БАКТИЯР БЫЛКЫЛДАП БИЙЛЕГЕНДЕ...

Башталышы – 19:33 (33 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-700 сом
Алпаруучулар – Жамбыл Камчиев, Ильяз Агыбай уулу
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 120 пайызы (20-ноябрь күнү)
Эң мыкты номер – «Биз» тобунун «Лейлек» аттуу ыры

Легендарлуу «Биз» тобунун Спорт Ордосунда 20 жылдык юбилейине арналган концерти менин сынымдан да өттү. Спорт Сарайында элдин батпай баратканын баамдап, концертти эки күн өткөрсө болмок деген ой келди. Чынында эл кымгуут болуп, басканга жер калбай калды. Спорт Ордосу толуп, орунга жетпегендер концертти аягына чейин туруп көрүштү. Сахна көшөгөсү туптуура 33 мүнөт кечигип ачылды. Артымда турган бир жаңы кыргыз «оо, аяш авалар яман кечигишти го, аа...» деп сүйлөп жатканын угуп, бырс күлүп алдым. Сахна жасалгасынан өзгөчөлүк байкалбады. «Биз» тобунун жигиттеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң баннерден башка эч нерсе жок.
Ошентип, эл толуп-ташкан Спорт Ордосунда «Биз» тобу чыгып, четинен хит ырларын аткара башташты дейсиң. Эл да кол чаап, кыйкырып, ышкырып Бактиярдын үнүн жөн эле басып кетип жатты, чиркин... Бактияр да тердеп-кургап, калтырап-титиреп, бир тыным албай бийледи дейсиң, тобо-о! Бул жакта турган менин да бийлегим келип кетти. Окурман, барбай калсаңыз бармагыңызды тиштей бериңиз, анткени сонун концертти өткөрүп жибердиңиз.
Бир нече жылда бир болгон бул топтун концертинин кемчилиги катары сахнага чыгып куттуктоо айткан Бактиярдын агаларынын көптүгү болду. Айрым агалары көп сүйлөп, элди зериктирип да жиберишти. Ии, баса, Лейлек районунун администрациясы тарабынан Бактияр Токторовго «Лейлек районунун ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылды. Биротоло ардактуу бийчиси деген деле наам берип коюшпады дедим ичимден. Бул какшык эмес. Чынында, мындай ой Бахтияр Токторовдун өзүнө гана жарашкан, былкылдап-шылкылдап сонун бийлегенинен улам келди. Аталган топ биз билген «Таң чолпон жылдызым», «Ак көйнөк кийген бийкеч», «Туулган күнүң менен!», «Лейлек» деген хит ырларын ой-да майын чыгара аткарды. Өзгөчө «Лейлек» ырын эл ушундай бир «овациялар» менен кабыл алышты дейсиң...
Алпаруучу Жамбыл Камчиев «жалаң лейлектиктер келген окшойсуңар аа...» деп андан ары улай «лейлектиктер темпераментный келет» деп комплименттерди жаадырып жатты. Ал ортодо Бактиярга гүл берип, бетинен сүйгөн күйөрман кыздарын көрүп, куудул «э, көрүнгөн кызга бетиңди өптүрө бербе эми, жаш эмессиң деги» деп отургандарды жылмайтты. Конок катары чакырылган «Нур», «Максат-Баткен», «Таалай элеси» топтору концерттин жүрүшүнө шаң кошушту. Эл ретро ырларды сагынган экен. «Биз» тобунун жандуу үн менен коштолгон концерти «баракелде» деп айтууга толук татыды.

Толик Сынчы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Биздин" концерти Бактияр мырзанын укмуштай бийинин коштоосунда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Jamalym
2012-11-27 09:42:14
Азаматсыз Бактияр аке.Сиздин талантынызга таазим.Жигиттерден турган коп жашаган топ жалгыз „Биз“тобу.Аты дале очпой келет.Артыныздан шакирт калтырып „Биз“ тобун туболукко жашатыныз.Азыркы кээ бир ырчылар бир «дежурный» ыр ырдап алышып эле оздорунчо „Звезда“ асманда гана калкышат го тим эле.
+2
Cyldyzka
2012-11-27 15:05:27
koz tiybesin en sonun top
0
Apyz
2012-11-27 20:18:22
Биз тобу Лейлектин атын ырдаганда тимле чимириле бийлейбизда. ишиниздерге ийгилик.
+2
peach
2012-11-28 02:18:36
Bahtiyar baykenin tigi surotu prikolno boluptur
0
MaRmeLaDka
2012-11-28 10:17:21
Бактияр Токторов - "Биз" тобу өчпөс жылдыз болуп кала беришсин. 20 жылдан бери келаткан атын жоготпой алып жүрүшүнө тилектешмин.
+2
prima
2012-11-29 01:16:55
eeee ni4ego sebe tancuet!!! molodec!!!
+1
samirchik
2012-11-29 09:10:20
туура азыр
0
samirchik
2012-11-29 09:12:50
азыр каннам стилинде бийлеп озгор деп айтканы туура. жакшы жакшы прям бийлеп жатып движенияларын билбей калып атты го даже
0
bek007
2012-11-29 15:08:24
Азаматсыныз Бактыяр байке! Баары суппер болду.
0
Nazi_92
2012-11-29 21:32:45
Бактияр ава талантынызга таазим, ушинтип еле Лейлектин атын чыгарып журо бериниз. Концерт зор болду Жамбылды эсепке албаганда.
-1
novayariga
2012-11-30 19:42:07
Братан эзет да
0
kirgiz-i-ya
2012-12-01 12:43:03
Концерт жакшы болду. Залдын 150 пайызы толгон элдин алдында жандуу ун менен ырдоо озу эрдик...
+1
Debi
2012-12-02 19:47:09
Таң калычтуу, Толик сынчы демейде концерттерди жиликтейт го. Бул жерде элди кызыткан көбүрөөк эстраданын ритми. Билбейм, жандуу ыр менен ырдаганда башка ырчылардыкы кандай болот, сөз чынынан бузулбайт, Бактиярдын кайрыктары аттын кишинегенине аябай окшоп жатты. Бийлегенде сол колу эмне дейт, аялдарды туурай жаткансыды. Эми жогорудагы күйөрмандары чуру-чуу түшүп эле калат болуш керек ))). Менин оюм ушундай )).
0
kirgiz-i-ya
2012-12-02 23:23:40
Бактыяр байкеге давно пора Кыргыз Эл Артисти деген наамды Маданият Министирлиги бериши керек. 14 альбом ар бир альбомдо 9-12ден ыр,ар бир ырдын созу обону озуно таандык мунун баары кандай эмгек кандай туйшук. Мунун баарын баалайлы барктайлы.
+1
kosi
2012-12-04 00:27:14
концерт жогорку денгээлде отту. Мага Кожакмат байке жагат. Редакция сиздерден сураныч номери болсо бериниздерчии
0
admin_AGAT
2012-12-04 09:32:50
kosi, андай маалыматтарды бере албайбыз.
0
kosi
2012-12-04 23:27:53
admin_AGAT, 0558048848 ушул номерге жонотуп коюунуздарды суранам
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан