ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-НОЯБРДАН 2-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын баштапкы күндөрү ишиңиз жүрүшпөй, каржылык чыгым тартуу менен башталат. Ден соолугуңуз да кескин начарлап кетүүсү мүмкүн. Бейшембиден тарта иштериңиз өз нугуна түшө баштайт. Жума күнү бир нерсеге чыгынсаңыз, көпчүлүктүн агымынан алдыга озунбай, элдин ортосунда болуңуз. Апта соңунда сүйүү сезимдерине кабылууңуз күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада социалдык жана каржылык абалыңыздын жакшыруусу күтүлүүдө. Качандыр бир кезде башкаларга көрсөткөн жардамыңыз үчүн сыйга арзыйсыз. Абайлаңыз, көрө албастык кылып, бут тоскондор да чыгат. Бейшембиде капчыгыңызды жукартууга мажбур болосуз. Жекшембиде талыкпай аракет кылсаңыз, көздөгөн максатыңыз ишке ашат.

ЭГИЗДЕР(21.05-21.06)
Аптада документ иштеринде тактык керек. Айрымдар чыгымга да дуушар болуп калышы мүмкүн. Апта ортосунда орун алган окуянын каарманы болуп, кадыр-баркыңыз өсөт. Эгер таарынышып кеткен адамыңыз болсо, жеке мамилени чыңдоого болгон аракетиңиз ордунан чыкпайт. Жекшембиде үй-бүлөдө чырдын чыгышына себепчи болуунун алдын алыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада шашылыш кадамдарга баруунун арты акчалай чыгымдар менен коштолуп калышы мүмкүн. Чоң иштерди колдон келсе кийинкиге жылдырган оң. Ошондой эле башканын ишине аралашуудан алыс болуңуз. Бейшембиде конокко чакыруу алышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөр адаттагыдай өз нугунда өтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Иш күнүнүн башталышында ишиңиздин алдыга жылышына көмөк болгон маалыматтан кабардар болосуз. Пландарыңызды ишке ашырууга жардамы тийчү адамдардын тилин табууга аракет кылсаңыз, жыйынтыгы жемиштүү болот. Акча жаатында тактык жана сактык зарыл. Жоготуп же алданып калышыңыз мүмкүн. Апта аягында сабырдуу болсоңуз, чырдын алдын аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын алгачкы күнү жаңы адамдар менен таанышуудан башталат. Апта ичинде белгиленген иштердин жыйынтыгы көңүлдөгүдөй бүтөт. Шаршембиде уккан сөздү уккан жерде калтырбай, башкаларга жаюунун аягы таарынышууга алып келет. Жума күнү иштин көптүгү чарчатканы менен, кечинде эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Жекшембиде керектүү буюмду издеп базарга баш багасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында өз алдыңызча чечим чыгарып иш кылуу катачылыкка алып келет, андыктан иш билги адамдан кеңеш сураганыңыз оң. Шаршембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт, пайдалана билиңиз. Жума күнү кандай чөйрөдө болсоңуз да, сабырдуу болуңуз. Апта соңунда чыгармачыл адамдарды чоң ийгиликтер күтөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада жеке мамилелештер менен тил табышуу кыйынчылыктарды жаратып, түшүнбөстүктөр көп болот. Эски чыр кайрадан жанданып, маселе жаратат. Бирок эмоцияга алдырбай, айрым иштерде кулак жаап коюу чырдын ырбашынан сактайт. Дем алыш күнүңүз күтүлбөгөн жагымдуу окуя менен аяктайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көңүл ачууга түшкөн сунуштардан, таанышуулардан баш тартып, андан маанилүүрөөк иштериңизди бүтүрүүгө аракет кылууңуз керек. Болбосо көп нерседен куру каласыз. Апта ичинде өз ишиңизге тоскоолдук жаратпайын десеңиз, башкалардын тапшырмаларын аткарууга убада бербеңиз. Аптанын экинчи жарымында жакындарыңыз сизге муктаж болушат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жагымсыз окуя орун алышы күтүлүүдө. Сизди катышпаган ишке эле аралашкан деп жалаа жапкандар чыгышы мүмкүн. Бирок эмоцияга алдырып, катуу кеткенден сак болуңуз. Аптанын экинчи жарымында ак экениңиз өзү эле билинип калат. Жума күнү капчыгыңыз кампаят. Дем алыш күндөрү эс алууга эң ыңгайлуу жай бул – үйүңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдыдагы жашооңуздун багыты жакшы жагына өзгөрүүсү ушул аптада күтүлүүдө. Айланаңызда болуп жаткан көрүнүштөргө маани берсеңиз, тагдыр тартуулаган белекке ээ болосуз. Бейшембиде күтүлбөгөн олжого тунуп, кубанасыз. Жума күнү алыстан кубанычтуу кабар угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада бүтүрүүгө зарыл болгон иштер көп болуп, жалгыз жетишпейсиз. Мындайда жакындардын жардамынан пайдаланууга туура келет. Бейшембиде алыс сапарга аттанышыңыз мүмкүн. Сапардан ийгилик менен кайтасыз. Аптанын соңку күндөрү маанилүү жолугушууларга бай болмокчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан