Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев учурда Германияда элчиликти аркалап жүрөт. Дипломат менен интернет аркылуу байланышып, бейне сүртүмдөрү жана миссиясынын күнгөй-тескейин айтып берди.
ТҮРКЧӨ ТҮШ ЖОРУГАН ЭЛЧИ
– Болот мырза, 7 кыздан кийинки жалгыз уул болгонуңуздан улам сиздин төрөлгөн күнүңүз үйдүн чоң майрамына айланса керек...
– 1965-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Үйдө 7 эжемден кийинки сегизинчисимин. 2 жашка чыкканда Фрунзе шаарына көчүп келдик. Бала чагым ата-энем, бир туугандарым менен бактылуу өттү, алардын таалим-тарбиясы менен чоңойдум.
Ар бир ата-эне үчүн жаңы төрөлгөн бала бакыт, сүйүнүч алып келет эмеспи. Анын сыңары, 7 кыздан кийин эркек уулдуу болушканын ата-энем өзгөчө эстен кеткис, жаңы үмүт жана өмүрдүн уланган күнү болгон деп айтышат.
– Мектеп курагыңыз кандай күндөрү менен эсте калган? Начар баа алып, жаза алган учурларыңыз болду беле?
– 1972-жылы математика багытындагы мектепке алып барышкан. Бирок мен адабият менен тарых сабактарын жакшы көрүп окудум. Жаман баа алган эмесмин. Жалаң "5ке" окуп, аттестатыма 3 сабактан гана "4" коюлуп калганы эсимде. Анын үстүнө эжелеримдин баары “отличницалар” эле. Алар дайыма сабактарыма көзөмөл кылып турушчу. Мугалимдер жана классташтар менен ушул күнгө чейин жыл сайын жолугуп турмай салтыбыз бар.
– Университетке тапшырууда сизге ким кеңешчи болду?
– Менин 4 эжем Москвадагы университеттерде окушкан. Аспирантураны да ошол жактан окушуп, кандидаттык иштерин да ошол жактан коргошкон. Андыктан окуучулук курагымда эле “мен да Москвага барам, Ломоносовго тапшырам” дечүмүн. Союз убагындагылар билишет, Москвадагы ал Мамлекеттик университет №1-окуу жай болчу. 1982-жылы, максат кылганымдай, тарых факультетине тапшырдым. Окууну бүтүргөн соң Орусияда калууну эңсеген эмесмин. Тескерисинче, өз мекениме кайтып келип, топтогон билимим менен бөлүшөм дедим.
– Студенттик дооруңузга көз чаптырсаңыз, кайсы окуялар мөөрдөй болуп басылып, унутулбай калган?
– Студенттик күндөр дегенде, ошол убакта тапкан досторум эске түшөт. Союздун ар бурчунан, чет мамлекеттерден келип окуган бир кездеги студенттер азыр илим адамдары, чоң кызматтарда иштеген саясатчылар болуп чыгышкан. Ошондой атактуу окуу жайда окуп калганыма сыймыктанам.
Жубайым Жаннат менен да ошол университеттен таанышканмын. Ал менден 1 курс ылдый окучу, тарых факультетинде. Окууну бүтүргөндөн кийин үйлөндүк. Кыргызстанга келип, 3 жыл мен №61-мектепте, жубайым университетте тарых сабагынан окутуучу болуп иштедик. 1990-жылы Москвадагы Мамлекеттик университеттин аспирантурасына тапшырып, 1993-жылы кандидаттык диссертация жактап келдик.
– Ишти баштоо жана карьералык өсүүңүздө Роза Исаковнанын ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктар болуптур. Башка бир туугандарыңыз да Роза эжеңиз үчүн көп нерседен баш тартышты беле?
– Роза эжем жаш кезинен университетте сабак берип баштап, ошол эле убакта КМУда эң жаш кафедра башчысы болгон. Окуу жайда, партияда иштеп жүрүп, өкмөткө карай жолун өзү таап кеткен.
1990-жылдары Роза эжем СССРдин Тышкы иштер министри болуп турганда, ашыкча сөздөн алыс болоюн деп, мен түрк эл аралык уюмунда иштеп жүрдүм. 1994-1998-жылдары ТИКА уюмунун 16 өлкөдө өкүлчүлүгү бар эле, алардын ичинен мен гана кыргыз жетекчи болчумун. Башка мамлекеттерде түрктөр жетектешчү.
Кийин Роза эжем өз каалоосу менен кызматынан кеткенде, мени Тышкы иштер министрлигине чакырып калышты. Өз мээнетим менен бул органдын ар бир тепкичин басып өттүм. Кыргызстандын Орусия жана Түркиядагы элчиликтеринде, министрликтин Батыш өлкөлөлөрү жана ЕККУ башкармалыгынын, кийин Чыгыш өлкөлөрүнүн жетекчиси болдум. 2005-жылы Март революциясынан кийин эжем кайра Тышкы иштер министри болуп келгенде, Түркиядагы элчиликке жөнөп кеттим. Башка бир туугандарыма келсек, алардын бири дагы өкмөттүн түзүмүндө иштеген жок.
– Уулдарыңыз ким болуп иштешет, алар эмне менен алек?
– Жогоруда айтканымдай, аспирантурада окуп калбадыкпы. Ошол үчүн улуу балам Эрмек чоң ата-чоң энесинин колунда өстү. Эрмек, андан кийинки уулум Эржан азыр студент, кичүүм Эмин бакчага барат.
– Кайсы өлкөнүн тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүү керек деп эсептейсиз?
– Университетке тапшыргандан тарта чет жерде жүргөн жылдарымды кошуп келсек, 22 жыл болот. Түркиянын акыркы 20 жылда байкаларлык өнүккөнүн, бутуна бекем туруп алганын айтар элем. Мунун баары алардын башкарууну, менеджментти жакшы өздөштүргөнүндө. Же Германияны алалы, 20 жылдан бери бизге жардамын үзбөй келет. Бул мамлекет жаңы заманбап технология, биотехнология тармагында дүйнөдө биринчи катарда.
– Эне баарынан улук эмеспи, алыска чыкканда апаңыз менен тез-тез кабарлашып турасызбы?
– Алыска кетсең сагынып күткөн, акыл-насаатын айтып турган апам мен үчүн аябай ыйык. Ал пенсияга чыкканга чейин 40 жыл бою республикадагы белгилүү спорттук жатак-мектепте тарбиячы, мугалим болуп иштеди. Апам бизди кээде үйгө таштап коюп, түнбү-күнбү, мектепке кетип калчу. Азыр ойлосом, Кыргызстандын төрт бурчунан келген балдарга энесиндей кам көрчү экен. Бир кездеги окуучулары азыр үйгө дейре келишип, рахматын айтып кетишет. Арасында түрдүү мекемелердин жетекчилери, министрлер, ишкерлер да бар.
– Германиядагы элчиликке кызматка барганыңыздан бери иш планында кандай өзгөрүүлөр болуп өттү? Жакынкы пландарыңыз кандай?
– Учурда экономикалык дипломатия боюнча иш алып баруудабыз. Ушул жылдын жай айларында Кыргызстанга Германиядан чоң-чоң компаниялардын өкүлдөрү барып келишти. Ал эми бул жакта жумуш үчүн виза алуу татаал, андыктан көпчүлүк кыргызстандыктар окушат. Ага карабастан, банк, оорукана жана башка компанияларда иштеген кыргыз кыз-жигиттери да жок эмес.
Пландарга келсек, декабрь айына белгиленген президент Алмазбек Атамбаевдин сапарын уюштурууга даярданып жатабыз. Бул Алмазбек мырзанын президент катары Европага биринчи сапары. Анын жүрүшүндө Германиянын президенти Йоахим Гаук, канцлер Ангела Меркель жана башкалар менен жолугушуу каралган.
Эльвира Караева
politika@super.kg