БИШКЕКТЕ АТ ОЮНДАРЫ ӨТТҮ

Кеч күз. Аба ырайы бузулуп турган маал. Ага карабай 17-ноябрда Бишкектеги “Аккула” ат майданы кезектеги ат оюндарын кабыл алды. Күндүн көзү көрүнүп турганы менен, ат майданды мурунку күнү жааган жаан эзип, ылай эле. Ушундай сүрөттөлүштөгү майданда көк бөрү жана ат жарыштын төрт түрү боюнча татыктуулар өз энчилерин алышты.
Адатта, удаасы менен көптөгөн беттештерди көрүп жүргөн көк бөрү сүйүүчүлөрү бул жолу бир гана беттештен жетишерлик деңгээлде ырахат алышты окшойт. “Талас” менен “Кожомкул” командаларынын ортосунда болгон айыгышкан беттеште баш-шыйрагы кесилген байкуш улак уйпаланып, 45 мүнөт ичинде туура 17 ирет тай казандан орун алды.
Оюндун демилгеси жана жеңиш кубанычы үчүн 2 команданын күрөшү бирдей жүрүп, акыры жеңиш 9:8 эсебинде “Кожомкулга” тийди. Сокулуктуктар кубок менен катар акчалай сыйлыкка да ээ болушту.

БАБАНОВДУН АРГЫМАГЫ КАЙРАДАН БИРИНЧИ...
Бул күнү республиканын түрдүү аймактарынан жана Казакстандан ат оюндары боюнча байгеге түшүү үчүн 60ка чукул аргымак чогулду. Күндүн каармандары да, эң көп сөз болгондор да алдыңкы 2 орунду бербеген экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун аргымактары болду окшойт. Өмүрбек мырзаны премьерлик ээрден шыпырып түшкөн Айландер Уан аргымагы акыркы жарыштарда алдыңкы орундарды бербей келет.
Ат жарыштардын 4 түрү боюнча (кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, аламан байге жана тай чабыш) жеңүүчүлөрдүн тизмесин төмөндөн көрө аласыздар.

КЫСКА АРАЛЫККА АТ ЧАБЫШ (2400 МЕТР АРАЛЫК)

1-орун – Айландер Уан
Жери – Бишкек шаары
Жашы – 2 асый
Кожоюну – Ө.Бабанов

2-орун – Родион
Жери – Бишкек
Жашы – Бышты
Кожоюну – Ө.Бабанов

3-орун – Ароша
Жери – Бишкек
Жашы – Бышты
Кожоюну – У.Батыркулов

ЖОРГО САЛЫШ (8800 МЕТР)
1-орун – Реванш
Жери – Сокулук району
Жашы – 3 асый
Кожоюну – Б.Кубанычбеков

2-орун – Олбур
Жери – Тоң району
Жашы – 4 асый
Кожоюну – “Элдияр” жылкы заводу

3-орун – Кипр
Жери – Ак-Суу району
Жашы – Бышты
Кожоюну – “Айкашка” жылкы заводу

АЛАМАН БАЙГЕ (20 000 МЕТР)
1-орун – Розара
Жери – ГЭС-5
Жашы – Бышты
Кожоюну – Нурдин аттуу мырза

2-орун – Кензор
Жери Казакстан
Жашы – 1 асый
Кожоюну – Н.Дыва

3-орун – Гулистан
Жери – Аламүдүн району
Жашы – Бышты
Кожоюну – С.Ибраимов

ТАЙ ЧАБЫШ (4400 МЕТР)
1-орун – Гүлкайыр
Жери – Аламүдүн району
Жашы – 1,5 жаш
Кожоюну – “Ветка” спорт клубу

2-орун – Актаноо
Жери Казакстан
Жашы – 1,5 жаш
Кожоюну – Т.Абдылдаев

3-орун – Аламан
Жери – Жумгал району
Жашы – 1,5 жаш
Кожоюну – Э.Тезекбаев

Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан