«Куудул Назира Жетигенова 12.12.12 датасында турмуш жолуна аттанганы жатат» деп угуп, алдын ала куттуктайлы деп аны менен байланыштык. «Үйлөнүү үлпөтүбүздү жакынкы аралыкка пландап, жакшылыгыбызды жакын санаалаштарыбыз менен бөлүшүп, заманбап той өткөрөлү деп жатканбыз. Бирок сиңдимди күйөөгө узатып жаткандыктан, уюштуруу иштери менен чуркап жүрүп, той боло турган күндү дагы артка жылдырууга туура келди. Эми бакыт өргөөсүнө барчу күн так белгиленсе эле, коомчулукка жар салам»,- дейт Назира айым.