Жанры – Драма, фэнтези, сүйүү баяны
Режиссёру – Билл Кондон
Продюсери – Вик Годфри, Стефани Майер, Карен Розенфельт
Сценарийдин автору – Мелисса Розенберг (Стефани Майердин романынын негизинде)
Башкы ролдордо – Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт, Тэйлор Лотнер
Композитору – Картер Бёруэлл
Тасманын узактыгы – 1 саат 52 мүнөт
Бюджети – 131 миллион доллар
Өлкөсү – АКШ
Бет ачары – 14-ноябрь, 2012-жыл
ЭДВАРД МЕНЕН БЕЛЛАНЫН СҮЙҮҮ БАЯНЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Зарыгып күткөн “Күүгүм” тасмасынын күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга. Жыл бою күткөн күн да келип, аталган бестселлердин акыркы бөлүгү жарыкка чыкты. Ушуну менен вампирлердин сүйүү баяны соңуна келди. Алар бактылуу. Айрымдар жомоктун бүткөнүнө кубанышса, кээ биринин ичи ачышып жатканы белгилүү. Башталган иштин аягы болот эмеспи, андыктан кабатырланбай, демибизди ичибизге катып, “Күүгүмдүн” автору Стефани Майерге чыгармачылык эргүү келсин деп туралы. Айрым маалыматтарга таянсак, Эдвард менен Белланын кызы Ренесми жана кубулма карышкыр Жейкобдун махабаты жөнүндө эки китеп жазылары айтылууда. Демек, окуянын уландысын күтөбүз.
Эдвард: «КАНДАЙ СОНУН, ЭМИ БИЗДИН ДЕНЕ ТАБЫБЫЗ БИР!»
Ошентип, вампирге айланган Белланы Эдвард алардын жашоосуна көндүрүп, күчүн чеги менен пайдаланып, напсисин көзөмөлдөөгө үйрөтөт. Жаңы гана вампирлердин катарына кошулган Белла токойдогу жырткыч айбандар менен тамактанат. Сырттан караганда түбөлүктүү жашоону тандаган Белла сүйүктүүсү Эдвард жана кызы Ренесми менен бактылуу эле. Эдвард да Беллага “кандай сонун, эми биздин дене табыбыз бир!” деп өзүн ааламдагы эң бактылуу вампир сезген күндөрү, тилекке каршы, көпкө узабайт. Анткени экөөнүн кызы Ренесми тууралуу кабар Вольтуриге (Италияда жашаган байыркы вампирлердин уруусу, ал урууда жалаң күчтүү вампирлер чогулган. Вампирлер арасында мыйзамды сактоочу кызматты аткарат) жетет. Вампирлердин мыйзамы боюнча, аларга наристелүү болууга тыюу салынган эле. Себеби наристе вампирлер абдан кооптуу, өздөрүнүн жасаган кыймыл-аракетине жооп беришпейт, кан соргучтардын сырын сактай алышпайт. Бирок Ренесми апасы Белла вампир эмес, кадимки адам кезинде төрөлгөндүктөн, толук вампир болуп эсептелбейт болчу.
Вольтури армиясын чогултуп, Эдварддын үй-бүлөсү Каллендерди жок кылганы келет. Алардын үй-бүлөсү да жөн отурбай, дүйнөнүн туш тарабынан касиеттүү күчтөргө ээ кан соргучтарды чогултуп, кол топтой башташат. Согушканы эмес, Вольтури акимдерин Ренесминин вампир эмес экендигине ынандырганы. Эки жээкте бет маңдай турган Вольтурилер менен Каллендер аёосуз согушууга даяр эле. Бирок белгисиз себептерден улам качып кеткен Эдварддын эжеси Элис (келечекти алдын ала көрүүчүлүк жөндөмү бар) Вольтурилердин башчысына келип, согуш анын өлүмү менен аяктаарын көрсөтөт.
Фильмдин кульминациясы – дал ушул Элистин келечекти көрүүсүндө. Көрсө, Вольтурилер менен Каллендердин согушу Элистин эле көрүүсү, эскертүүсү экен. Ушул эпизоддо көрөрманды ар кайсы ойго жетелеген режиссёрдун тапкычтыгына бали дейсиң. Тасма соңунда Вольтурилер Ренесминин вампир эместигине ынанышып, өз жолуна түшүшөт. Ал эми саат сайын чоңойгон Ренесми акыры Жейкоб менен каларын Элис алдын ала көрөт.
БАШКЫ КААРМАНДАР ТАСМА ТУУРАЛУУ ОЙ БӨЛҮШӨТ
Баары үчүн түбөлүктүүдөй сезилген “Күүгүмдүн” бүтүшү көрөрмандарды гана эмес, актёрлорду да жашытты. Өз сөзүндө Кристен Стюарт: “Фильмди тарткан чыгармачыл топту аябай сагынам. Жашоомдун эң бир таттуу көз ирмемдери ушул топ менен өттү. Мен үчүн бул чоң сабак жана тажрыйба”,- деген оюн айткан.
Фильмдин баш каармандары Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарттын сүйүү мамилеси тасма талаасында башталган. “Күүгүмдүн” акыркы бөлүмүн жайылтуу турнесинде актёрго журналисттер сүйүктүүсү Кристендин чыккынчылыгын кантип кечиргендигин сурап, жооп алганга далалат кылышкан. Бирок актёр интервьюларда фильмдин тегерегинде гана жооп берерин айтып, жеке суроолордон баш тартып келет. Кошумчалай кетсек, мындан аз убакыт мурун Кристен үй-бүлөлүү режиссёр Руперт Сандерс менен кетип, Роберттин көзүнө чөп салгандыгын жар салып, жакын адамдарынын көңүлүн кирдеткени үчүн кечирим сураган болчу. Айрым басылмалар “Күүгүмдүн” аякташы менен Роб менен Кристендин мамилелери өз марасына жетти дешүүдө.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
kino@super.kg