсун
0
0310Kayrat
2012-12-02 16:34:04
elge korungusu kelgen emesgo
0
trololo
2012-12-02 17:45:22
мен дагы уккам,Азамат деген балага тийди деп,болгону Азаматтын апасы Бактыгулду кабыл албай жатаптыр деген имиштерди уккам
0
Nari1985
2012-12-02 19:37:34
Ушул убакка чейин бойдок журчу беле
+1
aman_93
2012-12-11 16:21:26
Менда сага кааларым бактылуу бол!
+1
Pearl.06
2013-04-10 13:42:35
Таттыбүбүдөй сулуу, талантуу жан бул жошоодо туула элек.Ага боекко чыланып алган немелерди окшоштуруп убара болбой эле койгула.Аны улуу муун жакшы билет,арбагын сыйлайт,барктайт кыскасы жарк этип, бир келди да бир кетти.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан