Фонограммасыз ырдоо ар бир эле ырчынын колунан келе бербейт. Бүгүнкү биздин каарманыбыз ырчы Курал Чокоев ырды жандуу ырдап, музыкалык аспаптарда ойной алат.
– Салам, Курал, куш келипсиң! Ырчылар элге таанылып, анан сынактарга аттанчу эле, тескерисинче, сен сынактардан атыңды чыгардың окшойт.
– Салам, ооба, мен ошол сынактардын артынан көпчүлүккө таанылдым, чыгармачылыкта такшалдым, тажрыйба топтодум. Өзүмө болгон ишеним бекемделди дегендей. Башында авторитеттин жоктугунанбы, айтор, көп эле сынактардан "кичинекей баласың" деп көчүккө тээп коюшчу. Бирок мен токтогон жокмун, бир сынакта өтпөй калсам, көк беттенип экинчисине катыша бердим.
Өжөрлүгүмдүн жардамы менен Астанадагы “Шабыт” фестивалында 1-орунду, Кыргызстанда 2010-жылы “Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалында 2-орунду алдым. Ал эми “Жаңы толкун” сынагына бир эмес, эки жолу катышып, жарым финалга өттүм. Учурда клип тарттырып, ыр жаздырып, эски ырларга жаңы өмүр берип кыргыз эстрадасына аз да болсо салымымды кошуп келатам.
– Эл аралык сынактарга көп барган катышуучу катары айтсаң, чет өлкөлүктөр кыргыз музыкасын кандай кабыл алышат?
– Башында көпчүлүгү баалашпайт. Бирок уга келгенде башкача кабыл алышат. Түркияга сынакка барганда азербайжан, түркмөн, өзбектердин музыкаларынын бири-бирине окшоштугунан эч кандай өзгөчөлүк жоктой сезилген. Мен кыргыздын кийими менен калпакты бастыра кийип “Оп майданы” ырдаганымда зал кадимкидей жандана түшкөн. Себеби биздин музыка алардыкынан айырмаланып турат.
– Кепти өткөн мезгилге буралы. Жакында эле студенттердин майрамы болуп өтпөдүбү, сенин студенттик күндөрүң кайда өткөн?
– Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөм, Актёрлук чеберчилик бөлүмүндө окугамын. Беш жыл ошол окуу жайдын жатаканасында жашап, унутулгус студенттик күндөрдү өткөрдүм. Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Нурбек Дайырбек уулу сыяктуу ырчы жигиттер менен чогуу окучубуз. Бир ирет биздин окуу жайыбыз менен Кыргыз улуттук консерваториянын студенттери КВН таймашын өткөрүп калдык. Ошондо Мирбек, Султан болуп командадагы жигиттер баарыбыз жоолук салынып, халат кийип, аспаптардын ордуна колубузга чылапчын, керебеттин темирлерин, кашык-вилкаларды алып, ар кандай үндөрдү чыгарып “Маш ботойду” черткен элек. Абдан күлкүлүү болгон. Ал интермедиябыздын артынан жеңүүчү да аталганбыз.
– Жатаканада ач калган күндөр көп болот эмеспи, кыздардын тамагын уурдап жечү белеңер?
– Жок, биз тамак бышырган газ плитанын жанында эле аңдып отурчубуз. Качан гана кыздардын тамагы даяр болуп, бөлмөсүнө алып кирип кеткенде артынан барып, "кел, кир" дебесе деле отуруп, тамагын жеп чыгып кетчүбүз (күлүп).
– Сендей “шустрый” жигит далай кыздарга сүйүү каттарын жазса керек...
– Антип кат жазып сүйүүмдү билдирген жокмун. Жактырсам, түз эле барып бетине айтчумун. Окуучу куракта кыз жагып калса, ага укулап-чукулап тийишип, шылдыңдап, бир нерсесин ала коюп, жула коюп жөн турчу эмесмин.
– Бала кезде аябай эле тентек өскөн окшойсуң...
– 3-класска чейин абдан тентек өстүм. Тракторлордун дөңгөлөктөрүн тешип-жарып, кошуналардын тоокторунун жумурткаларын уурдап, кемпирлер отурса, алдынан чыбык ат менен чаң ызгытып өтүп жүдөтүп жүрчүмүн. Эсимде, өзүмдөн улуу балдар мени таттууларды саткан эженин үйүнөн "конфет уурдап чык" деп уурулукка киргизишкен. Ошондо кармалып калып, ата-энемден токмок жегем. Атамдын тамекисин алып чыгып балдар менен чогуу чегип отурганда, таякем көрүп калып атама айтып, анда да таяк жеп, экинчи чекпес болгом. Ата-энем бизди катуу деле кармаган жок, алардын психологиялык “подходу” башкача болчу. Көбүнчө сөз менен түшүндүргөнгө аракет кылар эле.
– Эми күйөрман кыздардын бүйүрүн кызыткан суроо, качан ата-энеңди келиндүү кылайын деп жатасың?
– Ата-энем, дос-туугандардын баары ушул суроону берип жатышат. Буюрса, жакынкы эки жылда. Учурда жүрөгүм бош. Жаштык кылып 16 жашымда үйлөнүп, турмуштун оор сыноосуна кабылгандыктан, үйлөнүүгө анча шашылбайм. Уулум Санжар апасынын колунда тарбияланып жүрөт, кабарлашып турам.
– Балким, сенин келечектеги жубайың биздин окурмандардын арасында жүргөндүр, сага кандай кыздар жагат? Алдын ала билип алсын.
– Сырткы сулуулугу менен ички сулуулугу төп келген, акылман, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, колдогон кыздар жагат. Анан көзүнө чоң маани берем, бекеринен "көз – жан дүйнөнүн күзгүсү" деп айтылбаса керек. Ал эми “беспардонный”, өзүн сулуу сезген, жөнү жок күлө берген кыздардан качам.
– Той-топурда жүргөндө жолуңду тосуп сүйүүсүн билдирген, ашынган күйөрман кыздардан кантип кутуласың?
– Азыр күйөрман кыздардан да күйөрман эжелерден кутулуш кыйын болуп калды (күлүп). Кээде тамаша аралаштырып "биз сени сүйөбүз, чыгармачылыгыңды сыйлайбыз" деп комплимент айтып калышат. Мен деле тамаша айтып кутулуп кетем.
– Кеп нугун чыгармачылыгыңа бурсак, сенин аткарууңдагы "дүрүдүм-дүрүдүм" деген саптарга бай “Билип жүр” аттуу ыр быйыл "Супер-Инфонун" версиясы боюнча “Жылдын супер ремейки” жана “Жылдын супер-клиби” деген эки наамда ат салышып жатат. Бек Борбиевдин бул ырын кантип ырдап калдың?
– Бул ырды тээ кичинемден баштап эле кыңылдап ырдап жүрчүмүн. Жатаканада жашап жүргөндө да досторум кечке “Дүрү-дүмдү” ырдап берчи дей беришчү. Анда мен ыр кимдики экенин билбейт элем. Бек байке экенин билип, кийин өзүнө жолугуп, уруксатын алып, анан ырдап чыктым. Азыр мени баары "дүрү-дүм" деп чакырып калышкан. Аталган клиптин сценарийин өзүм жазгам. Башка ырларыма караганда бул ыр элге жакшы сиңди, суперликти алууга татыктуу деп ойлойм.
– Өзүңдүн актёрлук кесибиң менен иштеп көрдүңбү?
– Ооба, окууну бүткөндө бир жыл Кыргыз драма театрында иштегем. Бирок азырынча ырчылыкты жолго салып, анан актёрлук кесибимди улантайын деген максаттарым бар. Мындан сырткары Ырыс Окенованын “Талаш тагдыр” тасмасында ырчы жигиттин ролун аткаргам. Бирок бул ролума көңүлүм анча толгон эмес.
– Маегиңе чоң рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg