КУРКУЛДАЙ-УЯ ТОКУУНУН УСТАСЫ

"Кызыл тилдүү куркулдай,
Уяларын байкасаң,
Адам карап тургандай.
Тиктеп туруп тим эле,
Тигип кийим кылгандай..." Чынында эле куркулдайдын уясы ырда айтылгандай укмуш токулат жана дарылык касиетке да ээ. Кол башындай болгон чымчык өзгөчө кылык-жоруктардан да алыс эмес...

УЯСЫН ЖЫЛАН ЖАНА АДАМ КОЛУ ЖЕТПЕГИДЕЙ ЖЕРГЕ САЛАТ
Куркулдай – дарыя, көл, көлмө, токой сууларынын жээгин, камыш өскөн саздуу жерлерди байырлаган чымчык. Уясын талдын бутактарынын эң учуна салат. Көбүнчө суунун үстүндө, сууга жетер-жетпес, кол каптай болуп асылып турганын көрөсүң. Бул да болсо чымчыктын балдарын жылан жана адам колу жетпегидей жерде багып-чоңойтуунун айласы. Айрым жерлерде уясын бийик жана жанаша өскөн 2 камыштын баштарынын ортосуна салган учурлар да кездешет.
Куркулдай – уя токуунун устасы. Уясын өсүмдүктөрдүн, мисалы, зыгырдын, кара куурайдын, чалкандын буласынан, кээде жаныбарлардын же канаттуулардын тыбыт жүнүнөн кошуп токуйт. Уянын сыртынан кайыңдын сөйкөчөлөрү (уругу), теректин жана кара жыгачтын кабырчыгы менен капталганын көрүүгө мүмкүн. Канаттуунун бул түрү уяны токууга 2 аптадан кем эмес убакыт сарптайт жана аны көп чоң кылбай токушат. Уянын оозу кичинекей болот. Анткени уя абдан жылуу жана балапандар андан түшүп кетпегидей болушу кажет. Уянын калыңдыгы 2 сантиметрге дейре жетет.
Европадагы куркулдайлар кышкысын Жер Ортолук деңизинин жээктеринде кышташса, Азия куркулдайлары байырлаган жеринде эле кыштап чыгышат.
Куркулдай курт-кумурскалар менен тамактанат. Коңуз, курт, көпөлөк, жөргөмүш, кээде өсүмдүктөрдүн уругун жейт. Денесинин узундугу 11 сантиметрге, салмагы 10-20 граммга чейин жетет.

УРГААЧЫЛАРЫ КУУ, ЭРКЕКТЕРИ КАТЫНПОЗ...
Апрелдин ортосунан кийин майдын башына дейре куркулдайлар жупташып, уя салууга киришишет. Бирок айрым канаттууларды байкоочулар куркулдайдын эркеги өзү жалгыз бир нече уя токугандарын көрүшкөн учурлар болгон. Ургаачысы ал уялардан өзүнө жаккан бирөөсүн тандап алат экен.
Ургаачысы уяда 6-8 жумуртка тууп, 13-14 күндө басып чыгарат. Ушул жерден ургаачысынын куулугун айталы. Жумуртка туугандан кийин 3-4 күндөй эркегине көрсөтпөй, бекитип коёт. Бул эркегин жанынан узагыраак чыгарбай, өзүнө кам көрдүрүүнүн, тамак ташытуунун аракети. Анан да жумурткаларды 14 күндө басып чыгарса, эркеги анын жанында 17-18 күндөй болуп, тамак ташыйт. Бирок балапандар өз алдынча жашоого көнүп калганда эркеги бул үй-бүлөсүнө көңүл кош болуп чыга келет. Башкача айтканда, башка уя токуп, жаңы ургаачы таап, андан балалуу болууга кирише баштайт.

УЯСЫНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Урук чыктагыч бездин сезгенишинде
Элдик медицинада эркектердин урук чыктагыч бези (простатит), ошондой эле табарсык сезгенип, заара чыкпай кыйналганда (аялдар, эркектер да) куркулдайдын уясы сууга кайнатылып ичилет.

Простатитти дарылоонун 1-ыкмасы
Простатиттен толук дарылануу курсу үчүн куркулдайдын 3 уясы керектелет.
Алгач 1 уяны 4кө бөлүү керек. Бир бөлүгүн чуңкур идишке же термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп, демдеп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуулай ичилет. Анан жылуу оронуп, төшөккө жатуу зарыл. Эртеси уянын экинчи бөлүгү ушундай эле типте пайдаланылат. Үчүнчү, төртүнчү бөлүгү да колдонулган соң адам 2-3 күн тыныгат. Анан кайра 2-3-уя да ичиле баштайт. Уялардын бөлүктөрүн кургатып, кийин да колдонсо болот.

2-ыкмасы
Куркулдайдын уясын бузбай, оозуна кайнак суу куюлат. Сууну кайра чыныга куюп алып, жылуулай ичилет. Муну 10 күн кайталоо кажет. Уяны кийин да пайдаланса болот.

Табарсык сезгенип, заара чыкпай калганда
Табарсыктын сезгенишинде оорунун оор, жеңилине кароо кажет. Көбүнчө уянын бир бөлүгү керектелет. Мында деле уяны термоско салып, үстүнө кайнак суук куюп, демдеп коёт. Ичкен соң заара 30 мүнөттөй убакытта чыга баштайт. Дарылануу курсу – 5-6 күн. Күнүгө бир ирет ичилет.

Алтайлыктардын элдик медицинасынан
Күн катуу суукта көз сезгенип ооруганда куркулдайдын уясынан тоңуп калган музду таап келишип, аны эритип, көзгө тамызышат.
Кесилген жердеги канды токтотуу үчүн уянын четинен кыркып алып, аны өрттөп, күлүн басышат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
chike87
2012-12-01 23:48:45
Субхаан Аллах карабайсыңбы кандай керемет
+2
aktylek
2012-12-11 01:27:39
Аллага мактолоор болсун булда булда АЛЛАХТЫН ырайымдуулугу
+1
Asmat84
2021-05-29 18:40:15
Ошондо куркулдайдын уясына суудан куюп эле ичилет дейт кир боюнча элеби
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан