«Супер сулуу-2008» сынагын жеңип, Малайзияда эс алып келген Чинара жигити, «Тамашоунун» уюштуруу иштери боюнча директору Нурлан аттуу мырзага аппак карлуу 21-ноябрь күнү турмушка чыкты. Көптөн бери чогуу түтүн булатууга ниеттенип жүргөн эки жаш минтип түбөлүккө бири-бирине жөлөк-таяк болууга шерттешип, борбордогу тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. Жаштарды куттуктоо үчүн ырчылардан Гүлнур Сатылганова, Омар, Арсен да келип, каалоо-тилектерин айтып, ырларынан бир шиңгил таштап кетишти. Анан да Нурландын бөлөсү таттуу түгөйлөргө 5 жылдыздуу отелден нике түнүн өткөрүү үчүн номер белек кылыптыр. Эмне демекпиз эки жашка, кармашкан колуңар бекем болуп, жашооңор бактылуу көз ирмемдерге толсун!